"Супер - 2010"
“Супер сулуу-2010” сынагынын финалчылары 4-5-декабрь күндөрү Улуттук Филармонияда өтүүчү концертке даярдануу менен гана чектелбей, чогуу-чаран көңүл ачууга да жетишишүүдө. Кантип дейсизби? Азыр айтып беребиз.
Сулуулар сынагы бул жылы мурдагылардан айырмаланып филармонияда өтүүчү концертте жыйынтыкталарын сиздерге кабарлаганбыз. Сынактын катышуучулары учурда көңүлдү чыгыш бийин арабдардан кем калбай бийлөөгө, купальникчен, көйнөкчөн көркөм басууга буруп, болгон күч-аракет менен даярданып жатышкан чагы.
Бири-бирине атаандаш эмес, курбу кыздардан болуп калышсын, эл алдына чыгууга даярдыгы жакшырсын деген максатта аларды чогултуп, чакан кече өткөрдүк. Кече баш калаабыздагы “40х40” караоке барынын жылуу кучагында, жагымдуу атмосферада өттү.
ЖЫЛДЫН СУПЕР КОНЦЕРТИ
4-5-ДЕКАБРДА, ФИЛАРМОНИЯДА!
Гезитибиздин расмий сайтында окурмандардын сынына коюлган жыл мыктыларына талапкерлердин алдыңкы үчтүктөрү аныкталды. Эми алар 4-5-декабрь күндөрү Улуттук Филармонияда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, “Жылдын мыктысы” деген наам үчүн ат салышат. Келип, алардын өнөрлөрүнө өзүңүз күбө болуп кетиңиз.
Ага чейин атактуулар бул жылы “мыкты” деген наамды кимге бериши мүмкүн экендигин сураштырдык.
– “ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕП БЫЙЫЛ КИМДИ КӨРСӨТӨР ЭЛЕҢИЗ?
КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ, балбан:
– Саясатын, башкасын жыйыштыра туруп, “Жылдын адамына” спортчуну көрсөтмөкмүн. Быйыл “Жылдын адамы” деп аталууга Данияр Көбөнов татыктуу.
Кыргызстан ар кандай жагымсыз окуялары менен дүйнөгө атагы чыгып жаткан жылы бир эмес, эки ирет абройлуу жеңишке жетип, өлкөбүздү жакшы жагынан таанытты. Ал “Азиададан алтын алам” дегенинде анча ишенген эмесмин. Мен эле эмес, башкалар да “балбандардын арасында жаштар көп” деп Даниярга анча ишенишпеди. Бирок анын мүнөзүн мен жакшы билем, абдан өжөр бала. Экөөбүз тээ кичинекейибизден бери чогуу күрөшүп келе жатпайбызбы. “Утам” деп айткан эле, утту.
БЕК БОРБИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Мм, "Жылдын адамы" деп аталууга быйыл кимдер татыктуу болду? Адахан Мадумаровду көрсөтмөкмүн. Расмий жыйынтык кандай болгонуна карабай, “Бүтүн Кыргызстан” парламентке өттү деген пикирдемин. Эл асманга шар учуруп, самолёт менен кагаз таратып, үгүт жүргүзүп жатканда “Бүтүн Кыргызстан” бензинге акчасы жок жүрүп эл менен жолугушууларды өткөрдү. Бирөөлөр тутамдап акча таратып добуш сатып алса, “Бүтүн Кыргызстан” акчасыз үгүт жүргүзүп, 145 миң шайлоочунун добушуна ээ болду. Ушунча элдин ишенимине ээ болууда партиянын лидери катары Адахан Мадумаровдун эмгеги чоң.
– БУЛ ЖЫЛЫ КАЙСЫ ЫРДЫ КӨП УКТУҢУЗ?
ЭРМЕК НУРБАЕВ, “Тамашоу” лигасынын алпаруучусу:
– Өзүнүкүн мактайт болбоюн, бирок “Тамашоунун” гимнин көп уктум. Билесиздер да, “Кыргызстан” деген аталышта “Жигиттердин” Азаматы ырдап, калганыбыз коштойбуз. Ошону кайра-кайра жаздырып, оңдотуп жүрүп көп укканга туура келди.
Элдин ырларынан айтсам, Омардын “Кош жүрөгүн” көп кайталап угуп жүрөм. Бул ырды элге жарыялана элек кезде, Омар экөөбүз Маямиге баратканда уккан элем. Омар рулда уйкусурап баратып "братан", уксаң, мындай ыр жаздырганы турам" деп обонун созуп берген. Ал кезде тексти жазыла да элек болчу, ошондо эле жаккан. Азамат, жакшы сөз жаздырып, клип тарттырып, элге жеткирди. Мирбек Атабеков да “жакында чыгат” деп бир ырды ырдап берди. Жагымдуу экен, ошону да жактырайын деп жатам.
АНАРА ЧИЛЕТИРОВА, “Жаш кыял” элдик бий ансамблинин жетекчиси,
www.super.kg сайтынын активдүү колдонуучусу:
– Азырбы? Каныкейдин ырлары менен “ооруп” жүрөм. Бир-эки айдан бери ушул кыздын аткаруусундагы көп ырларды уктум. Ага чейин Дайыр Исмадияровдун “Кара көзүм” деген ырын үйдө да, машинада жол жүргөндө да, силердин сайтыңардан да угуп жүрдүм.
Айбек Нурадилов
star@super.kg