ОРУСИЯДА МИГРАНТТАРГА ТАЛАП КАТУУЛАДЫ. КЫРГЫЗДЫН УКУГУ КАНТЕТ?

Он миң адамга жеткен узун кезек. Аларды кайтарууга алган куралчан аскерлер. Кыштын суугунда эшикте кезегин күтүп үшүгөн адамдар. Жок, бул түрмө эмес... Бул кадимки Москванын “Сахарово” миграциялык борборунун алдындагы учурдагы көрүнүш. 2021-жылдын аягында Орусияда миграциялык эрежелерди катаалдаштырган мыйзам кабыл алынып, мигранттар дүрбөлөңгө түшүштү. Мекендештерибиздин абалы кандай? Макалада иликтеп көрдүк.

Милдеттүү эрежелер

  • Манжа изин алуу (дактилоскопия).
  • Медициналык текшерүү (жугуштуу илдети жокпу, маңзат жана психотроптук каражат колдонбойбу деп текшерилет).
  • Сүрөткө тартуу.
  • Сүрөт электрондук түрдө тартылат, өлчөмү 3х4 сантиметр болушу шарт. Бет маңдайынан тартылышы кажет. Эгерде бетти жаппаса, баш кийим менен түшсө болот. Дайыма көз айнек тагынып жүргөндөр айнеги күңүрт эмес көз айнекчен түшсө болот.
  • Төмөнкүлөр дактилоскопиядан өтпөйт жана сүрөткө түшпөйт: Беларусь жарандары, Орусияга жумуш алкагында кирген эл аралык, мамлекет аралык, өкмөт аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Ошондой эле 6 жашка чейинки балдар.

“КЫРГЫЗДАРГА ЖЕҢИЛДИК БЕРИЛДИ”

Кыргыздын Орусиядагы элчилиги миграциялык талаптарды аткарууда Кыргыз жарандарына жеңилдик берилгенин билдирди:

– 2021-жылдын 29-декабрынан баштап Орусияга 3 айдан көп убакытка иштөөгө келген чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик каттоого туруудан сырткары медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиядан (манжанын изи) жана электрондук сүрөткө түшүүдөн өтүүгө милдеттүү. Москванын “Сахарово” миграциялык борборунда кезек узун деген билдирүүлөрдөн кийин элчиликтин консулу Алмаз Букалаев ал жерге барып документ тапшыруу процедуралары менен таанышып, аталган миграциялык борбордун жетекчиси Сергей Балдин менен сүйлөшүү жүргүздү. Миграциялык борбордо эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин мигранттарды кабыл алуу (каттоо, патент берүү, жумушка кирүү үчүн уруксат кагазын берүү, айып пул төлөмдөрүн алуу, даяр болгон документтерин берүү) иштери жүрүп, күнүнө орточо 4-5 миң чет өлкөлүк жаран, анын ичинде 500дөй Кыргыз жараны тейленет экен. Манжа изин каттоо жана электрондук сүрөткө түшүү бир эле жолу өткөрүлөт. Анан да ар 3 ай сайын медициналык текшерүүдөн өтүү шарт эмес, медициналык текшерүү канча убакта бир болорун жакында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялайт. 2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусиянын аймагына кирген мигранттар жогорудагы талаптарды аткарууга милдеттүү эмес, эгер Орусиядан чыгып кайра кирсе, анда толук медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болот. Биздин жарандардын тынчсыздануусун эске алган Орусия тарап 2022-жылдын 19-февралында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн атайын “2А” деген өзүнчө кызмат алуу коридорун ачып берди. Мындай кадам Кыргыз жарандарына узун кезекти айланып өтүп миграциялык борбордун кызматын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

“АТАЙЫН КОРИДОР МЕНЕН КИРИП ДЕЛЕ 7115-КЕЗЕККЕ ТУРДУМ”

– Аты-жөнүм Сабира Чомоева, 10 жылдан бери Орусияда иштейм. 21-февралда “Сахарово” борборуна барып атайын ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн коридору менен кирсем деле мага 7115-талон тийди. Кезекте тургандардан сурасак, учурда 2000чи болуп кезек алгандар документ тапшырып жатышыптыр, биздин кезек жакында келбейт го деп кетип калдык. Айрымдар таң атпай келип 2-3төн талон алып, аларды кечирээк келгендерге сатып жатышты. Баягы эле ортомчулар, акча таап калалы деп жатышат. Кыргызбыз го, ошол кезекти сатпай эле берип коюшса болмок да. Документин тез арада бүтүрүш керек болуп көзү чачырап тургандар сатып алып жатышты. 22-февралда сиңдим менен апам таңкы саат 5те “Сахарового” кетишкен, түшкө жакын документ тапшырыптыр. Мурун документ тапшыруу тартиби жеңил эле, азыр татаалдаштырып салды. Орусиянын миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырганына биз, мигранттар өзүбүз да күнөөлүүбүз, акыркы жылдарда мигранттар катышкан кылмыштардын саны көбөйүп кетти. Орусия басылмалары “манжанын изин каттоонун жардамы менен эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлер кармалууда” деп жатышат. Орусиянын 2-3 аймагында мигранттарды жумушка кабыл алууга тыюу салышыптыр деп уктум. Карапайым мигранттарга эле кыйын болду. Мен жашаган жерден “Сахарового” жеткиче 84 чакырым, метро менен, андан ары автобус менен барабыз. Биздин бийлик Орусия тарап менен мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүп бул маселени чечип бербесе абалыбыз кыйын.

“МИНТИП КЫЙНАЙ БЕРСЕ, АНДА ЕАЭБдин ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР?”

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенине карабай мигранттарга жеңилдик берилбей жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Алардын бири Чолпон Султанбекова:

– Биз биримдикке кирип жатканда эмнени күттүк эле? Товар жүгүртүү, кызмат көрсөтүү, акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн кыймылы эркин болуп, бардык тоскоолдуктар жоюлуш керек болчу. Азыр эмнени көрүп жатабыз? Улам ар кандай тоскоолдуктар чыгып жатат, бул баш аламандыкты токтотуш керек. Эгер Орусиядагы жарандарыбызга жардам бере албасак, анда эмнеге ал биримдикте болушубуз керек? Биз бул маселени кабыргасынан коё турган учур келди”,- деп билдирди.

21-февраль күнү спикер Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Москвага иш сапары менен барып, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту, анда мигранттар туш болгон учурдагы көйгөй тууралуу да сөз болду. Делегация Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө экенин эске алып Кыргыз мигранттарына жаңы эрежелерди колдонбой туруу жолдорун карап көрүүнү сунуштады. Орусия кандай жооп кылат, азырынча белгисиз. Талант Мамытов Бишкекке мигранттардын Орусияга кирүүсүнө керектүү документтерди даярдап бере турган миграциялык борбор ачууну да сунуштады.

“ЧЫНЫГЫ МИГРАНТТАРДЫН ҮНҮ БИЙЛИККЕ ЖЕТЕ ЭЛЕК”

Жарандык активист, Орусияда көп жылдан бери мигранттардын соттук иштерине көмөктөшүп келе жаткан Салтанат Митиева делегация чыныгы мигранттардын үнүн уккан жок деген пикирде:

– Кыргыз делегациясы келип кетти, мигранттардын кайсы көйгөйүн чечкени белгисиз. Делегация менен жолугушууга "мигрантпыз" деп 30дай адам барыптыр, алардын көбүнүн жеке бизнеси, Орусия жарандыгы барлар. Орусия жарандыгын алган кыргыздардын артыкчылыктары көп, чыныгы көйгөйдү жарандыгы жок кыргыздар билет. Карапайым мигранттардын жолугушууга барганга убактысы деле жок болуш керек. Эмнеге Кыргызстандан чиновниктер келсе баягы дежур ишкер, активистмин дегендер чакырыла берет? Алар кандай көйгөйдү айтышат, жеке бизнесине байланыштуу көйгөйүнбү? Бул жерде эч кандай ич күйдүлүк жок, башкысы, чиновниктерге чыныгы мигранттардын үнү жетсе деген тилек. Мигранттар арасындагы кылмыштуулукту азайтышыбыз керек, турмушту көрө элек жаш уул-кыздарыбыз азгырылып кылмыш жолуна түшүп кетүүдө. Орусиянын мыйзамдары Кыргызстандыкындай эмес, бул жакта баары катаал, канча жаза берсе ошол жазаны толук өтөп бүтмөйүнчө абакта отурат. Пара берип жаза мөөнөтүн кыскартуу, ортого тааныш салып эркиндикке чыгып кетүү деген жок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
webprog
2022-05-20 13:57:00
gfdg
+1
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан