КАЗАК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КАРМАП КЕТКЕН ЖИГИТКЕ СОТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулуна Казакстандын аймагына кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынды. Мындай чечимди Алматы облусунун Райымбек райондук соту 23-февралда чыгарганын ТИМден билдиришти.

– Сот Сыймык Өмүрбек уулуна айып пул жана Казакстандын аймагына кирүүгө беш жылга тыюу салган чечим чыгарды. Ал камактан бошотулуп, жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилет,- деп айтылат маалыматта. Канча суммада айып пул салынганы маалымдалган жок.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Казак чек арачылары 1999-жылы туулган Сыймык Өмүрбек уулун кармап кетишкен. Шектүү мал издеп жүрүп Казакстандын аймагына өтүп кеткен деп айтылган эле. Бул арада мекендешибиздин апасы Чынара Тамаева уулун бошотуп берүүгө жардам берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан