Жылдыз төлгө. 28-ФЕВРАЛДАН 6-МАРТКА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Максатыңызга жетүүдө өзүңүзгө чечкиндүү талаптарды коюңуз. Апта ортосунда жумушуңузда буга чейин чечилбей келе жаткан оор маселелерди чечип жеңилдеп каласыз. Ата-энеңиз менен мамилеңиз жакшырып, руханий жактан азыктандырчу булагыңызга айланат. Апта аягында ден соолугуңуз начарлап, өзүңүздү жаман сезишиңиз мүмкүн. Чөйрөңүздөгү жагымсыз жагдайлардан улам сиздин кайсы бир кадамдарыңыз чектелип калышы ыктымал.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Студенттер үчүн ийгиликтүү жума болот. Буга чейин сиз түшүнбөй жаткан окуу материалын мыкты өздөштүрүп, интеллектуалдык жөндөмүңүз өсөт. Ошондой эле алыска сапар тартууга же чет өлкөгө саякаттоого чыгууну пландаган букачарлардын сапарын ийгилик коштойт. Букачар айымдар жер жаңырып, жаңы мезгилдин келиши менен сырткы келбетин өзгөртүп, жашоосуна жаңылык киргизүүнү каалашы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер бул аптада интригалардын башында туруп “көмүскөдөгү кардинал” атка конушат. Атаандаштарыңыз сизден күчтүү болуп, сиздин алсыз “аймагыңызды” өз кызыкчылыгына колдонуп кетпеши үчүн ашыкча сөз сүйлөп пландарыңызды айтып албаганыңыз туура. Жалгыз бой лор жактырган адамына сезимин билдире албай жүрсө бул жума аракетти баштаса болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Түгөйүңүз менен мамилеңиз жаңы баскычка көтөрүлүп, анын буга чейин билбеген жакшы адаттарын табасыз. Никесин мыйзамдаштыра элек түгөйлөр аптада той күнүнүн белгилеп, үлпөт тоюна даярдана берсе болот. Сиз жөнүндө айтылган ушак-айыңдар жакындарыңыз менен болгон мамилени чыңалтып, үйдөгү салкын атмосфера сизди түйшөлтүшү мүмкүн. Апта ортосунда жакшы кабар угуп маанайыңыз көтөрүлөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Тобокелчиликке баруу, бат чечим чыгаруу жөндөмүңүздүн жардамы менен көп иштериңиз бүтөт. Жалгыз бой арстан айымдар сымбаттуулугу менен мырзаларды магниттей тартып жаңы таанышууларга, жаңы сүйүү мамилесин курууга жол ачылат. Техника буюмдарына сак болуңуз, кокусунан колдон түшүп сынып калган кол телефон же ноутбуктун артынан чөнтөгүңүз жукарып калышы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада бийкечтер чет өлкөгө чыгууга, жаңы тил үйрөнүүгө дилгир болуп, пландарды ишке ашырууга аракет кылышат. Сүйүктүүсү бар бийкечтер романтикалык жолугушууга даярдык көрө берсе болот. Сүйүктүүңүздүн жардамы менен чечилбей жүргөн маселелериңиз чечилет. Балдарды тарбиялоодо басым, буйрук иретинде каалаганыңызды мажбурлап жасатуудан алыс болуңуз. Түгөйүңүз менен каржы маселесинде талаш жаралышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Конушун которууну каалагандар үчүн ийгиликтүү апта. Башка өлкөдө жашоону кыялдансаңыз каалоолоруңузду ушул аптадан тартып ишке ашыра бериңиз. Ден соолугуңузга сак болуңуз, эски оорулар козголуп дарыгердин жардамына муктаж болуп калышыңыз мүмкүн. Виртуалдык таанышууга кабылган таразалар сезимдерине эркиндик бербей турганы оң, сиз жактырган адам такыр башка өңүттө өзүн көрсөтүп, оюңуздан кайтышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада бардык окуялардан кабардар болуп, жакындарыңыз жөнүндө көпчүлүк билбеген маалыматтарды алууга кызыгасыз. Студент чаяндар интеллектуалдык дараметинин күчү менен окууга тиешелүү көп маселелерин чечишет. Чаян айымдар түгөйүн ашыкча кызганып, анын баскан-турганын көзөмөлдөөгө аракет кылбаганы туура. Мындай кадамдар мамилени суутуп, эки ажырым жолго алып келиши мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сизге бут тосуп, көрө албастык кылган адамдардын тилегин таш кабат, анткени сиздин акылыңыз тунук жана душман кайсы жерден кол саларын так билесиз. Үйүңүздө оңдоп-түзөө иштерин жасайм десеңиз азыртадан курулуш материалдарын сатып алганыңыз оң. Балдарыңыз менен мамиледе жоопкерчиликтүү болуңуз, сатып берем деген буюмун сатып берип, убадалаган нерсени убагында аткарганыңыз жакшы.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада бир эле убакта бир нече долбоордун үстүнөн иштеп, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушуңуз мүмкүн. Текечер айымдар кызганычтын туткунунда калбоо үчүн түгөйүңүзгө болгон ишенимди бекемдеңиз. Аны түгөйүңүздүн сизге кылган мамилеси, жылуу сөздөрү берет. Жакындарыңыздын материалдык колдоосуна арзып, көйгөйүңүздү чечип аласыз. Спорт менен машыккан текечер мырзалар спорттук мелдештерде ийгилик жаратышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Инсан катары таасирдүүлүгүңүз, жугумдуулугуңуз артып сүймөнчүккө айланасыз. Чечилбеген маселелерди кийинкиге жылдырып, бул апта колдон келген жумуштарыңызды бүтүргөнүңүз оң. Жоопсуз сүйүүгө кабылгандар үмүттү үзбөй тургула, сиз жактырган адам сиздин мыкты сапаттарыңызды байкап жооп кайтарышы мүмкүн. Аптада шылуундардын кылтагына илинип, ири суммадагы каржат жоготуудан сак болуңуз. Алыска сапар тартууга шашылбаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Досторуңуз менен эски таарынычтарды чечишип алыңыз, себеби жакынкы күндөрү алардын колдоосу керек болот. Үй-бүлөлүү балыктарда түгөйлөрдүн бири жумушунда жаңы кызматка көтөрүлүшү күтүлөт. Сүйүктүүңүз менен майда-чүйдө нерселер үчүн талашып-тартышпай өз оюна коюңуз, ал күнөөсүн кийинчерээк түшүнүп сизден кечирим сурайт. Чыгармачыл багытта иштеген балыктар өзүндөгү жаңы таланттарды ачып, ал өнөрүн элге сунуштоого аракет кылышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан