СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Балбандар Болгарияда 3-орунду ээлешти

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз улуттук курама командасы 17-20-февраль аралыгы Болгарияда өткөн Dan Kolov – Nikola Petrov эл аралык турниринде жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Бул мелдешке жалпы жонунан 16 өлкөнүн спортчулары катышып, 1-орунду Грузия, 2-орунду Болгария командалары камсыздады. Мелдештен кыргыз балбандары 1 алтын, 6 коло медаль менен кайтышты. 55 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Балбай Дордоков алтын медаль утуп алды. Ал эми төмөнкү балбандар коло медаль алышты:

Жоламан Шаршенбеков – 60 килограмм;

Тынар Шаршенбеков – 63 килограмм;

Марлен Асикеев – 67 килограмм;

Элдияр Сатаров – 67 килограмм;

Акжол Махмудов – 77 килограмм;

Үзүр Жусупбеков – 97 килограмм;

Кубанычбек Абдисалам уулу титул үчүн беттешет

Омок каймана аты менен белгилүү кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун алкагында беттеш өткөрөт. Ал 11-мартта Бахрейнде өтө турган BRAVE CF 57 мелдешинде жеңил салмактагы титул үчүн ат салышат. Анын атаандашы BRAVE CF`тин мурдагы чемпиону Амин Аюб болмокчу.

ШКУнун эл аралык марафонунун күнү белгиленди

Кыргызстандагы маанилүү спорттук иш-чаралардын бири болгон ШКУнун эл аралык Run the Silk road марафону Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 14-майда өтөрү Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан кабарланды.

Бул марафон быйыл 10-ирет өткөрүлмөкчү. Анда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк ири турнирлерге жолдомо берилет.

Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана башка спорт сүйүүчүлөр катышат. Быйыл мелдеште 3000ден ашык киши болору күтүлүүдө.

Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга басат. Марафондун байге фонду миллион сомдон ашык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан