Эльвира Сурабалдиева: “ТУУРА ТАНДОО ЖАСАҢЫЗ, ГҮЛДӨГӨН ӨЛКӨНҮ БИРГЕ КУРАЛЫ!”

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

27-февралда Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Анын жыйынтыгы шаар үчүн, өлкө үчүн жана ар бир жаран үчүн өтө маанилүү. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөбү же дагы деле жакшы жашоону куру үмүт менен күтүү уланабы – бул сиздин добушуңуздан көз каранды.

Эң маанилүүсү - Сиз тандаган депутат башкалардын пикирине баш ийип, демөөрчүлөрүнүн айтканын аткарабы, же парламентте элдин таламын талашып, акыйкаттык үчүн күрөшүп, тартипти талап кылабы?

Ойлонуңуз!

Депутаттыкка талапкер катары аттанып чыгуума себепкер болгон менин элим болду. Менин эң негизги колдоочум, тирөөчүм – ЭЛИМ бар!

Шаардын тургундары, шайлоочуларым менен болгон ондогон жолугушуулардан кийин буга толук көзүм жетти. Каалооңуздарга, бата-тилегиңиздерге жана конструктивдүү сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем!

Сиздердин сунуштарыңыздардын көпчүлүгү менин программамдын негизин түзүп, ал чынында Элдик болуп калды. Анын ар бир пункту Кыргызстандын жаркын келечегине, мекендештерибиздин жашоо-турмушунун престиждүү, коопсуз болушуна багытталган.

Сиз менен биргеликте түзгөн программада саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, коопсуздук, маяна, жөлөк пулдарды жана пенсияны жакшыртууга багытталган негизги иш-аракеттер камтылып, аларды чечүүнүн реалдуу ыкмалары сунушталган. Чынында, бул жакынкы жылдар ичиндеги менин парламенттеги аракеттеримдин планы. Сиздер менен жолугушуу – менин бул иш-аракеттеримди дайыма толуктоодо.

Мен парламентте өлкө келечегине кайдыгер эмес эл өкүлдөрү менен биргеликте өз программамды ишке ашырууга аракет кылып, шайлоо округунун аймагындагы көйгөйлөрдү өз убагында чечип, өлкөнүн ар бир жаранынын жаш курагына, диний ишенимине жана саясий көз карашына карабастан алардын татыктуу жашоосу үчүн адилеттүүлүк менен күрөш жүргүзүүгө кепилдик берем.

Ар бириңиздерден 27-февралда өз шайлоо участогуңуздарга барып, туура тандоо жасап, мени колдоп берүүңүздөрдү суранам.

Биргеликте гана биз Кыргызстаныбызды гүлдөп, өнүккөн өлкөгө айландыра алабыз.

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан