(Башы өткөн сандарда)
Алмаз, келинчеги Гүлүм, эки уулу менен Аскардыкына конокко келишти, бул конокко Аскар өзгөчө даярданган эле. Өзүнүн дайымкы кылт деп ичи тарып кеткендей сезим аларда да болушун каалаган. Алмаздын да анын жашоосуна суктанышын каалаган. Заңгыраган үйү, столдо дүйүм тамак, жей турган эмне болсо ошонун баары алдында. Бирок түк эле Алмаздын да, Гүлүмдүн да жүзүнөн ич күйдүлүк жылт этпеди. Аялдык кылып Гүлүм бул үйдүн көркүнө суктанабы десе, жок, анын кашы да былк этпей койду.
– Мына, менин уулум Эркин,- деп бакылдай тааныштырды Аскар.
– Бул аяш атаң Алмаз болот.
“Атамдын ушундай да жөнөкөй досу бар беле?” дегендей көз караш уулунда да, кыздарында да турду. Бою узун, келбеттүү Эркинди Алмаз ичи жылый карады. Качанкы бир учурдагы Аскарды көргөндөй болду.
– Кандайсың, баатыр? Сен атаңа окшош турбайсыңбы. Студент кезде куду сендей жигит болчу.
– Койчу, мен ушундай белем?- деп ишенбегендей карады Аскар. – Мен муну апасын тарткан деп эле жүрсө...
Гүлүм күлүмсүрөп Эркинди карап жатты. Жигит чын эле атасынын жаш кезине окшош экен. Ыр сүйгөн, көздөрүнөн учкун чачыраган, дили ак Аскар эле ал убакта. Отуруш улана берди, бакылдашып көпкө отурушту, акырында өзү жеткирип келди Аскар. Үйүнө келе жатып соксоюп сыртта скамейкада отурган уулун көрдү.
– Өй, сен эмне кылып отурасың?
– Дем алып...
– Бирөөнү сүйүп калгандан соосуңбу?
– Коюңузчу, ата...
– Хе-хе, айтып койдум да, абайла иши кылып...- деп баратып Айсулуу да ошол окуу жайда окуй турганын сурамакчы болуп барып жөн болду. “Эмне демек эле, чаргытып жооп берет да, ал нерсени сурап кереги жок” деп ойлоду.
Эркин жалгыз отурду, суукту да сезбегендей, бирде ичинде бир кубаныч бардай жылмайып алат, бирде Айсулуунун кайгылуу көздөрүн көргөндө өзүнөн өзү жаны кашаят. Кызык, ушундай супсулуу көздөр бажырайып күлүп турса эмне болмок, ээ? Ал күлкүнүн өчүшүнө ким күнөөлүү? Эркин!
Эртеси кайра эле кызды көргүсү келди. “Бүгүн акыркы жолу! Башка көрбөйм. Жолобойм!” деди өзүнө-өзү. Кепканы маңдайын түшүрө кийип алып кофесин ууртамыш этип ноутбуктун үстүнөн кызды карап отурду. Окуп жаткан китебинен башын көтөрүп Айсулуу дал өзү отурган жакка көз жиберди. Бир саамга гана көздөр кагылыша түштү. Кыз байкабады деле, бирок Эркиндин денесине ток тийгендей титиреп, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп баштады. Тез көзүн тартып алды. Ноутбугун жыйыштырып, турууга камынды. Куду капыстан өрткө колу тийип, ошол от бүт дүйнөсүнө, денесине жайылып, жүрөгү кошо өрттөнүп бара жаткандай сезилди.
ххх
Аскардын телефонуна белгисиз номерден чалуу келди. Тез көтөрдү.
– Алло...
– Жолугуп сүйлөшүү керек.
– Ким бул?
– Анвар.
Аскардын колдору титиреп кетти. Өзүн колго алды.
– Кайсы жерден, качан?
Убакытты такташкандан кийин шалдырай отуруп калды. Эмне керек буга? Дагы эле казып жатат бир нерселерди... Аялы үчүнбү? Же кызы үчүнбү? Кандай үч бурчтукка кептелди? Кафетерийдин караңгыраак бурчунда отуруптур. Дароо тааныды. Альфиянын айтымында, дал ушундай киши болчу. Бутунун учунан чачына чейин интеллигент адам деп элестеткен. Дал ошондой экен. Болгон кайратын жыйып жанына барды. Бирин-бири үнсүз тиктешип калышты. Көзү менен “отур” дегендей жаңсады Анвар.
– Мен бул ишке сенин уулуң Эркин аралашканын билем. Жандарында дагы бир бала болгон экен. Бирок аларга Айсулуу тууралуу сенин уулуң “тапшырма” бериптир. Сенин уулуң күнөөлүү, мен баарын билдим. Болгону далилим жок. Азырынча! Табылат, ал далил дагы. Бил, баасы кандай болсо да мен ал далилди табам. Сени жана сенин уулуңду түрмөдө чиритем! Жанагы мени жакадан алып коркута турган “криминалдарыңа” башым да оорубайт.
– Мен эч кандай сага “криминал” жиберген жокмун,- деди Аскар.
– Калп айтканда адамдын көздөрүнөн билинет. Бирок сен ушунчалык көп калп айткандан сага көнүмүш деле болуп калыптыр.
– Эмне керек сага? Күнөөлүү адам түрмөдө! 10 жыл алды! Дагы эмне жаныңды тынчытпай жатат?
– Ал кылмышты аткарган гана адам. А сенин уулуң чыныгы күнөөлүү...
– Сенин өзүңө эле жаман болот, Айсулууга жаман болот. Токтоп кал!
– Хм, корктуңбу менден? Корк, туура кыласың. Бирок экинчи сенин оозуңдан менин кызымдын атын укпайын! Болушунча кирдеттиңер, кызымдын атын оозуңа алып дагы кирдете албайсың.
– Альфия үчүнбү?
– Эч андай эмес, Альфиянын өзүнүн тандоосу. Экөөң эртең үйлөнүп алсаңар да кылым кыйшайбайт. Бирок сен ага да эр боло албайсың! Сен коркоксуң! Сага болгон сезиминен пайдаландың, кереги жок болгондо жөн гана таштап койдуң. Бул үчүн качан, кантип жооп бересиң билбейм, бирок кызым үчүн ушул дүйнөдө менин көз алдымда жооп бересиң.
Аскар эч нерсе дей албады. Анысы да, мунусу да чын болчу. Бир аз коркуп калабы деп балдарды жибергени да чын. Анвар сөзгө келбеди. Айтчусун айтып “жанагы башы иштебеген “немелер” мени подъездде күтпөсүн, кызымдын көзүнө да көрүнбөсүн, болбосо мындан да башкача сүйлөшөбүз” деп шарт туруп алып кетип калды. Аскар ойлонуп отуруп Эриктин атасына телефон чалды.
– Тиги токтоп калар түрү жок, коркутуп жатат дагы казам деп.
– Ошол келесоонун айынан бир жумадан бери компанияда текшерүү жүрүп жатат!- деди киркиреген Эриктин атасы.
– Сен айласын табышың керек, мен бул үчүн сага эмне деген акча бердим. Алдыңбы акчаны, эми мээңди иштет! Мага чачыратпай туруп ишти бүтүр! Жөн эле акча алып жата бербей!- деп туруп карс эттире телефонду коюп салды. Дили ооруп чыкты. Ансыз да бизнеси жакшы жүрүшпөй, анысы аз келгенсип Эриктин атасына оңой эмес акчаны өткөрүп берип жаны кашайып турган. “Эмнеге мен ушундай абалга кептелдим? Эмнеге?” деп жүрөгүн мыкчый берди.
ххх
Анвар чыгып алып Альфияга келди. Эмнеге экенин да билбеди, Аскардан кийин аядыбы, же жалгыз экенин жүрөгү менен сездиби, же акыркы жолу сүйлөшүп калууну жогорку күчтөр буйрук кылдыбы, ким билсин?..
Көчөдө жолугушту экөө. Эмнегедир тымтырс, үнсүз көпкө баса беришти.
– Үйүң жылуубу?- деди Анвар.
– Жылуу эле, эмнеге сурадың?
– Сууктан жиниң келе берет эле да сенин, эсимде калыптыр...
Альфиянын жүрөгүнө жылуулук аралап кетти. Көрсө, эсинде калыптыр кышты оор көтөрчү. “Эмнесине таң каласың, Анвар бул, бардыгына маани берген, жумшак, дили таза адам” деди өзүнө-өзү.
– Мен сага сак бол деп айтайын деп келдим. Иш биз ойлогондой эмес, Сенин... Аскардын уулу Эркинди тааныйсыңбы?
– Ооба, эмне экен?
– Айсулууга тиги иттерди ошол жөнөтүптүр.
– Эмне-е?
– Ушундай, Альфия, сен үчүн апасына болушканбы, же жөн гана айбанчылык кылгысы келгенби, ал жагын билбейм.
– Фантазия!
– Мени билесиң, жөн жерден минте бербейм.
– Мүмкүн эмес!- деди Альфия башын чайкап.
– Мен аркасынан түшүп алганым үчүн капкайдагы адамдарды жиберип жатышат, коркутууга өтүштү. Бирок мен баары бир токтобошумду айттым. Бирок Айсулуу үчүн кооптуу. Эгерде мага бир нерсе болсо...
– Өзүңө келчи. Кайдагы нерселерди айтып жатасың?
Анвар өзү аз сөздүү адам болчу. Альфияны эмне деп ишендирерин билбей калды да, үнсүз туруп калды.
– Макул, коркпо. Балким, чын эле менин фантазиям чыгар. Бирок сага муну да айтып койгум келди. Мен сени кечирдим...
– Мен кечирим сураган жокмун, кечирбе мени!- деди бурк эткен Альфия.
– Сурабасаң да кечирдим, мен башында жек көрдүм сени, өлтүрүп да койгум келген учурлар болду. Сенден жийиркенген, бир столдо тамак иче албай тургандай жийиркенген абалда жүрдүм. Бирок кызым үчүн өзүмдү токтоттум. Өх, бул канчалык күчтү талап кылат, бир билсең...
– Анан?
– Анан кечээ жакында эле сени кечирдим. Дал сенин жашыңдагы бир аялды операцияда сактап кала албадым. Өмүр өтө аз экен, мен аны сени жек көрүүгө жумшагым келбейт. Негизи эле бирөөнү жек көрүүгө жумшагым келбейт. Сени кечирдим, балким, күнөө менде дагы бар. Мен сен каалагандай жашоону бере албадым. Сен дайым көптү кааладың, Альфия.
– Кызык, эмнеге бүгүн буларды айтып жатасың?
– Жарым жашообуз уруш менен өттү. Же сен мени болгонумдай кабыл албадың, же мен сени... Жубайлык – бул сүйүү эле эмес, бир команда болуу. