МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЛӨӨ – КӨЗ ЖООСУН АЛГАН СПОРТ ТҮРҮ

Муз үстүндө бийлөө – ары кызыктуу, ары көркөм спорт түрү. Спортчулар музыканын ыргагы менен шамалдай зуулдап муз үстүндө көнүгүүлөрдү жасаганда, не бир сонун өнөр экенине ынанасың. Бул жолу биз коньки менен муз үстүндө бийлөө спорту жөнүндө кызыктуу маалымат чогулттук.

ГЁТЕ МЕНЕН ТОЛСТОЙДУ СУКТАНДЫРГАН СПОРТ ТҮРҮ

Муз үстүндө бийлөө – Кышкы Олимпиада оюндарынын катарына 1908-жылы киргизилген. Анда спортчулар музыканын коштоосунда муз үстүндө коньки менен түрдүү көнүгүүлөрдү жасап таймашышат. Мелдештерде медалдар 5 комплектте ойнотулат: эркектер жана аялдар арасында жекеликте, эркек менен аял жуптукта, муз үстүндө спорттук бий жана командалык таймаштар. Муз үстүндө бийлөөнүн расмий түрдө мекени деп Голландия жана Англия эсептелет. Эгерде Голландияда бул оюн жаралса, эрежелери Англияда калыптанган. Тарыхый маалыматтарга таянсак, Франциянын ханышасы Мария Антуанетта муз үстүндө мыкты бийлей алган. Немис эл акыны Вольфганг Гёте да муз үстүндөгү бийлөөгө кызыккан. Атактуу англиялык жазуучу Вальтер Скотт болсо муз үстүндө бийлөө боюнча түрдүү таймаштарды уюштургандыгы маалым. Аталган спорт түрүн сүйгөн атактуулардын арасында орус эл жазуучусу Лев Толстой да болгон. Ал муз аянтчасында көргөндөрүн “Анна Каренина” романында чагылдырган.

ЖОГОЛУП БАРАТКАН СПОРТ ТҮРҮНӨ КИРЕБИ?

Көз жоосун алган аталган спорт оюну Канадада, АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Японияда жана Орусияда кеңири тараганы менен, көпчүлүк эксперттер аталган спорт түрүн “өлүп бараткан” спорт түрүнө кошууда. Буга себеп, аталган спортто эрежелердин өзгөрүшү, орусиялыктардын Туриндеги Олимпиададагы триумфунан кийин муз үстүндө бийлөө бизнесинин баары Түндүк Америкадан Орусияга “көчүп кетти” дешет. Ошондой эле эки жолку Олимпиада чемпиону Евгений Плющенконун муз үстүндө бийлөө спорту тууралуу: “Эл аралык коньки тебүү уюму маркетинг ишин абдан начар аткарып жатат, эч ким муз үстүндө бийлөө менен акча табууга аракет кылбайт. Теннис, хоккей, футбол сыяктуу көп акча таба албайсың. Фигуристтер жогорку айлыкка татыктуу. Учурда Орусия менен Япониянын күчү менен гана аталган спорт кармалып турат. Болбосо жоголуп кетүү коркунучу көп. Аталган спортко элди кызыктырыш үчүн шоуларды уюштуруп, атактуу дүйнөлүк ырчыларды тартыш керек”,- деп айтканы бар.

КЫРГЫЗДЫН ЖЭЭНИ ЭЛИЗАБЕТ ТУРСЫНБАЕВА ТАРЫХ ЖАРАТУУЧУ

2019-жылы Япониянын Сайтама шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча Казакстандын атынан барган 19 жаштагы спортчу Элизабет Турсынбаева кыздар арасында биринчи жолу 4 айланма сальхов секирип тарых жараткан. Мындай тарыхтын жаралышын 100 жылдап күткөн өлкөлөр болгон. Бул вазийпаны атасы казак, апасы кыргыз Элизабет аткарганы кыргыз муз үстүндө бийлөөнүн сүйүүчүлөрү үчүн да сыймык болгон. Эске салсак, Пекин-2022 Олимпиадасында АКШлык спортчу Нэтан Чен эркин программасында 5 жолу 4 айланма секирип, алтын байгесин алып кетти. Ошондой эле орусиялык спортчулар Александра Трусова, Анна Щербакова, Камила Валиева да эң татаал көнүгүүлөрдүн бири болгон 4 айланма жасай алышат.

ПЕКИН ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ ДОПИНГ ЧЫРЫ

Эл аралык спорт комитети акыркы жылдары орусиялык спортчуларды допинг колдонду деп айыптап жүрөт. Бул жолку Олимпиадада кезек орус муз тебүүчүлөрүнө келген өңдүү. Тагыраагы, 8-февраль күнү Стокгольм лабораториясында спортчу Камила Валиева 2021-жылы декабрь айында тапшырган допинг-тесттен тыюу салынган триметазидин дарысы табылганы аныкталып, Эл аралык спорт комитети жагдай толук териштирилип бүтмөйүнчө ага Олимпиададагы оюнун улантууга тыюу салган. 14-февраль күнү Орусиянын Олимпиада комитетинин даттануусун караган уюм Валиевага Олимпиадага катышууга уруксат берди. Эгер Валиева байгелүү орунга илинсе, допинг чыры толук териштирилип бүтмөйүнчө жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болбой турганы белгилүү болду. Ушундай эле абал командалык таймаштарда орун алды, командалык оюнда Камила Валиеванын жардамы менен Орусия алтын медаль утту, Валиеванын иши иликтенип бүтмөйүнчө командалык таймаштагы жеңүүчүлөрдү сыйлоо да белгилүү бир убакытка жылдырылды. Орус басылмаларында: “Муз үстүндө бийлөө боюнча Орусияда эң күчтүү мектеп бар, бул Олимпиадада ага теңдеш эч ким жок. Бизден Евгения Медведева, Алина Загитова, Алексей Ягудин, Евгений Плющенко сындуу чемпиондор чыккан. АКШ менен Европа орус спортчуларына карата психологиялык басым жасоодо. Спортто саясатыңарды колдонбогула. 15 жаштагы Камила Валиевада кайдагы допинг?!”- деген нааразы пикирлер үстөккө-босток айтылууда.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Муз үстүндө бийлөө хоккей, бокс, гимнастика сыяктуу спорттун жаракат алуу тобокелдиги жогору түрлөрүнө кирет.
  • 1882-жылы Европада биринчи жолу муз үстүндө бийлөө боюнча Эл аралык таймаш Вена шаарында өткөн.
  • “Сальхов” секириги деген аталыш Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону швециялык Ульрих Сальховдун атынан коюлган.
  • Муз үстүндө бийлөөнүн Европада жана Орусияда жайылышына америкалык фигурист Жексон Гейнцтин эмгеги зор. Анын гастролдоруна миллиондогон көрүүчү келип, муз үстүндө бийлөөнүн жаңы стилине жол салынган дешет тарыхчылар.
  • Жуптук эл аралык алгачкы таймаштар 1908-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн. Анда немис спортчулары алгачкы жуптук таймаштын жеңүүчүлөрү катары тарыхта калышкан.
  • Олимпиадалык байгелерди эң көп СССР, азыркы Орусия алган.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Eka.kg
2022-02-22 22:56:02
Загитова жана Валиева мыкты фигуристер)
0
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан