Бүгүнкү коногубуз айтылуу акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым Зайырбек уулу болду. Назым учурда Дубайда ири компаниялардын биринде иштейт. Акындан калган туяк бүгүн атасы жөнүндө эскерип “силерге айтып берип жатып атам менен чогуу өткөргөн күндөрдү сагынып кеттим” деп муңая да түштү. Анда маекке орун берели.
– Салам, Назым! Өзүңдү кыскача тааныштыра кетсең?
– Мен 1997-жылы 17-августта Аксы районунда жарыкка келгем. Бирок турмуш-шартка байланыштуу ата-энем Бишкекке көчүп келип, балалыгым борбордо өттү. Бишкек шаарында №87 орто мектепти бүтүрдүм, андаң соң кесиптик лицейде окудум. Кыргыз-орус билим берүү академиясынын юридикалык бөлүмүн бүтүргөм. Кийинчерээк Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетине тапшырып, жакшы эле окуп келе жатып кыялдарым такыр өзгөрүп кетти. Ара жолдо аскердик милдетимди өтөгөнү кетип калдым. Аскерден келип Жазаларды аткаруу кызматында иштедим. Атам “эркек кишинин туруктуу жумушу болушу керек” дечү. Ошол үчүн туруктуу жерде иштейин деп айлыгы аз болсо да Жаза аткаруу кызматында 2 жылдай иштептирмин. Мен иштеп жүргөндө үй-бүлөбүздү чоң кайгы тооруду, күтүүсүздөн атам каза болуп калды.
– Зайырбек агай үйдө кандай ата эле, кандай адам катары эсиңерде калды?
– Атамдын жашоодогу аталык ордун айтып берүү мен үчүн абдан оор. Ал биз үчүн түгөнгүс дастан. Абдан эмгекчил, ар бир ишти майын чыгара кылчу. Бизди сөз менен эмес, көз менен тарбиялады. "Оюңарды эркин айтып үйрөнгүлө" деп ар бирибиздин оюбузду укчу. Кечинде кечки тамактан кийин баарыбыз бапырап дебат кылчубуз, кадимкидей бир маселенин оң тарабын, терс тарабын талкуулап атам менен талашып-тартышар элек. Менден кичүү иним Мелис атам менен көп тартышчу. Кечки саат 8де отурсак, түнкү саат 12 болгонун билбей калчубуз. Көзү барда атанын кадыры билинбейт экен, жөн эле үйдө жүргөн бир кишидей көрүнөт, көзү өткөндө караанына зар болуп калат экенсиң.
Атам бала кыял эле, тоого эс алганы барсак да биз менен топ ойноп кетчү, күрөшчү. Кээде иним экөөбүз “ата, басыңызчы, жүрүңүзчү” деп кыйнап эле лыжа тепкенге алып кетип калчубуз. Атам бизге туура жүрүм-туруму менен мыкты үлгү болду. Мен үйлөнсөм бала тарбиялоодо атамдын ыкмасын колдоном.
– Үйдүн улуусу экенсиң, атаңдын ордун басып, бир туугандарың үчүн жоопкерчилик алып чоң милдетти аркалап жатыптырсың да?
– Туура айтасыз, атамдын көзү өткөндөн кийин моюнума чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Дүйнөгө болгон көз карашым, жашоо багытым, жадакалса иштеген жумушума болгон мамилем түп тамырынан өзгөрдү. Өлүм алдында баары алсыз экен, бул дүйнөгө бир жолу келсек ошол өмүрдү каалагандай жашап өтүшүбүз керек экенине ынандым. Менин жумушумда иштеген улуу ага-эжелер “бул жакта эмне кылып жүрөсүң, жашсың го, өсүп-өнүк, мына биз бүт өмүрүбүздү арнадык, жыргап кеткен жокпуз, жашооң буйрук аткаруу менен гана өтөт” деп калышчу. Аны атама айтсам “анда чет өлкөгө кетесиңби, Дубайга барып көрбөйсүңбү?” деген эле. Атам каза болгондон кийин анын жашоосу бир сыйра көз алдымдан өттү. Кичинесинен жетимдиктин азабын тартты, андан соң 17 жашында үйлөнүп алып балдарын багам деп түйшүк тартты, үй салып бүтүрүп мына эми балдардын сыйын көрөбүз дегенде көз жумуп кете берди. Атамдын жашоосу жөн эле өтүп кеткенине, биздин жакшылыгыбызды көрбөй кеткенине арман кылам. Ал каза болгондон 2 айдан кийин Дубайга кетүүнүн жолдору чыгып, тааныштар аркылуу келе бердим. Дубайда иштеп жүргөнүмө 2 жыл болду. Алгач өзүмдүн бизнесимди баштайм деп аракет кылдым. Бирок бул жакта чет өлкөлүк жарандарга шарттар бир топ татаал экен. Туруктуу жумушта эле иштейин деп мейманканаларды тейлеген компанияга жумушка кирдим. Чет өлкөгө үй-бүлөмдү каржылык жактан көз карандысыз кылып багып, апама, ини-карындаштарыма колдоо көрсөтүү максатында келдим.
– Бир туугандар арасында ата жолун жолдочулар барбы?
– Чынын айтсам, эч кимибизде атамдын өнөрү жок. Акындыкты үйрөнө албайсың да, ал тубаса талант. Бирок биз күндө таң атпай туруп алып жубайына ыр окуп берген акындын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан сүрөт тартууга, ыр окууга шыгыбыз бар. Кээде атамдын ырларын көркөм окуп социалдык тармактагы баракчама киргизип койсом “үнүң атаңдын үнүнө абдан окшош экен” деп жазып калышат. Атам күндө таңкы 5-6ларда туруп апама үнүн бийик чыгарып ыр окуп берчү, уйкум келип көзүмдү ача албай жатканда да атамдын ыр окуган добушунан “аа, атамдын адаты башталыптыр” деп койчумун.
– Чындап эле үнүң Зайырбек агайдын үнүнө абдан окшош экен...
– Ооба, көбү айтышат, кээде өзүмдүн үнүмдү угуп атамдын мага сүйлөп жатканын элестетип жүрөгүм зырп дей түшөт. Кичинебизде иним экөөбүз Голливуддун кинолорундагы актёрлордой болгубуз келип алардын кыймыл-аракетин, сүйлөгөнүн аябай туурачубуз. Кечке үнүбүздү машыктыра бергенден кадимкидей окшошуп калат элек. Бирок чоңойгондо Голливуд актёрлорунукуна окшошпой эле, үнүм атамдыкына окшош экенин түшүндүм.
– Атам бизди эркин чоңойтту деп калдың, демек, катуу кармап какыс-кукус кылбаптыр да?
– Эркин болгула деп такыр эле оюбуздагыны кылдыртып салган жок. Эркиндиктин чегин билчү атам. Ой-пикир айтууда көбүрөөк эркиндик берчү. Бир жолу 3-классымда мектептен шоктук кылганымды угуп калыптыр. Үйгө келсем атамдын кабагы бүркөө, жини келип калганын сездим. Толтура тизме тапшырма жазылган баракты колума карматты. Ал баракта саат канчада турушум керек, сабактан канчада келишим керек, канчада сүрөт тартып, канчада тамак жеп, канчада сабак аткарышым керек экени аскерлердикиндей тартип менен жазылыптыр. Бир ай бою ошол тартип менен жашагам. Атамдын эң чоң жазасы ошол болчу.
– Атаңды бир сыйра эскерип бердиң. Кел, алдыга койгон пландар, максаттар тууралуу кеп кылабыз?
– Атам өзү аскерге барган эмес экен, ошол орундалбаган кыялын менден күтүп аскерге барышымды каалаган тура. Азыр мен атам каалаган үчүн эле аскер адамы болуп, күч структурасында иштегим келген окшойт деп ойлойм. Менин алдыдагы эң чоң кыялым – Зайырбек Ажыматов атындагы музей ачуу, анан да атамдын атынан поэтикалык бренд ачкым келет. Айтор, атага тең уул болгонго болгон аракетимди жумшайм. Анын эмгектери, ысымы эл арасында сыймык менен айтылышын каалайм.
– Тилегиң орундалсын, маегиңе чоң рахмат!
Лунара Бекиева