ЫРЧЫЛАРДЫН ИЙРИ-БУЙРУ ЫР САПТАРЫ

АТАБЕКОВДУН “ОЙСОКЕ ПЕРИСИ”

Кээде мен деле жамбаштап жатып ыр угам десеңер. Чынын айтайын, кээ бир саптарды укканда жанагы ток тийгендей “диртилдеп” барып анан токтойм. Антенналарым туруп калат, чачтарым менен кошо... Чын да, эй, кээде ал саптарчы, чокуңа эле бир чапкандай болот, эңгиреп эле эмне кыларыңды билбей каласың. Атаңдын көрү ай, кээде андай саптар “тиги жакта” жаткан залкарларды “тургузуп” эле жиберчүдөй, мисалы, Атай Огонбаев комузун күүлөп алып ушул ийри-буйру саптарга:

“Күйдүм бир гана, күйдүм, ий, күйдүм чоо-ок, ай,

Күйөйүн десем, ий, түтүн жок,

Жүрөгүмдүн, ий-ий, башында эй,

Аттиң ай, жүгөрүдөй, ий, бүтүн жок”,- деп арманын айтып жаткандай туюлат. Бизде мыкты ырчылар бар, эң мыктыларынын бири Мирбек иним. Аны даңазалап “В Москве есть Билан,
А у нас Атабеков”
деген да ыр бар. Мыктыны мыкты деш керек, чын эле ырдап койсо хит болуп жатып калат. Бир ырын угуп отурсам эле “сен ойсоке перисиң, кучагыма келесиң, ошондо жакшы болобу?” деп жатат. Тууй ата, ошондо “сен ойсоке перисиң” деген комплимент болдубу же кандай? Ары жагы андан кызык, ырда “ойсоке периси” кучагына келет көздөрүн жымыңдатып алып, ошондо да Мирбекте “сомнение” болуп жатат да, “ошондо жакшы болобу?” депчи... “Ой, жаман болот, кагылып гана кетейин, ойсокеси жок эле перини тапсаң ошондо баары жакшы болот эле” дегим келет да. “Кумарланып жүрөгүңдүн сырын мен колум менен чечейин, ошондо жакшы болобу?” деп экинчи куплетинде дагы деле бул “идеясы” жакшыбы же жаманбы, биле албай бушайман.

Дагы бир ыры бар Мирбек мырзанын, “илинген тордой чыга албай, обу жок сөздү кеп кылып, оюнчук кылып кыйнаба-аа”. Ох ата дейсиң да аргасыз, эми “куу алган кушта не айып?” дегендей, ырчыда эмне айып, сөзүн ким жазып берсе ошондо айып барбы деп коём. Сөз жазып берем деп акча алат да, ботом, ошол акчаны деле жуксун деп жакшыраак сөз жазып койбойбу, ээ? Негизи үнүндө, аткаруусунда айып жок Мирбек мырзанын, биртке эле сөздү иргеп ырдасабы деген кеп. Окуп калсаң, Мирбек иним, капа болбо, таарынып кетип Таласка билет алып алба дагы...

АНЖЕЛИКАНЫН "СЕНДЕН МЕНДЕН ЖҮРӨГҮ"

Аны унутчу-у, жаным,

Ылайык эмес ал сага.

Аны унутчу, жаным,

Сүйө албайт ал сени мендей.

Аны унутчу, жаным,

Ал үчүн кайгыга берилбей.

У-у-унут!

Бир күнү карасам эле телевизордо Анжелика өшөнтүп ырдап жатат. “Унутчу деп эле какшайт, клиптеги жигит болбой эле Анжеликадан мурдун чүйрүп болбойт. Эми, окурманым, ушул саптан уйкаштык сиз таптыңызбы? Же маани таптыңызбы?

Экинчи бир ыры бар экен, Иса Өмүркулов менен ырдайт. “Сүйөмүн, сени сүйөмүн, сенден менден жүрөгүм” дейт. Ошондо ал жүрөк бечара Исаныкыбы же Анжеликаныкыбы, түшүнө албайсың. Кыргызда бир сонун кайрыктарга жарашкан саптар бар. Мисалы:

Кезигип жылдардын бир жылдарында,

Кайырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,

Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Айланайындар, мына ыр, мына тереңдик, мына классика! Адамдын жаштыгын алып кетип бараткан бийкечтин элеси көз алдыңызга тартылат. Анжелика айымдын ырынан “калпып алганга” маани издеп таппайм да. Силер да карап көргүлөчү, деги калп айтсам...

