Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КЫЗЫМ ҮЧҮН ГАСТРОЛДОРДУ ТОКТОТКОМ”

Бул жолу маек төрүбүзгө атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева жана анын кызы Бегайым Өмүрканова келди. Эне менен кыздын сүйүүсү, мамилеси тууралуу кеп кылдык.

– Саламатсыздарбы, бүгүн эне-кыз экөөңүздөрдү маекке чакырып отурабыз, Асел эже, алгач эле кызыңызды биринчи жолу колуңузга алган күндү эстеп берсеңиз...

Асел Турдалиева: – Саламатсыңар?.. Кызым Бишкек шаарындагы №3 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген. Кызым колума оңой эле келе калган эмес, Кудайдан тилеп, сурап алгам. Кызымдан мурун эки уулум 5 айлыгында чарчап калган эле. Жүрөгүм үшүп калган жаным аябай кылдаттык менен мамиле жасап, боюмда төрт ай болгондо баарын токтотуп үйдө отуруп аман-эсен колума алгам. Кызым төрөлгөн жылдары баланы апасынын көкүрөгүнө жаткыруу ыкмасы жаңы пайда болуп жаткан экен, дароо көкүрөгүмө жаткырышкан. Курсагы аябай ачып калган окшойт, күндө эмип жүргөндөй эмип баштаган (күлүп).

– Бегайым, сен айтып берсең, апаңдын тарбиясы кандай болду?

Бегайым Өмүрканова:
– Апамдын тарбиясы катуу эле болду. Бирок мен каалаган нерсени кайдан болсо да таап алып берчү. Эч нерседен кем кылбайчоңойтту. Апамдын дагы мен баалаган сапаты – чечимин мага эч качан таңуулачу эмес. Ушуга чейин эле апам өзүнүн пикирин айтат, мен өзүмдүкүн, анан бир чечимге келебиз.

А.Т.: – Кичинесинде кызыма майрамдарда “эмне сатып берейин?” десем “китеп” дечү. Кийимди да китеп тандагандай тандачу эмес, экөөбүз барып дүкөндөн китеп алсак, ошого аябай сүйүнчү. Энциклопедияларды аябай көп алдык.

– Атактуу адамдардын балдары ата-энелери көп учурда үйдө болбой көңүл анча бурулбай калганын айтып калышат, Бегимай, сенде кандай болду?

Б.Ө.: – Мен деле апамды сагынчумун, ээрчип ыйлачумун.

А.Т.: – Кызымды кичинесинде таенеси багып калды. Мен ошол убактарда гастролго өтө көп чыкчумун, айлап эл кыдырчубуз. Бир жолу эки айга гастролго кетип, үйгө келсем апам бир кызды көтөрүп чыкты. Бети кыпкызыл, томпойгон, боркогу белине чейин жеткен кыз экен, апам менен учурашып “кызым кана?” десем “мына” дейт (күлүп). Көрсө, кызымды тааныбай калыптырмын. Кызым да тааныбай калыптыр, тикте-еп коёт. Анан апасы экенимди билди окшойт, бура бастырбай калды. Апам кызымды жакшы багып берди, бирок бул таенесине таштаганы алып баратканда эле чыркырап ыйлачу. Ыйлаганын көрүп жүрөгүм ооруйт тим эле. Чыркыраганын карап туруп “кой, минтип таштап кетпей эле коёюнчу” деп тобумду чогултуп туруп “мен эми гастролго чыкпайм” дедим. Ошондон баштап Искусство институтуна мугалим болуп кирип, ушул кезге чейин ал жакта иштеп жүрөм. Эки балам тигинтип чарчап калса, кызымдын жанында болушум керек деп чечтим. Апам да “бала стресс болуп калат” деп айтты.

– Кызыңызды жалгыз чоңойткондон кыйналдыңызбы?

А.Т.: – Кыйналган деле жокмун, кызымдын Борис деген досу бар эле короодо, экөөнү бир бала багуучуга берчүбүз, “Бегайым, эмне жедиң түштө?” десем “майонез” дейт. Бористен сурасак деле ошентип айтат. Эртең менен, кечинде деле ошол жоопту айтат. Көрсө, бала багуучу нанга майонез сүйкөп эле бере берчү экен (күлүп). Кой деп кийин экөөнү тең жеке бала бакчага бердик.

– Бегайым, Кытай мамлекетинде окуп жүрдүң, билишимче, эрте эле өз алдынча болууга көнсөң керек...

– Мен 7-класстан баштап Кыргыз-түрк лицейинде жатып окудум. Ошондо эле өз алдымча болуп калгам. Ошондуктан анчалык деле кыйын болгон жок.

– Кесип тандоо кандай болду?

