Аптанын окуясы
Сабырдуулуктун соңку чегине жеткире күттүргөн Жогорку Кеңештин чоң жыйыны 2-декабрда болуп өттү.
Алгачкы жыйын буга чейин айтылган регламент боюнча эмес, Камчыбек Ташиевдин сунушу менен башталды. Анын айтымында, ЖКнын төрагасын дайындоо жана өкмөттүн курамын түзүүдөн мурун Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларын иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү керек. Бирок добуш берүүдө жаңы депутаттардын арасында компьютерди колдонууну билбегендер бар экени айтылды. Эл өкүлдөрүнөн мындай сабатсыздыкты күтпөгөн ЖКнын аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов “үстөлдөгү атайын китепче кирпи чеченге деле түшүнүктүү” деп балп эттирди. Анын артынан сүйлөгөн Ташиев мырза “биз кирпи чечен эмес, эл шайлаган депутатпыз” деп чычалады.
“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламенттин мурунку жыйынына келбей калып аябай даярданган экен, Жантөрө Сатыбалдиевди да жөн койбоду. “Бул киши, эмне, депутаттарды текшергени келдиби? Же Оштогу үйлөрүн куруп бүтүп коюптурбу?”- деп вице-премьерди кызартты.
Бир катар депутаттар, айрыкча “ата журтчулар” менен “ар-намысчылар” убактылуу төрага Ташболот Балтабаевдин ишине нааразычылык билдирүүгө да жетишишти. “Ар-намысчы” Анвар Артыков сөз бербей койгондугу үчүн трибунага чуркап чыгып, аксакал депутатты чаап жибере жаздады. Анвар аканын мындай жоругун айрым депутаттар жактырбай, дагы бирлери колдоп, айтор, ызы-чуу түшүп калышты.
Жыйындын жүрүшүндө төрагалыкка көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаев трибунага чыгып, Анвар Артыковдун суроолоруна жооп берди. «Порновидео» ызы-чуусу боюнча Текебаев мырза «ал киши сизге окшош эмеспи?..» деп кесе айтты. Ал эми түштүк окуясы жана Кадыржан Батыров менен байланышы жөнүндө маалыматты калп деди. «Бул ишти Башкы прокуратура иликтеп чыксын. Далилдер табылса, мени прокурордун колуна өткөрүп бергиле»,- деген жообун Текебаев мырза берди.