Төкмө акын Жылдызбек Төрөканов менен бала чагынан тарта кесиптеши Болот Назаров кабылган окуяга чейин сүйлөштүк. “Уялчаактыгымдын айынан көп нерседен куру калчумун” деген каарманым азыр сахнада миңдеген көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, жарышта алдыңкы орундарды багындырып жүргөнүнө сиз да күбөсүз.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы
Туулган жылы – 26-май, 1992-жыл
Билими – Тоо-кен институтунун
металлургия факультетин бүтүргөн
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы
– Жылдызбек, салам. Учурда концертке даярдануу менен алек окшойсуз?..
– Салам. Ооба, 3-мартта филармонияда “Ак булак менен дайра эле, Акжолтой менен Майра эне” аталышындагы эскерүү айтыш кечеси болот. Айтышка Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев баш болгон 15 чакты айтышкер катышабыз. Майра апабыздын көздөй шакирти Жыпара Кожокеева да катышат.
– Ийгиликтүү өткөрүп алыңыздар. Сиздин айтышка аралашканыңызга канча болуп калды?
– 10 жылдан ашты. Ары жагыңда бирдеме болмоюнча акын боло албайсың дешет. Көөдөндү тиреп турган көкүрөктө уютку болсо керек, айылда жүргөндө айтыш дегенде жата калып көрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин Тоо-кен институтунда окуп калдым. Окуу жайыбыз филармониянын жанында да, Аалы Туткучевге кирсемби-кирбесемби деп көпкө жүрдүм. Бир күнү сабактардын ортосундагы бош убакытта филармонияга тобокелге салып кирдим. “Эмнеге келдиң?” деди, “акын болом деп келдим” десем, “айтышасыңбы?” дейт, “жок, кызыгам” десем,
“5 миллион элдин жарымы эле айтышка кызыгат. Кызыккандын баары эле акын боло бермек беле?” деп туруп, комузду карматып, “эмнеге келгениңди комуз менен төгүп ырдап бер” деди. Тердеп-кургап “Бишкекке келип тапшырып, окуган жерим Горныйда, филармонияда окубасам да, жакыныраак болсун деп тапшырып алгам Горныйга” деп төккөм. Күлүп эле “өстүрсө болот экен” деп “Айтыш” фондуна чакырды. Ошол жакта окуп өнөрдү улантып келе жатам.
Кызык окуя айтып берейин, “Айтыш” фондунан эң биринчи Акжолтой Канатбек уулу менен айтышкам. Өзүм жаңы келип сүрдөп жүрсөм, Акжолтой “сенден акын чыкпайт, убара болуп жүрөсүң” деп ырдап намысыма тийди. Жашмын, эмоционалдуумун, “көрсөтөм мен сага” деп катуу аракет кылдым. Эң акыркы жолу Акжолтой мени менен радиодо айтышты. Акжолтой “Жаңы келгенде акын боло албайсың деп намысыңа тийип койдум эле. Экинчи бирөөгө антип айткыс болдум” дегендей кылып ырдады. Ошондо өзүм айткан саптарым эсимде калыптыр:
“Досум менден акын чыкпайт деген эле,
Ал сөздү угуп жүрөк канатканмын,
Анда далай уйкусуз таң атканмын.
Ачууланып сен айткан ошол сөзгө,
Кайра ошончо айтышка жанашканмын.
Бардан жокту, жоктон барды жарата алган,
Буйругун эч ким билбейт жараткандын”.
Акжолтой болсо “Сен мага жан эмессиң бөтөн-бөлөк,
Сезимден туюп айтат чечен демек,
Мезгилдер унутпаган акын бол деп,
Мен сени чыйралсын десем керек”,- деп жооп берген. Акжолтой айтышка кенедей кезинен аралашкан да. Бизге караганда эрте жетилип, психолог болуп бүткөн. Чын эле, балким, көрөңгөбүздү көрүп туруп намыстантайын десе керек. Акжолтой экөөбүз жакшы дос болдук. Экөөбүздөй бири-бирин сыйлашкан адамдар чанда болуш керек.
– Жаткан жери жайлуу болсун! Сиздин өнөрүңүз тууралуу сөздү улантсак, туугандарыңыздын арасында чыгармачыл адамдар барбы?
– Ата-энем сөзгө чечен, өзгөчө апам отуруштардын гүлү. Ата жагымда жорголотуп жорго сөз менен сүйлөгөн туугандарым көп. Алымбү деген эжебиз тубаса кошокчу. Кошокту ал кишидей айткан адамды уга элекмин. Бир таежем жамактатып сүйлөгөн, колуна калем алса эле ыр жазып кете берген адам. Айтышта Чынгызхан Кожошев деген акын бар. Ошол экөөбүз таяке-жээн экенбиз, аны кийин билдим. Бир тууган байкем ыр жазат, жамактатып коймою бар. Обон жазат, бир обонун угузсам, Түгөлбай Казаков агай жактырып калды.
– Бала чагыңызды эстеп берсеңиз...
– Балалыгым Казарманда өттү. Кичинемде өтө жоош, уялчаак болчумун. Уялчаактыгымдын айынан көп нерседен куру калчумун. Бир окуяны айтып берейин, 8 же 9-класста болсо керек, класста бир майрамга даярданып жатканбыз. Музыка коюлуп турган. Бир классташ кызым ошончо баланын ичинен мени бийге тартып жатпайбы. Анан уялганымды айтпа, сумкамды көтөрүп эшикке качып чыктым. Ошону менен бир жума сабакка барган эмесмин. Ал кыз “билбей калдым” деп ыңгайсыз болгон (күлүп). Азыр болсо классташтар менен жолукканда сөз бербейм. Алар аябай таң калышат. Бирок сабактарды жакшы окучумун.
