ДОЛЛАРДЫН КУРСУ 96 СОМГО ЧЫКТЫ

Орусия менен Украинанын ортосундагы түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүүдө. 24-февралга карата өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 96 сомго чейин көтөрүлдү. Долларды сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Жарым күндө доллардын курсу 12 сомго кымбаттады. Коммерциялык банктардан да доллар сатып алуу мүмкүн болбой жатканы айтылды. Ошондой эле евронун курсу да жарым күндө 10 сомго кымбаттаганы белгилүү болду. 24-февралга карата 1 еврону 105,5-106 сомдон сатып алып, 106,5-108 сомдон сатып жатат. Ал эми Орусия валютасынын куну түшүп кетти. 1 рубль 70-90 тыйындан бааланууда. Эскерте кетсек, Улуттук банк былтыр декабрь айында жылдык рекорддук суммада интервенция жасаган. Тагыраагы, 7-декабрь күнү 71 миллион 300 миң АКШ долларын саткан. Бул 2021-жылдын ичинде доллар сатуунун эң чоң көлөмү болчу. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 70 миллион 300 миң доллар эле. Жалпы айтканда, 2021-жылы Улуттук банк 14 жолу интервенция жасаган. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жеткени маалым.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан