Каарманым – Кыргыз искусствосуна, анын ичинде театр жана кино тармагына из калтырган, учурда ошол улуу жолдо бараткан адам. Бирок "эмгек жаратып койдум" деп төш какпай, унчукпай өз ишин кыла берген жөнөкөй, кызыктуу инсан. Ал – Кыргыз эл жазуучусу, кинорежиссёр, сынчы, котормочу Жаныш Кулмамбетов. Кино сүйүүчүлөрүнө анын “Күйөө балам – водовоз”, “Токолдор тополоңу”, “Жараланган турналар”, “Чыңгыз менен Бүбүсара”, “Кандуу сүйүү” сыяктуу фильмдери жакшы тааныш.
– Саламатсызбы, Жаныш агай? Көп кырдуу таланттын ээси учурда эмне менен алек?
– Саламатчылык! Азыркы учурда бир топ иш менен алекмин. Кыргыз театрынын, кыргыз элинин тарыхы боюнча фильмге сценарий жазып жатам, пьеса жазуудамын, театр адамдары тууралуу фильм тартууга камданып турам. Андан тышкары 3 окуу жайда сабак берем.
– Драматург, прозаик, кинорежиссёр, котормочу, театр таануучу, сынчы, журналистсиз. Булардын кайсынысы сизге эң жакын?
– Булардын эң жакыны драматургия. Анткени бала кезден пьеса жазам. Бүгүнкү күндө элге тартууланган 70тен ашык пьесам бар. Булардын арасында Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын театрларына коюлгандары бар. Кээ бирлерин каякта коюлганын укпай деле каласың. Негизинен, өзүм каалаган нерсени жазам. Бирөөнүн буйругу менен жазбайм. Бүгүнкү күндө жазылган бойдон 15 чакты пьесам, 10 чакты сценарийим жатат, театрларга жибере элекмин. Мен буга анчалык деле кызыкпайм. Жаздымбы, демек, ал бүттү, балким, ал китеп болуп чыгар, же сайттарга жарыяланар. Пьесаларымдын баарын бир китеп кылып чыгарайын дегем, баары биригип 6-7 том китеп болсо керек.
– “Мунабиянын” сценарийин кантип жазып калдыңыз эле?
– Жамал Сейдакматова эже келип, “Казаттын “Мунабиясы” боюнча экөөлөп пьеса жазып бербейсиңерби, Казатка айтсам, жазсын, мен кошумчалайын деп жатат” деди. Повесть мага жакчу, макул болдум. Казат Акматов экөөбүз жолугуп, сүйлөшүп, ошол пьеса жазылды. “Тунгуч” театрынын алгачкы спектаклдеринин бири “Мунабия” болду.
– Өзүңүз тарткан же режиссёрлук кылган кайсы фильмиңиз өзгөчө таасирдүү болгон деп айта аласыз?
– Аны эл айтышы керек. Мен үчүн баары бирдей. Биздин бүгүнкү киноиндустрия башталган кезде Рустам Аташов “Министрдин кызынын махабаты” деген фильм тарткан. Ошонун аркасынан эле “Кандуу сүйүү” деген фильм тарткам, эмнегедир ошол тасма элдин эсинде калганын көп байкайм. Андан башка деле 20дан ашуун кино тарттым, бирок ушул фильмди эстешет.
– Азыркы кино тармагында кайсы режиссёрдун эмгегин жакшы деп баалайт элеңиз?
– Негизи жаш муун, менимче, өтө таланттуу. Алар кыргыздын бардык жашоо турмушун, көрүнүштөрүн кино кылып тартып жатышат. Атүгүл киноанекдот деген да пайда болду. Бул дегеним, кыргыздын куудулдары көрсөтүп жүргөн тамашалардын баарын киного чыгарып жатабыз. Бул кыргыздын өзүнүн уникалдуу багыты деп койсок болот. Бирок элге алынган, көпчүлүккө жаккан режиссёрлор бар. Алардын ичинен Руслан Акунду айтсак болот, анын тасмалары эл үчүн тартылган жана сапаты жакшы.
– Бала чагыңыз кайсы жакта өттү эле?
– Ал убакта Тянь-Шань району болчу, азыркы Нарын районунда өткөн. Мен малчынын баласымын. Чоң атам, чоң атамдын атасы оокаттуу, бай адамдар болушкан, Союз учурунда бай адамдардын баарын бай-манаптар деп катуу куугунтукка алышкан. Чоң атам Кулмамбет 19 жыл куугунтукта жүргөн. “Сен бай-манаптын баласысың” деп атамды мектепке окутпай коюшкан. Чоң атам качып жүрүп да үй-бүлөсүн баккан экен. Анан чоң атам атамды аргасыз малчылыкка аралаштырганга мажбур болот. Бирок чын-чынына келгенде кыргыздын байы деле, кедейи деле чогуу эле мал багып келишкен. Анткени кыргыздар уруулук түзүлүштө жашашкан, а уруучулукта эч ким бай же кедейсиң деп кодулап же мактабайт. Анткени урууда баарынын укугу бирдей болот. Ошон үчүн малга, тоого жакын болуп өскөм, тоолуктардын, малчылыктын шартын жакшы билем. 17 жашка чыкканда окуйм деп кетип, ошо менен шаардан кол үзбөй отуруп калдык.
– Жашооңузга таасир эткен бала кездеги кызыктуу окуя?..
– Менин окуучу кездеги көз карашым менен студент кездеги көз карашымдын асман менен жердей айырмасы бар. Анткени биз советтик идеологиянын, коммунисттик партиянын таасири астында чоңойдук да. Мен бала кезде дайыма өзүмдүн атамдын үстүнөн арыз жазам деп ойлочумун. “Туура эмес кылып жатат, эмне үчүн колхоздун коюн союп жейт, мен анын үстүнөн арыз жазышым керек” дечүмүн. Бул Павлик Морозовдун синдрому деп аталат. Колхоздун коюнун арасында менчик кою бар да, а мага баары эле колхоздукундай туюлчу.
Кийин студент болуп, көз карашым өзгөрдү. Коммунисттик партиянын, большевиктердин жүргүзгөн саясатынын адамгерчиликсиз экенин мен Ташкентте окуп жүргөн мезгилде түшүндүм. Ошондо бизге Ленинграддан Ракутов деген мугалим келген. Ошол киши мага аябай таасир берген. Лекция учурунда Лениндин кандай канкор, заалим экенин, большевиктер партиясынын канчалаган адамдардын башына чоң трагедия алып келгенин бизге коркпой-үркпөй айтып берчү. Ал ошонун запкысын тартты. Бир күнү эле ал мугалим жок болуп кетти. Кийин мен аны психиатриялык оорукананын жанынан өтүп баратып көрүп калдым. Барып учурашсам “вот, видишь куда я попал?” деди. Мага эскертейин деп ойлосо керек. Ошол мезгилден тартып менин көз карашым катуу өзгөрдү.
Өзүмдүн атам Осмон да партиянын катарына өткөн. Анан ал кишиден “Сиз кантип партиянын катарына өтүп алдыңыз? Сиздин атаңыз ушинтип куугунтукталган, атаңыздын билимдүү инисин сүргүнгө айдап жок кылышкан, өзүңүз ушулардын айынан окубай калгансыз” десем, “тияктан ошондой көрсөтмө келип жаткандыктан өттүм” деген. Мен, мисалы, эч качан өтпөйт болчумун.
– Совет мезгилинин кыргыздарга, кыргыз адабиятына тийгизген таасири...
– Советтик мезгилде искусство менен адабият дагы комунисттик идеологияга гана кызмат кылган. Ошонун ичинде социалисттик реализм деген түшүнүк киргизилген, анын критерийлерине туура келбеген бир жазуучу бар, ал – Чыңгыз Айтматов. Кыргыздын нукура жашоо турмушун, салт-санаасын, турмуш тиричилигин, философиясын беш колундай билген. Өзүнүн художниктик мүмкүнчүлүгү боюнча өтө күчтүү дагы бир жазуучубуз бар, ал – Төлөгөн Касымбеков. Ушул эки инсанды нукура кыргыздын жашоосун советтик идеологияга аралаштырбай иштеген жазуучулар деп айта алам.
–Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Келинчегим Назгүл Калмамбетова журналист, ал дагы мурда китеп жазчу. Кочкордун кызы, “бирибиз бугубуз, бирибиз сарыбагышпыз, биз душмандардын балдарыбызбыз” деп тамашалап калам. Эми тарыхта ошондой да.
Балдарым искусствого жакын. Бирок улуу баламдан башкасы кызыгуулары болсо да башка жолду тандашты. 2 уулум, 5 кызым бар.
– Шайгүл Алсейитова эже биринчи жубайыңыз болгонун билебиз. Эженин сиңдиси Чолпон Алсейитова бизге берген маегинде “Жаныш Кулмамбетовдун таалимин көбүрөөк алдык, ал киши биздин кандай кесипке шыктуу экенибизди билчү жана багыт берчү” деген эле?..
– Ооба, ошондой болушу мүмкүн. Ал үй-бүлө өтө таланттуу. Атасы комуз черткен мыкты киши болгон, бирок артисттерден көңүлү калган адам, ошого эч кимисин искусствого жолоткусу келчү эмес. Мен ал кишиге карабай баарын искусствого аралаштырганга аракет кылдым, анткени алардын көөдөнүндө ошондой каалоо турчу. Эми күйөө балага кайната унчуга албайт да...
– Уулуңуз Марсель Казакстанда атактуу ырчы. Сыймыктанасыз да?
– Албетте, сыймыктанам. Бир жолу менин бир чыгармам “Жастар” театрында коюла турган болуп, чакырышты. Уулум да бармак экен, чогуу учуп бардык. Экөөбүздү тосуп алышты, учак Астанага конгондо уулум продюсерине “это мой папа, он писатель” деп сыймыктануу менен тааныштырып жатат. Тескерисинче, “менин уулум популярдуу ырчы” деп мен мактанышым керек эле да. Мени тоскону келген театрдын жетекчисинин орун басары да Марселди көрүп, “бул сизге ким?” деп сурады. “Уулум” десем таң калганы эсимде.
Гулийпа Маметосмон кызы