СҮЙҮҮНҮ КЕСИП КЫЛГАН КАЗАНОВА

Тарых барактарынан

Котормочу, химик, математик, тарыхчы, финансист, юрист, дипломат, музыкант, карта кумарчысы, жашыруун агент, алхимик, жазуучу, легендарлуу катынпоз... Учурунда мына ушулардын баарын өздөштүрүп, өзүнө сиңирген адам болгон. Ал, албетте, аты тарыхта калган Жованни Жакомо Казанова.

АНКЕТАСЫ
Туулган жери жана жылы
– Италиянын Венециясы, 1725-жыл, 2-апрель.
Үй-бүлөсү – Үйлөнгөн эмес.
Кыдырган өлкөлөрү – Франция, Чехия, Германия, Швейцария, Англия, Орусия, Австрия, Испания, Түркия ж.б.
Жолугуп, баарлашкан тарыхый инсандары – Вольтер, Руссо, Вивальди, Суворов, Екатерина II, Фридрих II, Людовик ХV ж.б.
Чыгармалары – “Иксамерин” (фантастикалык 5 томдуу роман), “Менин жашоомдун тарыхы” (12 томдон турган мемуар), “Менин качуумдун тарыхы”.
1798-жылы 4-июнда Чехияда каза болгон.

ЖЕТИМ БАЛАДАН ДИН КЫЗМАТКЕРИНЕ АЙЛАНУУ
Жакомонун апасы Занетти Казанова актриса болгон. Ал эми атасынын ким экендиги боюнча толук маалымат жок. Баласы төрөлгөндөн көп өтпөй Занетти иштеген топ Орусиялык ханыша тарабынан чакырылат. Апасы Орусиянын сахнасын багынтып жүргөн учурда ымыркайды алыскы тууганы асырап алат. Ошондон көп узабай апасы каза болот. Тууганы Жакомону билимдүү дин кызматкери кылып чыгарууну чечет. Жакомо университетти бүтүп, диний семинариядан билим алууну улантат.
Сымбаттуу, кыз жандуу аббат (чиркөө кызматкери) кыздардын башын айлантууга жетише баштайт. Акыры бир күнү епископ аны сейил бакта бир аял менен кучакташып турганын көрүп калып, иштен кууп жиберет. Кабагым-кашым дебеген Жакомо Римге жөнөп, кызыл тилдүүлүгүнүн арты менен ал жактан өзүн колдой турган адамды таап, Рим Папасына кезигет. Бирок дин кызматкери болуусу бул жолу да көпкө созулбай, ал рясасын (аббаттын кийими) мундирге алмаштырат.

КАРА КӨЗДӨРГӨ АҢЧЫЛЫК
Аскерий тартип өзү үчүн эмес экенине көзү жеткен Жакомо иш издеп Корфу, Константинополго чейин барат. Венецияга кайтып келип, кумар оюндарына аралашат. Бирде утуп, бирде утулуп жүрүп, театрга музыкант болуп орношот. Скрипкада ойноп, белгилүү Вивальдини шыктандырып, анын жаңы чыгарма жаратуусуна себепчи болот. Мына ушул убактан тартып Жакомонун катынпоздук жолу башталат. Ал кыз-келиндерди мактап, белек менен көңүлүн алып, чечендигине салып тийишип, айтор, оюндагысына жетмейинче жаны тынчыбайт. Сулуу көздөр үчүн шаардан шаарга өтүп, керек болсо оюндагы аялга жетүү үчүн конок үйлөрүндө кызматчы же тамактануучу жайларда тейлөөчү болуп да иштеп жиберет.
Ал эң белгилүү куртизанкалар, ак сөөк жана күңдөр, айтор, түркүн аялзаты менен мамиле курат. Сүйүү Казанова үчүн турмуштук талап гана болбостон, кесип да болгон. Көбүнчө арык аялдарды жакшы көргөндүктөн, аларга кечелерде өзүн кантип алып жүрүүнү, бай эркек менен кантип мамиле түзүп, каалаган нерсени кантип өндүрүп алууну жана башкаларды үйрөткөн. Албетте, колунда бар аялдар мындай окуу үчүн көп акча төлөшкөн.
Жакомонун жүрүш-турушу жана катынпоздугу ал аралаган шаарларга, атүгүл улуттарга тарап, жергиликтүү бийлик аны моралдык жаман жүрүш-турушу үчүн куугунтукка алган учурлар кездеше баштайт. Анткени, биринчиден, ал кезде инквизиция өкүм сүрүп турган. Экинчиден, Жакомо бийлик башчыларынын, мен-мен деген ак сөөктөрдүн аялдарын да капканга түшүргөнгө жетишчү. Анын сексуалдуу кучагында болуу үчүн байлыгы менен бөлүшүүнү каалагандар четтен чыкчу. Жакомонун көз карашы менен жентльмендик мүнөзүнө кантип арбалып калганын аялдар өздөрү сезбей калчу делет.

УЛУУ КУМАРЧЫ ТҮРМӨДӨ
Бир ирет Венецияда тепкичтен сенатор Брагодиндин түшүрүп койгон катын көрүп калып, ага кайтарып берет. Жолдо чогуу баратышканда Брагодин өзүн жаман сезип, Жакомо аны үйүнө жеткирет. Сенатор аны өз үйүнө жашатып алат. Аялпоз каарманыбыз эми сыйкыр менен алектенүүгө өтөт. Анын курмандыктары сенаторго арызданып келишсе да, сенатор баарына көз жумуп коёт. Казанова байый баштап, гүлдөө доорун сүрүп, түркүн жоруктарга барат. Акыры иши сотко өткөндө Венециядан качып кетет.
Миланда, Болоньеде кумар оюндарын ойноп, чыр-чатактын үстүндө жүрөт. Парижге барып, анда бир аз жүргөн соң Венецияга кайтып келет. Ушул жерден аны кармап кетишет да, калпычылыгы жана сыйкырчылыгы үчүн түрмөгө камашат. Андан 1 жыл 3 айдан кийин качып чыгып, Парижге келет. Түрмөдөгү күндөрү тууралуу “Менин качуумдун тарыхы” деген китеп жазат. Эми ал министрдин ишенимине кирип, анын тапшырмасын ойдогудай аткарып берет. Өзүн бизнестен жана соодадан сынап көрөт, бирок кыялы ойрон болот. Ал кайрадан жер кыдырууга өтөт. Германияда, Швейцарияда болуп, Вольтер, Руссо менен жолугат. Флоренцияда Суворов менен баарлашат. Тагдыр бороону аны Флоренциядан куулуп, кайрадан Францияга кетүүгө аргасыз кылат.
Парижде бир ак сөөк айымга “сени кайра ымыркайга айлантам” деп андан чоң суммадагы акча алып, калпы билингенде Лондонго качып кетет. Бул шаардан аны Шарпийон деген айым тоноп, ал эми анын күйөөсү аз жерден катынпозду өлтүрүп коё жаздайт.

АЯЛ ҮЧҮН ДУЭЛГЕ!
Орусиянын чиновниктери менен кат аркылуу байланыш түзүп, алардын чакыруусу менен Санкт-Петербургга барат. Чиновниктер менен тил табышууга жетишкен Казанова император айымдын жеке катчысы же улуу княздын тарбиялоочусу болууну эңсейт. Император айымдын кабыл алуусунда 3 ирет болуп, бир нече ишкер сунуштарын айтат. Ал сунуштары кабыл алынбагандыктан, көп акча табуу тилеги таш каап, Варшавага келет. Ал жерден граф Браницкий менен дуэлге чыгат. Себепкери бийчи айым болот. Эки ок графтын кабыргаларын аралап кетет. Граф: “Сиз мени өлтүрдүңүз, эми качыңыз. Акчаңыз жок болсо, менин капчыгымды алыңыз!”- дейт. Бирок Жакомо анын акчасын албай чыгып кетет да, кийин графтын тирүү калганын угат. Дрезденге качкан Жакомо эми Венага барат, бирок өлкөдөн полиция аркылуу куулуп чыгарылат. Испанияга барып, баягы эле карта кумарчылыкты жана аялдар менен көңүл ачууну эрмектейт. Ошентип жүрүп түрмөгө түшөт. Түрмөдөн чыгып, Европаны кыдырып жөнөйт.

ӨМҮРҮНҮН КҮЗҮ
Эми ал Парижде Мамлекеттик лотереяны уюштуруучулардын бири болуп чыга келип, падышанын расмий өкүлү болуп жарыяланат. Лотерея билеттерин сатуудан таза киреше 600 миң франкты түзөт. Мунун артынан Жакомо да байып алат.
Өмүрүнүн күзүндө Чехияны турактап, граф Вальдштейндин чеп-сарайында китепканачы болуп ишке орношот. Жашоосунун акыркы күндөрүн ошол жерде өткөрөт. Учурда ал жердеги креслодо “Бул орундукта 1798-жылы 4-июнда Казанова каза тапкан” деген табличка турат. Айрым маалыматтар боюнча, анын өлүмүнүн себепкери табарсыктын инфекциясы жана венерикалык оору болгон.

СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ, МҮНӨЗҮ...
Узун бойлуу, өзүн түптүз алып жүргөн Казанованын жылтырап турган көздөрүнөн боорукерлик менен шайырдыктан мурда каар менен таш боордукту күтүүгө болот эле. Сезимтал, кемчилигин айткан адамды жаман көргөн, аз күлгөн, зыкым адам болгон.

70 ӨНӨРДҮН ЭЭСИ

  • Пруссиянын падышасы Фридрих II менен инженер-гидравлик, аскерий кызматчы, салык боюнча акылман катары баарлашкан.
  • Латвияда кендин кожоюндарына кен казуу жаатында акыл-кеңештерди айткан.
  • Польшалык вельможа Браницкий менен тапанчадан атууда мелдешип, аны жеңген.
  • Швейцариялык биологго бул илим жаатында түркүн кеңештерди айтып, аны таң калтырган.
  • Казанованын башкы куралы сөз болгон.

АЯЛ ЖАНДУУЛУГУ, СҮЙҮҮСҮ ЖААТЫНДА...
Мемуарында Жакомо өмүрүндө бир нече жүздөгөн аял менен ойнош болгонун белгилеген. Казанованын өмүрүн изилдеген адам «Казанованын ойношторунун саны 132 гана болгон» деп маалымдайт. 20 жашында сүйгөн кызы өпкө оорусунан каза болгондон кийин ал «башкага үйлөнбөйм» деп өзүнө сөз берип, бойдок жашап өткөн. Кийин 40 жашында чоң сүйүүгө кабылган. Бир ирет сүйүктүүсүнүн өлүм алдында экендигин угуп, аз жерден өзүн атып сала жаздаган. Ошол күнү кечкисин укканы калп экендигин билип, жиндеп кетейин деген.

СЕКСУАЛДЫК СЫРЛАРЫНАН

  • Жүзүм десертин колдонгон. Эгер жаңы үзүлгөн жүзүм болбосо, мейизди пайдаланган. Ага кант жана каймак кошуп, үстүнө майдаланган жаңгакты сээп жеген.
  • Эртең менен жумуртканын сарысы кошулган коньяк иччү.
  • Анчоус (балык түрү) менен сууга бышырылган жумуртка да менюсунда болгон.
  • Шампан менен алчадан жасалган ликёр, каймак кошулган паштеттер да төшөккө каалоону күчөтөт деп билген.
  • Дүүлүгүүнү күчөтүүчү касиетке ээ деп суюк шоколадды карапа идишке сактап (таасири жакшы болсун үчүн) ичкен.

ӨМҮР ЖОЛУНА СҮРТҮМДӨР
Казанова тагдырын утурлаган адам болгон. Кедейден байга, барчылыктан кайра жокчулукка, түрмөдөн эркиндикке... Падышанын сарайынан сойкуканага... Бир эле учурда падышалардын, императордун, Рим Папасынын, куртизанкалардын, улуу калпычылардын досу жана касы болууга да жетишкен.

Венера Камалова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
swan
2010-12-03 21:15:52
Bul adam jonundo kop maalimatim jok bol4u ras bilip aldim
0
Syrgak
2010-12-05 13:50:09
Бунунар Белоруссияга барбаптырбы? чисто Бакиевко кидала жагынан! а билим жагынан ошол убакыттын мыкты адамы болсо керек.
0
sulusha
2010-12-06 01:47:49
sps za info!
0
Davlet1994
2013-10-15 16:59:41
Ото кучтуу адам болгон экен
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан