Тилек Жумабек уулу: "КӨЗҮМДҮ АЧСАМ БУТУМ ЖООН САНДАН КЕСИЛИПТИР, ЖАМАН БОЛДУМ"

28 жаштагы Тилек Жумабек уулу бутун үшүккө алдырып ооруканага түшкөн. Ата-энесинен, бир туугандарынан айрылган жигиттин кам көрөр адамы жок. 15 күндүн ичинде 2 жолу операцияны баштан өткөрүп, тагдырдын оор сыноосуна кабылган каарманыбыз “боорукер адамдар үмүттүн шооласын күйгүзүштү” дейт.

“АТА-ЭНЕМ, БИР ТУУГАНДАРЫМ КАЗА БОЛУП, ЖАЛГЫЗ КАЛДЫМ”

– Аты-жөнүм Тилек Жумабек уулу, 1993-жылы Балыкчы шаарында төрөлүп-өстүм. 9-классты бүткөндө ата-энем “бир кесипке ээ болушуң керек” деп орто окуу жайга тапшыртышкан. Ал жактан курулуш иштерин жасоочу адистикке окудум. 2-курс болгонумда 2011-жылы кокусунан атам каза болуп калды. Атам абдан эмгекчил киши эле, жаш кезинде кырсыктап буту, бели, кабыргалары сынып, алган жаракатынан өмүр бою кыйналып жүрүп көз жумду. 2013-жылы бир тууган агам Токтогулда жүргөндө машина сүзүп каза тапты. 2017-жылы бир тууган эжем ооруп бизди таштап кетти. Бул жарыктыкта апам экөөбүз эле калдык. Апама абдан жакын элем, “баары жакшы болот, апа, мен сизди колума көтөрүп багып алам” дедим. Бирок апам эжем каза болгондон кийин күйүтүнө чыдабай 2018-жылы акка моюн сунду. Мен да “ушуну менен жашоом бүттү, жалгыз калдым, эч кимим жок” деп ойлодум. Эч жерге батпайм, бук болом, ыйлайм, өзүмдү жоготуп, соолуп бараттым. Бир күнү кошунабыз “дааватка чыгып келбейсиңби?” деп сунуштап калды. Оштун Өзгөн районуна 40 күн дааватка барып келип “жашаш керек, оокатымды кылайын” деп өзүмө келдим.

“ҮЙҮМ КАРООСУЗ КАЛДЫ, ИЧИНЕ КИРГЕНДЕН КОРКОМ”

– Балыкчыда ата-энемден калган үйүм бар, бирок кароосуз калды, Союз мезгилинен бери оңдоп-түзөө иштери болгон эмес, суусу, свети айтор, шарты жок. Ата-энемди, бир туугандарымды жоготуп жалгыз калганда молдолор, аксакалдар “сен жер которушуң керек, бул үйдө көп жамандык болду” деп айтышты. Документтери да жок, айыксам барып бүтүрүшүм керек. Мен ал үйгө киргенден корком. Барып жатып калганда кыйналып чыгам, түнү чочуп турам, жаман түштөр кирет, ошого үйүмө барбай эле тааныштардыкына жатканга аракет кылам. 2019-жылы тааныштардын чакыруусу менен Түркияга иштегени барып келдим. Бирок жалгыз адамдын акчасы чогулбайт экен, жашаган батирге төлөп, кийим-кечектен, ичкен-жегенимден арткан жок. Үйүмдү оңдоп-түзөсөмбү дедим эле, бирок көңүлүм тартпай койду.

“СУУГА БУТУМ ТҮШҮП КЕТИП ҮШҮК АЛДЫРЫП АЛДЫМ”

– Жаңы жылга чейин Балыкчы-Жалал-Абад жолунун курулуш иштеринде ар түрдүү жумуштарды кылып иштеп жаткам. 28-декабрда майрамга карата баарыбызды үйгө таратышты. Балыкчыга барып, кайра 31-декабрь күнү жаңы жыл тосом деп Бишкекке келе бердим. Шаарга келип 2-3 күн кесиптеш балдар менен болдум. Болжол менен 4-5-январда болсо керек, Кызыл-Аскер жактан караңгыда чуңкурду аттап өтөм деп жанындагы дагы бир чуңкурга бутум кирип кетти. Үстү муз болчу, караңгыда чуңкур бар экенин байкабай калдым. Бут кийимим суу болуп, бутум былчылдаган боюнча вокзалга келдим, ошол жактан жылуураак жай таап түнөйүн деп ойлогом. Вокзал жакта бир кароосуз эски үй бар экен, ошол жакка келип байпагымды сыгып, бут кийимимди жайып бутумду курткама ороп жатып алгам. Көрсө, тоңгон бутту акырындан жылытыш керек экен, мен суук бөлмөгө эле жатып алганга үшүк алып кетиптир. 1-2 күндөн кийин сууга түшүп кеткен бутум шишип, ириң ага баштады. "Тез жардам" кызматына чалдым, алар келип текшеришти, каным, жүрөгүм таза экен, “барар жериң жок турбайбы, жылуу жакка барышың керек” деп мени кароосуз адамдар баш калкалаган жайга алып келишти. Ал үйдө 10 күндөй болдум, бутум айыккан жок, тескерисинче манжа тарабы карарып баратты. Көрсө, ошондо эле гангрена болуп ириңдеп бараткан экен. Кароосуздардын үйүнө ыктыярчылар келип калып бир эжеге бутумдун ооруганын айттым, алар мени ооруканага алып келип текшертишти. Дарыгерлер бутту аппаратка тартып “жыйынтыгы чыккыча күтө тургула” дешкен. Ыктыярчылар мени “жыйынтык чыккыча ушул жакта болуп тур” деп Маевкадагы реабилитациялык борборго алып келишти.Э

“15 КҮНДӨ ЭКИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

– Аппараттын жыйынтыгы чыкканда бутумду томуктан кесмей болушту. Операция жасалгандан кийин дене табым 38-39дан түшпөй туруп алды, аябай кыйналдым. Түнү уктай албайм, күндүзү башым, бутум бүт органым ооруп чыгат. Чыдабай калдым, жаның ооруганда “ушунун баары эртерээк бүтсө” деп калат экенсиң. Дарыгерлер текшерип “бутту өйдөрөөк жактан кесиш керек, өтүшүп кетиптир” дешти. “Кескиле, кыйналып кеттим” дедим. Экинчи операция 6 күндөн кийин жасалды. Көзүмдү ачсам жандандыруу бөлүмүндө экем, бутумду карасам жоон санымдан кесилиптир. Ар бир органың сени менен жүрүп жакын адамыңдай болуп калат экен. Ичим ачышты, ыйладым, баарынан да “соо кезимде эч кимге керегим жок эле, эми кантем?” деп коркот экенсиң. 21-февралда ооруканадан чыгарып, кайра Маевкадагы реабилитациялык борборго алып келишти. Учурда бул жакта бутум жакшы болгуча жашап турам.

“БООРУКЕР АДАМДАР ЖАШООГО ҮМҮТ БЕРИШТИ”

– Бул оор сыноодон мени боорукер адамдар алып чыгып жатышат. Алардын камкордугун, мага кылган мамилесинен жашоого болгон үмүтүм жанып, “жашашым керек, менде баары жакшы болот” деп өзүмдү чыйралтып жатам. Мен жөнүндө социалдык тармактарга маалымат тарагандан баштап чет өлкөлүк мекендештер байланышка чыгып “жардам беребиз, реквизит ач” дешти. Акча жетсе, буюрса, бутума жаңы технологиядагы электрондук протез салдырсакпы деп жатабыз. Бутумдун толук жакшы болушуна дагы 3-4 ай керек экен. Айыгып, протез менен басып калсам программисттин окуусуна окусамбы деген ниетим бар. Өзүм да ошол багытка кызыкчумун. Негизи бутум соо кезде көп кыялдарым бар эле, улам күчтүү наркоздорду ала бергенгеби, аябай унутчаак болуп баратам. Болбосо эс-тутумум аябай жакшы болчу. Жаш эле туруп башымдан көп кыйынчылык, сыноолор өттү. Ата-энемди, агамды, эжемди күндө эстейм, кечинде дуба окуйм. Мындан ары кайгырбайм, капа болбойм, ыйлабайм деп өзүмө сөз бердим. Кудай сыноону адамды күчтүү кылыш үчүн берет экен, мен бышып, күчтүү болуп калдым окшойт. Тескерисинче, Кудай жиберген ар бир сыноого рахмат айта турган болуп калдым.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: Элсом 0554 330511

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан