(Башы өткөн сандарда)
Карлыгач жумушка кечигип калбайын деп жан далбастап үйдөгү жумуштарын арыдан-бери бүтүрүп, балдарды алып Мараттан биринчи чыгып кетти. Күзгүгө бир каранып алып үйдөн чыгып бара жаткан аялын узата карап Марат кала берди. Сүйлөйүн деди, бирок уруш баштагысы келген жок.
– Мейли, элдей болуп эки-жакты көрүп иштесең иштечи. Күндө уруштун сөзүн сүйлөй бербейинчи мен дагы. Балким, экөөбүз бирге иштеп көп нерсеге жетербиз,- кийимдерин кийип жатып Марат өзүнчө сүйлөнүп койду. Бирок эмнегедир ичинде баштагы коркунучу кайрадан жанданды. Карлыгачты жоготуп аламбы деп корко баштады. Карлыгач экөө 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Ошол аралыкта кайтарганы эле Карлыгач болчу. Кареги менен тең айланып жүрүп Карлыгачтын жүрөгүн багындырган. Бирок турмуштун даңгыр жолу башталгандан кийин бара-бара Марат да өзгөрдү. Мүнөзү туруксуз, бир туруп мындан өткөн жоош киши жок, бир карасаң ашынган ачуулуу. Бирде жубайына абдан жумшак, карамдуу, бирде катаал болуп калат. Экөө баш кошкон жылы иштеп келүү үчүн Орусияга сапар алышты.
– Марат, Орусияга барып иштеп келбейлиби?
– Экөөбүз теңби?
– Анан эмне сени таштап мен кетип, же мени таштап сен кетмек белең?
– Сени таштабай калайын, сага араң жеттим го,- Марат күлүп калган.
– Сенин үйгө деп чогултуп жүргөн акчаңдан алып турсак.
– Кой, ага тийбейли. Акча бир бузулса эле чачылат.
– Эми экөөлөп иштеп үйдү чогуу алабыз да. Эртең балалуу болсок экөөлөп иштей албай калабыз. Анда сен бизди жалгыз багышың керек болот,- деп жатып Карлыгач көндүрдү Маратты. Экөө Москвада 4 жыл иштеди. Кийин Карлыгач кош бойлуу болгондо Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринен азыркы жашап жаткан үйдү алышып, Кыргызстанга келишкен. Ошону менен Марат курулушта иштеп, Карлыгач төрөп үйдө отуруп калды. Аны чоңойткуча экинчиси боюнда болду. Ошону менен 6 жылдан бери Карлыгач үйдө отурган. Бул учурда Мараттын жүрөгү тынч болчу, азыркыдай оюна ар нерсе келе берчү эмес. Жубайынын үйдө отурганына көнүп калгангабы эмнегедир жубайы жумушка чыккандан бери жай ала албай жүрөт.
ххх
Карлыгач жумушка бүгүн баарынан эрте келди. Жумушта Байыштан башка эч ким жок экен.
– Ой, кандайсыз? Бүгүн эрте го?
– Кечикпейин деп аракет кылдым, кандай өзүң?
– Биз жакшы. Ушул кафени чоңойтсомбу деп жүрөм. Ошонун иштери менен жүрүп уйку жок. Эрте туруп, кеч жатмай дегендей.
– Аа, башка жакка көчүрөсүңбү?
– Жок, бул иштей берет. Ушул эле аталышта “Ош базары” жакка дагы бир филиалын ачайын дегем. Ал жактан ижарага орун алып койдум, азыр балдар оңдоп-түзөө иштери менен алек.
– Аа, жакшы экен. Менин балдарымдын бакчасына жакын экен.
– А канча балаңыз бар?
– Эки.
– Балдарым деп айтпаганыңызда мен сизди бойдок экен деп ойломокмун. Сыр болбосо канчадасыз?
– Эмнесин сыр тутайын, отуз бештемин.
– Коюңузчу, өтө жаш көрүнөсүз го. Мен кызматтык абалда сый болсун деп баарына сиз деп кайрылам. Анан ошол эрежем боюнча эле сиз деп кайрылып жаткам. Сизди мен курдуу эле, көп болсо 27-28 жашта деп ойлоп жаткам. Мурда каякта иштечү элеңиз?
– 6 жылдан бери балдар менен үйдө болдум.
– Мм,- Байыш андан ары сөзүн улаган жок. Тамак даярдалуучу жакка кирип кетти. Карлыгач кийимдерин алмаштырып ишине киришти. Алгачкы кирген кардарга менюсун көтөрүп барды. Тааныды, кечээги ар кайсыны сүйлөп тийишкен кишилер экен.
– Саламатсыздарбы?- менюну сунду эле, алар кагазды карашкан деле жок.
– Ысык шорпо, чай, нан,- деди бири.
– Номериңизди дагы,- бири коштоду. Карлыгач унчукпай басып кетти. Күндө минтип келип тийише бергени үчүн аябай ыңгайсызданып турду. Ушул номерин сураган киши чыгып бара жатып Байышка кайрылып, Карлыгачты карап бир нерселерди айткандай болду. Карлыгач көз кыйыгын сала “мени жамандап жатабы?” деп ичинен санааркап жатты. “Азыркы кишилерде уят деле жок, тамагын ичип кете бербейби калжаңдабай” жини келе столдун үстүн жыйнаштырып жатты. Киши чыгып кетери менен Байыш күлүп калды.
– Охо, кафеге сиз үчүн келген кардарлар пайда боло баштаптыр.
– Эмне деп кетти?- Карлыгач идиштерди көтөргөн бойдон туруп калды.
– Номериңизди сурады. Балдары, күйөөсү бар десем болбойт го,- деп Байыш күлүп калды.
– Менин номеримди эмне кылат десең?
– Жолугушууга чакырайын десе керек да,- Байышка телефон чалуу келип экөөнүн сөзү ушул жерден үзүлдү.
“Аялы, бала-бакырасы деле бардыр, ага карабай ушинтип кыйшаңдай бергендер жакпайт, муну Марат билсе мени ишке түгүл көчөгө чыгарбай койбосун” ичинен ушуларды ойлонуп калды Карлыгач.
ххх
Айсара түш оой ойгонду. Көзүн чала-була ачып эле жанында жаткан Айфонду көрдү. Адатта ышынып араң турган кыздын телефонду көргөндө уйкусу умачтай ачылып кетти.
– Мм, Айфондуу болгонумду унутуп ушуга чейин кантип уктадым? Ушунча акчасын коротуп мага белек кылган ким болду экен?- телефонду айланта карап койду. Ашканага кирип муздаткычты ачты, жей салганга эч нерсе жок экенине бир аз жини келди да, чачын жыйнап жумуртка куурумай болду. “Телефон берген ким?” деген суроо басса-турса оюнда болуп жатты. Кең далылуу, келбеттүү жигитти кыялданып да алды. Курсагын тойгузуп келип керебетине кулады да, телефон баскылай баштады. Ал сүрөттөрү менен Инстаграм жылдызына айланган сулуу эле.
– Ого, 290 миң болуп калыптырбыз, 300гө аз калдык,- адаттагыдай катталуучуларын санап, кечээ тартып келген видеосун киргизип койду. Күзгүнүн алдында турган номер жазылган кагаз көзүнө урунду, дароо жетип барып алды да, шыкылдата номерди тере баштады. Чакыруу кеткени менен, бир топко эч ким телефонду көтөрбөдү. Дагы бир чалып көрдү.
– Алло,- деген эркектин үнү угулду узун чакыруудан соң.
– Алло, саламатсызбы? Сиз мага телефон жөнөтүптүрсүз...
– Аа, Айсара, сенби, кандайсың?
– Жакшы, ким экениңизди билсем болобу?
– Албетте, болот. Атым Тимур.
– А сиз кимсиз, мени кайдан тааныйсыз?
– Интернет жылдызы болгон сени кимдер тааныбайт? Мен болсо акылдан адашып сага ашык болуп жүргөн мырзалардын биримин.
– Мынча көп акчаңызды мага коротуп койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
– Ой, сен эмнени айтып жатасың?
– Айфон 13тү.
– Сендей сулууга кеткен акчага да өкүнчү беле?- Тимур эми түшүндү, жигиттеринин бири эртең сизге кыз өзү чалат деп жатпады беле.
– Өкүнүп калам десеңиз кайтарып берейин дегем,- кыз кылыктана сүйлөдү.
– Белекти да кайтарып берчү беле, өзүңдүн дагы жумушуң телефонго байланыштуу эмеспи, керегиңе жараар.
– Анда сизге рахмат!
– Жакса болду.
– Жакпай анан, сиздей мырзаларды кызыл китепке киргизиш керек,- Айсара телефондогу сүйлөшүүнү эмнегедир бүтүргүсү келген жок.
– Кызыл китеп, ха-ха-ха,- Тимурга бул сөз жага бербей калды. Үнүнөн кырктын кырына барып калган киши экени эч билинбейт.
– Күлөсүз го, чын да. Азыр чечкиндүү, кадамын санабаган балдарды табуу оор. Эзилип эле турушат,- Сара сөзүн узартып жолугушууга чакыруу күттү, бирок Тимур жолугушуу тууралуу үн каткан жок. Алгач телефон менен сүйлөшүп кызыктырып алуу – бул анын ыкмаларынын бири.
(Уландысы кийинки санда)