ЗАРЛЫК “СЕН МЕНДЕ ГАНАСЫҢ”

Оо, күлүп карашың,

Жүрөккө дабасың,

Сен эч кимде жоксуң,

Сен менде ганасың,-

деп Зарлык Камбаралиев деген жигит менен Айганыш Абдиева деген ырчы кызыбыз үн алышып ырдап жатат. Сонун үндөрү бар экен, музыкасы андан ашат. Бали дедим, бир гана “сен эч кимде жоксуң, сен менде ганасың” деген кантип болсун, ботом? Экөө тең эле “киндер сюрпризден” чыкпаса керек, ата-эне, бир туугандары, дос-жоросу болсо керек. “Сен эч кимде жоксуң, менин гана ичимдесиң” деп тим эле. Эми элестет, экөө бири-биринин ичине кирип, башкалардан жашынып алганын. Күлөсүң бир чети, бир чети жиниң келет. Эмкилердин сүйүү ырлары да өзүмчүл, “кокуй, аны унут, мени гана эсте, менсиз дем алба” дешет го, чиркин! Догурунбай эле, “Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес. Сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп” деп койсо жакшыраак элге жетпейт беле дейм да жаман акылымда. Ушул жигиттин бирок мына бул ыры жагып калды. “Апапакай, туптунук, жүзүңдөгү уячаңа ичким келет бал куюп” дейт. Бул салыштыруу да, Барпы Алыкулов атасынын “Мөлмөлүм” ырына аябай таасирленгенби деп коём.

Чыныга куйган бал болсоң,

Чымындай ага малынсам.

Чыга албай жатып ошондо

Чын өзүңө багынсам,- деген жалындуу саптары бар эмеспи! Бали дедим, жакты, лайк!

ТАЕНЕДЕН ТАПШЫРМА

Мен таенемдин тапшырмасын аткара албай жүргөн чагымда,

Таенемден тапшырма, “мага бир сулуу тап” дейт жаныма,

Мен бир кыз таптым, абдан татына,

Сизге жагат, мага жакты да...

Чиркин айе, бул саптар Нияз Абдыразаков менен Темир Дамирбеков деген жигиттер ырдаган "шедевр" экен. Сөзүн жазып берген акынга да “баракелде”. Бирок, кокус, ошол сулуу таенеге жакпай калса куруду го бул жигиттер деп ойлоп койдум. Анан да куплетти бөлгөнгө акын жетишпей калып бере койсо, тиги жигиттер деле ырдын “черновый” вариантын алып обон жазып ийгенби деген ой келди. “Мен таенемдин тапшырмасын аткара албай жүргөн чагымда” деген узундан-узун сапты бөлүш керек беле деп коём. Кыскасы, бир сыйра “антеннамды” тургузуп, кайра “жаткырышты” жигиттер.

Баары тамаша, бирок чындыкка жараша, достор. Негизи ырда жакшы маани-маңыз, анан жакшы бир уйкаштык, терең маанини камтыган, жүрөктө кала турган бир сап болсо, аны бир сонун кайрыктар менен айкалыштырса, ал ырлар жылдардан жылдарга, кээде кылымдарга кала берет.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,

Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде,

Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз

Көп күндөр арабыздан өткөн кезде

Барам сага...

Дал ушундай Алмаш Чойбекованын “Барам сага” ырындай чейрек кылым мурун жаралса да азыркыга чейин жүрөк кылдарын дирилдете ала турган ырлар жаралса го, чиркин!

Уучубуз куру эмес, бирок ырчылар мезгилдин, убакыттын булуң-бурчунда эптеп-септеп тыгылып кала бере турган ырларды эмес, кылымды карыта турган ырларды жаратса деген изги тилек менен эле “чымчылап” койдум. Ыр жаздыра турган учурда ырдын текстин бир эле сыйра жүрөктөн өткөрүп койсоңор ананайындар, анан даңкылдак дүңкүлдөк кошо бергиле.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан