Таласбек Кашкариев дегенде эле “Бытыкый куудул” деген сатира көз алдыма тартылат. Мындай сатираларды жаратуу, элге күлкү тартуулоо чоң таланттын күзгүсү эмеспи. Куудулдук өнөрү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Таласбек Кашкариев менен чыгармачылык жолу тууралуу маектештик. “Рахман Разыковдун сатирамды жактырганы мага чоң дем берген” дейт ал.
“МУХТАР АТАНАЛИЕВДИ ӨКҮЛ АТА КОЙГОМ”
– Мен 1980-жылы Токтогул районуна караштуу Толук деген айылда төрөлгөм. 1992-жылы Сокулуктун Жаңы-Жер деген айылына көчүп келгенбиз. 12 бир туугандын онунчусумун. 9-классты бүткөндөн кийин окууну уланткан жокмун. Аскерге барайын дегем, бирок мага аскерге да чакыруу келбей койсо боло. Кичинемде эле айылдагы балдарды чогултуп чөптүн үстүнө отургузуп алып концерт коё берчүмүн. Оозума бир нерсени салып алып сүйлөп күлдүрүп, чылапчындарды таңкылдатып ырдап берчүмүн. Эмнени максат кылсаң Кудай ошону берет дейт экен, кыялданган кесибимди аркалап келе жатам.
1998-жылдан тартып Роза Таберикова, Майрамбек Осмонов менен гастролго чыгып, афишаларын илишип жүрдүм. Майрамбек Осмонов таякем болот. Мени "Ямаха", гитара карматып сахнага чыгарып койчу, фонограмма эле да. Өзүмчө аябай кыялданып алчумун. Концерт бүткөндө эл мени таанып калды бекен деп эшикке чыкканда элди карай берчүмүн (күлүп). Бир жолу Майрамбек Осмоновдун концертине Мухтар Атаналиев келип ырдап калды. Мен болсо баягыдай эле гитарада турам, бүткөндөн кийин Мухтар байкеге жолугуп “артист болоюн дедим эле, мени дагы гастролго алып кетпейсизби” дедим. “Эртең Ысык-Көлгө гастролдоп кетип жатабыз, эртең менен Арча-Бешикке Абды Кадырматовдун үйүнө барып кал” деди. Ошентип бир айга кетип калдык. Ал жакта "Ямахада" турдум, балдарга кошулуп интермедияларга чыга баштадым. Сахнага чыккым келип ичимден бирөө кетип калса экен деп тилеп коём. Гастролдон келип сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөндүм да, Мухтар Атаналиевди өкүл ата коюп алдым. Анан кайрадан гастролго кетип калдым.
“ГАСТРОЛГО ЧЫКПАЙ КАЛСАМ БУК БОЛУП КЕТЕМ”
– Куудулдук – көксөп жүрүп жеткен кесибим. Чыгармачылыктан башка бир дагы кесипти кыялданган жокмун. Башында ырчы болом деп ойлочумун. Бирок ырдаганымдан күлдүргөнүм көп болчу. Куудулдук өнөрдөн өзүмдү таптым окшойт. Гастролго чыкпай калсам бук болуп кетем. Негизи биз, куудулдар, тынбай гастролдоп турабыз. Балдар 8-Мартка карата дагы гастролго кетип жатышат. Мен барбайм, себеби Аялдардын эл аралык майрамына карата Токтогулда өзүмдүн жеке концертимди берем. Андан соң Мирлан Баеков, Союзбек Сейитказиев болуп Аксы жергесин кыдырып келели деп жатабыз. Ал эми 1-апрель күлкү күнүнө карата Бишкекте филармонияда жеке концертимди бергени жатам. Ошол концертиме даярдык көрүп, изденип жүргөн кезим. Буюрса, концертте өзүм жазган гана сатиралар ойнолот, башка бирөөнүкүн кошпойм. Адам ишин сүйсө ушундай бир көңүлү менен кылат экен. Мисалы, мага бир гектар капуста, картошка эгип берип бак десе көңүлсүз жасамакмын. А чыгармачылыкка көңүл кош мамиле жасай албайм.
“КАЙДА ЖҮРБӨЙҮН САТИРАГА ИДЕЯ ИЗДЕЙ БЕРЕМ”
– “Тентектер” деген топ түзүп сахнага чыгып жүргөндө эле тамашаларды даярдап чыкчубуз да. Ошондо эле менде сатира жазууга шык бар экен. Мен аны байкаган эмесмин. Рахман Разыков бир концерттен аялдарды калькуляторго салыштырып жазган сатирамды көрүп жактырыптыр. Ысык-Атада өткөн бир концертке чакырды, анда сахнадан тим эле тыпылдадым. Ошондон кийин “Ар бир айдын алтысы” долбооруна чакырды. Агай көрөгөч киши эле, билсе керек, “шыгың бар, сенден сатирик чыкчудай, сатира жазсаң болот экен” деди. Ошого менде өзүмө ишеним пайда болду. Агайдын сөзү мага ушунчалык дем берди. Ошондон кийин көп эле сатира жаздым. Сатира негизи изденбесең келбейт. Кайда жүрбө дайыма изденип жүрөсүң. Достор, туугандар, үй-бүлөм менен сүйлөшүп калганда деле баарын сатирага буруп, идея издей берем. Баланча сатира меники деп айта бергенди жактырбайм. Эл жактырып “муну ким жазды болду экен?” деп кызыгып билсе ошондон эргүү алам. Мээнет кыла берсең Кудай акыбетин кайтарат деп жатпайбы. Кудайдан “менин даражамды жакшы жагына көтөр, бирөөгө зыяным тийбесин” деп сурайм. Ошентип эле өз ишибизди жасай берели.
“БИЗДИН КАЗАН-АЯК ТАРС-ТУРС ДЕП КАГЫШПАЙТ, ТЫРС ДЕП ЭЛЕ ТОКТОЙТ”
– Учурда 42 жаштамын, ага карабай көпчүлүк мени ини дей беришет. “Жаш көрүнөсүз” дегендерге “жакшы аял алсаң ушундай жаш көрүнөсүң” деп күлүп калам. Себеби адам көчөдө жакшы маанай менен жүрөйүн десе дагы үйдө тынчтык жок болсо үйдү ойлой бересиң да, а үйдө тынчтык болсо сыртта кандай кыйынчылык болбосун билинбей өтүп кетет. Ал эми аял кишинин кулагын жакшы сөздөр менен толтуруп койсоң, ага башка жаман сөз өтпөй калат. Келинчегим аябай түшүнүктүү, гастролдоп жүргөндө бар-жогумду билдирбейт. Экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 21 жыл болду, бир жолу да жүрөгүбүздү ооруткан сөз айтышкан эмеспиз. Бир аз пикир келишпеген учурлар болот, бирок биздин казан-аяк тарс-турс деп кагышпайт, тырс деп акырын гана бири-бирине тийип кетиши мүмкүн. 1 уул, 2 кыздын атасымын, улуу балам 20 жашка чыгып калды. Келинчегиме аябай ыраазы болдум, идеяларды жазып жүргөн дептерлеримдин баарын чогултуп жүрүптүр. Азыр ошол дептерлердин кереги тийип жатат. 12 жылдан бери жазып келе жаткан “Попугай” деген сатирам бар. Концертимде ошонун багын ачам. Буга чейин 2 жолу ойнолгон. Бирок ошол учурдагы деңгээлиме жараша болгон. Азыр анын үстүнөн жакшылап иштеп жатам. Буюрса, жакшы сатира болот деген ойдомун.
“ФЕЙКТЕР БААРЫН КУРЧАП АЛДЫ...”
– Жакында эле жазылган эки пародия ырым жакшы тарады. Алардын бири (ред.: Кубаныч Сатаевдин "Күндөр, ай" ырына жазылган пародия):
Фейсбукта жалаң кайгы,
Фейктер баарын курчап алды.
Урушсак да жеңе албай,
Же чындыкты айта албай, ай-ий-ий-ий.
Интернетиң чатак экен.
Элдин баарын бир өзүнө буруп алды.
Фейктер, фейктер, фейктер, ай,
Фейсбуктан кетпейт, ай,
Маянаңар жакшы экен,
Элдин баарын эки-экиден бөлүп салды.
Динара Акимова