Б.Ө.: – Мен кичинемден эле ырчы болгум келчү. Бирок апам ага аябай каршы болуп туруп алды. “Чет тилдерин үйрөн, жакшы оку” дей берчү, ошол үчүн “5ке” окуп бүттүм. Шанхайда деле өз алдынча болдум, беш жыл жалгыз жашадым. Жалгыз жашаганда максатың кандай, жүрөгүң чындап эмне каалайт, сезет экенсиң. Ошондо баары бир ырчы болушум керек экенин түшүндүм. Ал жакта жүрүп сынактарда, концерттерде ырдай баштадым. Азыр акырындап вокалга барып жатам.

– Асел эженин юбилейлик тоюнда экөөңөр дуэт ырдап чыктыңар...

А.Т.: – Ооба, негизи кызым Кыргызстанга келбейт болчу, анткени экзамендери жакындап калган. “Келе аласыңбы?” десем, “Юбилейиңиз болуп жатса кантип барбайм?” деп экзамендерин эрте тапшырып, келип калды.

– Асел эже, сиз эмнеге кызыңыздын ырчы болушуна каршы болдуңуз эле?

А.Т.: – Мен чоң энемдин колунда чоңойдум, ал “артист болбойсуң” деп каршы чыкса болбой кичинемден ырдап жүрдүм. Эне болгондон кийин калкалайт экенсиң. Кызымдын боору бир аз алсыз эле, бийлесе күчөп кетеби деп корко берчүмүн. Атасы бийчи, мен ырчы, кызым мындай кесиптен алыс эле болсун дегем. Ошондуктанбы, так илимдерге багыт берип, чет тилдерге эрте эле берип баштадым окшойт. Бир жолу Батумиге саякаттап бардык, кызым экөөбүз отурганбыз, “кел, ачык сүйлөшөбүз” дедим. Кызым да “мен чоңоюп калдым, ачык сүйлөшөлү” деди. Кызым ошондо “менин музыкага шыктуу экенимди билип туруп өөрчүтпөй койдуңуз. Эмнеге таарынам билесизби, бир туугандарыңыздын балдарынын баарын комузга, скрипкага, фортепианого бер эле, бер деп бердирдиңиз, мага келгенде эле “жок, болбойт” деп койдуңуз” деп таарынычын айтты. Ошондо жаман болуп кеттим. Мен ырчылардын жолу, чыгармачылык жол татаал деп ойлойм. Өзүм ажырашып кеттим, кийин турмушка чыккандан чочулап калдым. Кызымдын аялдык бакыты толук болсун деп калкалаган окшойм. Кийин ойлосом ырчы болобу, башка болобу, андан аялдык бакыт көз каранды эмес экен.

– Кыз чоңойгондо жуучулар келип баштайт эмеспи...

Б.Ө.: – Кыз 22-23 жашында өзүн таап, чындап эмне каалаарын жаңы түшүнүп баштайт. Менин оюмча, бул убакта турмушка чыгуу али эрте. Апам бул маселеде мени шаштырбайт, анткени акылдуу кыздар баары бир жолун таап кетерин билет.

А.Т.: – Мен “жигиттер менен сүйлөшүп көр, байка” деп айтам. Кызым өзү жакшы психолог, керек болсо мага жакшы кеңештерин берип турат. Убагы келгенде ал жигит пайда болуп “апалёк, сүйүп калдым, турмушка чыгам” деген күн келет деп айтам.

– Балдар ата-энесине кичине көрүнө берет эмеспи, качан кызыңыздын чындап чоңоюп калганын байкадыңыз?

А.Т.: – 20 жашта болчу, ага чейин кичине көрүнө берчү, Кытайдан бул жакка келди, экөөбүз чукчуңдаша түштүк.

Б.Ө.: – Мен Кытайга кайра кете албай калдым, анткени дүйнөнү коронавирус каптап кетип карантин болуп калды. Апам экөөбүз ага чейин 10 жыл чогуу жашаган эмеспиз да.

А.Т.: – Сыртка да чыкпай калбадыкпы, анан экөөбүз кичине бултуңдаша түштүк. Анан кызым маңдайыма отуруп алып, “Апа, сиз канча жашыңызда музыкалык окуу жайына келдиңиз эле, сиз деле бул жашта мындай экенсиз да?” дей баштады. Ойлонуп көрүп, чын эле дедим. Ошондо чоңоюп калганын билдим, сарсанаа болбой калдым.

Б.Ө.: – Эненин кооптонуусу балага андан күчтүү болуп өтүп кетет эмеспи. Апама ошону айттым. Бирок эне деген эне да, кабатыр боло берет. Негизи апам экөөбүздүн табитибиз, ойлонуубуз, кабыл алуубуз окшош. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз.

– Маегиңиздерге рахмат, Бегимай, сенин ырчылыкка таштаган кадамың байсалдуу болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан