Айгерим Эшим, ырчы: «ЧЫГАРМАЧЫЛ ЧӨЙРӨДӨН БИР ЖИГИТ ЖАГЫП ЖҮРӨТ»

“Муздаттың”, “Жарың болоюн”, “Эркелет мени” деген ырлардын аткаруучусу, өзү айткандай, тың кыз Айгерим Эшим менен бул ирет жашоосундагы мырзалар туурасында кеп кылдык. Атасы, байкеси, иниси тууралуу кызыктарды айткан Айгерим айым менен сүйүү темасында да сүйлөштүк.

“АТАМДЫН ЭРКЕ КЫЗЫМЫН”

– Жашоомдогу мырзалардын сап башында, албетте, атам, андан кийин эле байкем менен иним турат. Мен ата-энемдин жалгыз кызымын. Бизди алар эч нерседен кем кылбай багышты. Атама жакынмын, көбүнчө ага эркелейм. Апам кээде “эмне эле капкара атаңды жакшы көрө бересиң” деп тамашалап калат. “Атаң сени эч нерседен кем кылбай башына көтөрүп бакты го” деп да айтат. Апам атама бир нерсени айта албай жатса, “сени угат го” деп мага айттырат. Ата-энем жашык, эмоционалдуу адамдар. Жакшы нерсе болсо эле апам көзү кызарып ыйлап калат. Атам билдирбейт, бирок ал да эмоционалдуу. Ошондуктан менин ырларымды угуп, клиптеримди көрүп деле сүйүнүп жашып калышат. Мени менен сыймыктангандарын байкайм. Атам да, апам да чыгармачылыгымды колдоп турушат. Кызыгып “кандай ыр жаздың?” деп сурап калышат. Кандай нерсе болбосун аркамда килтейген бир туугандарым, ата-энем бар экенин билем, аларга таяна алам, аябай жакшы көрөм.

Кыздар атасына окшош жигиттерди жактырышат дегенге кошулам. Атам шайыр, ачуусу бат жазылган адам. Апам менен урушуп кетсе 5 мүнөттөн кийин унутуп калып кайра сүйлөй берет. Анысына апам азыр деле таң кала берет. Мага ошол мүнөзү жагат. Андай мүнөз менде да бар. Бул ак көңүлдүк да. Мен да жигиттерден ак көңүлдүктү, атама окшош жагын издей берем. Атам жакшы адам, мен да болочоктогу жолдошум жакшы адам болот деп ишенем.

“БАЙКЕМ МЕНЕН ИНИМ АЗЫР ДА МЕНИ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ”

– Байкем менден 3 жаш улуу. Мектепте окуп жүргөндө ит-мышыктай эле болчубуз. Апам “кичине кезиңде байкең сени моюнуна көтөрүп алып жүрө берчү” деп айтып калат. Өзү кичинекей болсо да мени көтөрүп алчу экен. Мени бир жерге таштап өзү оюнга алаксып кетчү экен. Апам чыгып “Данияр” деп кыйкырганда кайсы кычыктан болсо да мени таап жетелеп келген учурларын айтып калышат. Байкем менен иним жоош, көп сүйлөбөгөн жигиттер.

Мектепте окуп жүргөндө байкеме сен деп кайрылчумун, жиним келсе сөгүп деле салчумун. Байкем мектепти бүтүрүп Бишкекке кетип калгандан кийин "сиз, байке" деп калдым, сый болуп калдык. Азыр көзүнө тике карап учураша албайм. Байкем мени көзөмөлдөп, коргоп, карап жүрөт. “Курсагың токпу, акчаң барбы?” деп сурап турат. Азыр мен чоңоюп калдым да, байкем дагы эле көзөмөлдөйт. Кечинде келип бөлмөмдү 2-3 жолу карайт экен, бирок менин түндө да жумуштарым чыгып калышы мүмкүн, билесиздер, студиялар түндө иштейт. Чыгыш керек болуп калса байкеме айтып кетем. Айтпай кетсем өпкөмдү үзөт. Байкем эле эмес, иним да кечигип жатсам “каяктасыз, качан келесиз?” деп чалып турат. Иним менден 10 жаш кичүү. Ал акылдуу, бир башкача бала. “Баладан башкача” дейт апам аны. Тарбиялуу, эркелиги жок, кичине кезинде да баладай болуп тентектик кылган эмес. Алар менин аска-зоом, тирегим.

“АТАМ МЕНЕН АПАМДЫН СҮЙҮҮСҮНӨН УЛАМ СҮЙҮҮГӨ ИШЕНЕМ”

– Жигиттер жөнүндө айтсам, буга чейин бирөө менен олуттуу мамилем болгон эмес. Мектепти бүтүп Бишкекке келгенден бери эле байкемдер менен жашайм. Жогоруда айткандай, алар мени катуу көзөмөлдөшөт, эшикке ашыкча чыкпайм. Университетте окуп жүргөндө “Кыз-Буракта” иштеп калдым. Эшикке чыгып ойноп-күлүүгө убакыт болгон жок, “Кыз-Буракта” тарбия катуу да. Негизи тың кызмын, көп сүйлөшүп коюшум керек болчу (күлүп).

Мен жолдошумдун максат, кыялдары бар болушун, үй-бүлөсүнө жакын, үй-бүлөсүндөгү адамдарды биринчи планга койгон, ыймандуу мырза болушун каалайм. Бизде бойго жеткен кыздарды “турмушка чык” деп айта беришет эмеспи. Мага да ошентип мурда айтып калышчу. Бир ирет үйдө отуруп алып “мен тиерде силерге айтам. Ага чейин унчукпагыла, мага ыңгайсыз болот” деп сүйлөшкөм. Ошондон кийин “күйөөгө тий” деп айтпай калышты.

Сүйүүгө ишенем. Ата-энемден улам да сүйүүгө ишенем. Атам чүйлүк, апам нарындык. Мурун жубай тандоодо “алыстан алба” дешчү экен го. Атам 8 бир тууган да, бир туугандарынын жубайлары, жолдоштору жалаң чүйлүктөр, ата-энеси “андан ары өтпөгүлө” деп койгон экен. Атам апамды сүйүп калып, каршы болгондоруна карабай үйлөнүп алган.

Азыр мага бир жигит жагып жүрөт, ал да сезимдерин билдирүүдө, чыгармачыл чөйрөдөн. Ал жигитке “Супер-Инфого” барам” деп койсом, “баратасыңбы, эмне кийдиң?” деп улам сурап чалып жатты. Ушуну көрүп менин болочок жолдошум чыгармачыл адам болсун деп өзүмө шарт койдум. Анткени чыгармачыл адам колдойт, түшүнөт, алдыга сүрөйт экен. Башка чөйрөдөн болсо түшүнбөй коюшу мүмкүн. Мен үй-бүлө деген адаммын. Чыгармачылыкты түшүнбөгөн адамга тийсем мунун баары калып калат, ал мени сүрөбөсө, баарын таштап коюп үй-бүлөмө берилип кетсем керек.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан