«САГЫНДЫҢБЫ? МЕН ДА САГЫНДЫМ...»

“Сагындыңбы? Мен да сагындым,

Кусалуу бир күнгө кабылдым.

Буйругу жок ушул тагдырга,

Таарындыңбы, мен да таарындым”.

Өзүнө кусалыкты, сагынычты, сүйүүнү, арманды камтыган бул саптарды окуганда эле обону дароо эске келет. Окумак турсун, кыңылдап ырдап да алабыз. Эмесе, ушул ырдын жазылуу тарыхына кайрылалы.

Бул ырдын тексти акын Жыпар Умаровага, обону Түмөнбай Колдошовго таандык. Жыпар Умарова өзүнүн тагдырын, жан дүйнөсүн саптарга катып элге сиңимдүү текст жазган. Анын “Колукту” деген ырын билбеген, укпаган киши аз болсо керек. Жүрөккө сиңимдүү ырларды жазган акын эжебизди 2018-жылы оору арабыздан алып кеткен. Акындын 2013-жылкы биздин гезитке берген маегинен үзүндү келтиребиз.

Жыпар Умарова, акын: «ЖОЛДОШУМ ДА, ыр жазылган ДЕПТЕРИМ ДА КАЙТПАЙ КАЛДЫ»

– Мен көбүнчө сагыныч туурасында жазгым келет. Балалыкты сагынуу, туулган жерди сагынуу, ата-энени сагынуу, жакын адамыңды сагынуу дегендей. Эргүү келгенде баракка түшүрүп калууга ашыгам. Ошондо ырларым бир да чиймеленбей, оңдолбой жазылып калат. «Элегиянын» да эки куплети дал ошондой болуп кыска убакытта оңдоо-түзөөсүз жаралган.

Жолдошум Аксыга, айылына кеткен эле. Жамгыр жаап жаткан. Үйдө жалгыз отурганымда эргүү келип, эки куплетин чөнтөк дептериме жазып койгом. Айылдан кайтып келген жолдошум Орусияга кетмек болуп калды. Бир убакта карасам, ал чөнтөк дептеримди таап алып ушул ырымды окуп отуруптур. Көрүп алып коркуп кеттим. «Кимге арнап жаздың?!» деп урушат го десем, унчукпай чөнтөгүнө салып, өзү менен Орусияга алып кеткен эле. Тагдыр экен, ошол бойдон экөө тең кайтпай калды. Бирок экөө тең жүрөгүмдө сакталуу.

Алгач «Элегияга» Альбина деген студент кыз обон чыгарып, комуз менен ырдап жүрчү. Андан кийин Ибрагим Жунусов обон жазып, мага угузуп, «эми аранжировкасын жасатам» деп жүргөн. Агай саясатка аралашып кетип, ошол боюнча калып калды окшойт. Үчүнчү ирет Түмөнбай Колдошов деген жигит обон чыгарды. Экөөбүз капысынан көчөдөн кезигип калдык. «Эже, ырыңызга обон жазайын деп жатам» дегенинен макулдугумду бергем. Кийин «эже, кайырмасын, анан дагы бир куплет жазып бериңизчи» деп телефон чалды. Тамак жасап жаткан элем, бир ашканага, бир барагыма чуркап жатып чыгарып бердим. Азыр эргүү менен жазылган эки куплетти жатка билем да, берки экөөсүн жаттай албадым (күлүп).

Түмөнбай аккордеон менен ырдап чыгып, «Сагындыңбы, мен да сагындым» деген аталышта чыгармачылык концертин да берди. Түмөнбайдан ырчы Айпери Кулбаева алып ырдап, жакында клип да тарттырыптыр. Бул ырга үч жолу обон жаралды, үчөөнү тең ыйлап отуруп уккам.

Түмөнбай Колдошов, обончу: «ЭЛЕГИЯНЫН» ТААСИРИ МЕНЕН БҮТ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ ЭЛЕГИЯ ЖАНРЫНДА БОЛУП КАЛДЫ»

– 2009-жылы кыргыз филологиясын бүтүрүп, Ош гуманитардык педагогикалык институтунда иштеп калдым. Ал кезде азын оолак обон жаратып калган кезим эле. Ошол кезде “Бүчүр” деген адабий ийримде студенттердин ырлары китеп болуп чыккан. Ошол китепте Жыпар Умарова эженин ушул “Элегия” ыры бар эле. Ал 2 эле куплет болчу.

Ырдын тексти обон чакырган, мелодиялуу экен. Жактырып калып, болжолдуу обон ойлоп жүрдүм. Бир күнү эжеге чалып, “эже, ушул ырыңызга обон жазайын дедим эле, кайырма жазып бербейсизби” дедим. Ал “азыр тамак жасап жатат элем, анан жазып берейин” деп, анан түнү:

“Жолугушуу болду арманым,

Жолукпайбыз эми, ардагым,

Жолду карап эми издебе,

Жалгыз аяк жолдо калганмын”,

- деп жазып жибериптир. Мен ырга обон жазып, адегенде Жыпар эжеге ырдап бердим, угуп жактырды.