– Уялчаак болсоңуз, алгачкы жолу сахнага чыкканыңызда кандай болду?
– “Айтыш” фондуна келгенден 1-2 айдан кийин эле айтышка катышып, тандоо турдан өтүп, финалга чейин жеткем. Бул баарыбыз үчүн таң калычтуу болгон, анткени анда мага башкалар эмес, өзүм да ишенген эмесмин. Кыргыз-казак айтышынын тандоо туру болчу. Аалы байке менен айтышкам. Аалы байкеге туш болдум дегенде колу-бутум титиреп болбой калды. Аалы байке аны көрүп “сен азыр жакшы айтышасың. Сүрдөө – адамдын жоопкерчилиги. Бизде, аттиң, ошол нерсе калып баратат” деди. Чын эле Аалы байке биринчи орунду, мен экинчи орунду алгам. Азыр деле сахнага чейин өзүмдү жеп салам, титиреп, жүрөгүм бир орунда турбайт. Миңдеген адамдын алдындагы жоопкерчилик оңой эмес да, сахнага чыгып отургучка отурганда ошол сүр жок болуп кетет. Айтыштарыма жоопкерчиликтүү карайм. Айтыш – менин жүзүм, жүзүмдү элге көө көрсөткүм келбейт.
– Жаттап алышат дешет го...
– Кайсы бир улуу инсанга арналган айтыш болсо ошол адам тууралуу маалымат топтойсуң, ал адам тууралуу эмнени айтарыңды билесиң. Бирок атаандашың эмнени айтарын билбейсиң. “Жаттаган акын алыс барбайт” деп коёбуз арабызда. Анча ырдын баарын жаттап алыш оор го, мектепте 4 сап ырды жаттай албай кыйналчу элек го.
– Өнөр дүйнөсүндө бирөөнү таарынтып алган, таарынып калган учурлар болгонбу?
– Ысык-Көлдө “Кийиз дүйнө” деген фестиваль өткөн. Үйлөнүү үлпөттү көрсөтүп беришмек. Мен түндүктүн, Амантай Кутманалиев байке түштүктүн акыны болуп айтыштык. Эл сүрөп койсо дердеңдеп кеттимби, билбейм, Амантай байкеге катуу айтып алгам. Сыйлап койбой, эрегишип, тирешип айтыштым. Жаш экенмин, эл кайрап коёт экен, ошого көөп алат экенбиз. Амантай байкеден уялып “Айтыш” фондуна 2-3 айдай барбай жүрдүм. Муну устатка болгон урмат деп билем. Бир күнү өзүмдү сындырып бардым. Амантай байке айкөл, кенен киши. Кечирим сурап төксөм, “жаштыкта боло берет, бизде деле андай болот” деп этибар деле алган жок. Ошондон баштап байкеге бир да катуу сөз айтпайм. Таласта 2 жолу айтышып калдык, экөөндө тең баш байгени алды. Баш байгени сиз алыңыз деп урмат кылып, кемчилигимди жууюн деп дайыма сүрөп айтышам.
– Үй-бүлөңүз тууралуу сурайын...
– Төкмө акын Турат Жумаев экөөбүз бажабыз, эже-сиңдини алганбыз. Жубайым Ак-Талаанын Ак-Кыя деген айылынан, аты Мээрим. 3 эркек балабыз бар.
– Жакында төкмө акын Болот Назаров кармалып, сиздер митингге чыктыңыздар. Бул окуя тууралуу пикириңиз кандай?
– Болоттой болгон акын сынып калбасын деп чыктык. Болоттун кандай мыкты акын экенин баарыбыз билебиз. Баңги деп айтып жатышпайбы, ага кошулбайм, андайлар баңгизатты издеп калышат да. Видеодогу кыз “ичиңе тарт” деп үйрөтүп жатат, ашынган баңги анын баарын өзү эле билип кылбайбы. Видео атайын кармоо үчүн тартылган деп ойлойм. Анткени ошол кыз өзү арыз жазыптыр. Болот элден кечирим сурап коюшу керек деп ойлойм. Кичи пейилдиктен кичирейип кетпейсиң дейт. Ал окуядан кийин Болот менен сүйлөшө элекпиз. Көңүлүн көтөрүп коёлу деп чалсак телефонун албай жатат.
– Жубайы “видеодогу Болот эмес” деди...
– Кармап албагандан кийин билбейбиз. Техника өнүккөн заманда ар кандай болушу мүмкүн. Болор иш болду, жаш жаңылат. Жаңылган жерде ийгилик бар дейт. Сынып калбай жыгылган жерден туруп, кечирим сурап коюп, жашоону уланта бериш керек.
– Бул окуя сөз эркиндигине кысым деп бааланды...
– Бул сокурга деле көрүнүп турат. Анткени Болот бийликти курч сындады. Жөнөкөй адамдын тилине караганда акындын тили менен таасирдүү жетет. Алар чычалады окшойт. Ошонун аркасынан жасалган чабуул деп билем. Сөз эркиндигине чектөө болбошу керек.
Сынды айтышыбыз керек, айтканда чектен чыкпай кагазга орошубуз зарыл. Атын атап айткандан абайлаш керек деп ойлойм. Элмирбек байкенин сөздөрүнүн жанында Болоттун бийликке айткан сөздөрү суу кечпейт. “Булар, өлсө кепинин кошо жечүлөр” деп жатат, эмне деген сөз? Эмирбек байке жалпылап айтчу, даректүү айтчу эмес.
Перизат Музуратбекова