Ырдап чыктым, эл жакшы кабыл алды. Андан кийин дагы “ырда куплет аз болуп жатат, дагы бир куплет кошуп бербейсизби” деп кайрылдым. Жыпар эже экинчи куплеттин акыркы “Ыйладыңбы, мен да ыйладым” деген сабын алып, үчүнчү куплетин кошуп берди.

2010-жылдары менин чыгармачылык кечем болду. Ошондо Айпери Кулбаевага “Таарынуу” деген ырымды ырдап бер” десем, ал “Элегияны” кошо бер” деп сурады. Ошентип Айпери Кулбаеванын аткаруусунда дагы элге жакшы тарады. Айпери бул ырды жаздырганы студияга барганда мага чалып, “Наалат айтып ушул тагдырга” деген сабын оңдобойлубу, тагдырга наалат айтып болбойт экен” деп калды. Мен ырдын текстин өз алдымча оңдобойм деп эжеге чалып сурадым. Эже “буйругу жок ушул тагдырга” деп укмуш төп келтирип жазып берди. Ошентип Айперинин аткаруусунда клип да чыкты. Барган жерден эл суранган ыр болду. Аталышын эл өзү “Сагындыңбы, мен да сагындым” деп коюп алышты. Ошентип “Элегия” менин обончулуктагы визиттик карточкам болуп калды. Бул ырды 1-2 жыл мурун Максат Кыштообаев да ырдап чыкты.

Бул ырдын арты менен 2010-жылдары кандидаттык диссертациямда элегия жанрын изилдеп жазгам. “Элегиянын” таасири менен бүтүндөй чыгармачылыгым элегия жанрында болуп калды.

Жыпар Умарова эже өзү абдан жөнөкөй, меймандос адам эле. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот экен, ал 50гө чыгып-чыкпай кете берди. Эже өтө атактуу болгон жок, бирок таланттуу акын боло алды. Акын өзү жашоодо бактылуу болдубу, же болбодубу, аны билбейм, бирок бактылуу ырларды жазды. Ден соолугунун азабын тартты, бирок ден соолугу чың ырларды жазды. Отуруп алып “ыр жазышым керек эле” деп стол акыны болгон жок, бирок жашап жазылган ырлардын автору боло алды. Эже алакандай бир ууч элдин, билгендердин эсинде, жүрөктөрдө жашап кала берди.

Айпери Кулбаева, ырчы: “БУЛ ЫР ТҮМӨНБАЙДЫН ДА, МЕНИН ДА ВИЗИТТИК КАРТОЧКАМ”

– “Элегия”ырын 2011-жылдын күз айларында Түмөнбай Колдошовдон сурап ырдап чыккам. Түмөнбайдан сурасам, “макул, аял кишинин үнү менен чыкса дагы жакшы болот, 1-2 киши сурады эле, берген эмесмин” деди. Ошондо Түмөнбайдын “Досторго”, “Таарынуу” деген 2-3 ыры менен кошо алып ырдагам. Ырдаганым ага жакты. 2012-жылдын башында концерт бердим. Ошондо жаңы ыр деп элге жарыяладым, эл жакшы кабыл алды. Ошону менен жайылып кетти. Ушул ыр аркылуу тексттин автору Жыпар Умарова эже менен тааныштым. Эже жолуккан жерден ыраазычылыгын айтып жүрдү. Тилекке каршы, клиби элге анча алынган жок, бирок ыр жакшы тарады. Бул ыр Түмөнбайдын эле эмес, менин да визиттик карточкам болуп калды. “Ушул ырды ырдап берчи” деген күйөрмандарым көп.

10 жыл өткөндөн кийин, 2021-жылдын аягында жаңыртып кайрадан ырдап чыктым. Обонунун авторунан уруксат алып, бир аз өзгөртүүлөрдү киргиздим. Клибин дагы жаңырттым, азыркы учурда монтаж жүрүп жатат, элге чыга элек, жаңы версиясынын клибин жакынкы күндөрү жарыялайбыз.

«ЭЛЕГИЯ»

Сөзү: Жыпар Умарованыкы

Обону: Түмөнбай Колдошовдуку

Сагындыңбы? Мен да сагындым,

Кусалуу бир күнгө кабылдым.

Буйругу жок ушул тагдырга

Таарындыңбы? Мен да таарындым.

Кайырма:

Жолугушуу болду арманым,

Жолукпайбыз эми, ардагым.

Жолду карап эми издебе,

Жалгыз аяк жолдо калганмын.

Кыйналдыңбы? Мен да кыйналдым,

Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.

Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,

Унуттуңбу? Унута албадым.

Ыйладыңбы? Мен да ыйладым,

Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.

Жанга баткан жалгыздык ырын

Ырдадыңбы? Мен да ырдадым.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2022-02-21 15:39:11
сонун ыр
+4
Turdueva
2022-02-21 16:32:45
Сонун ыр,обону да сонун аткаруучулар да сонун
+4
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан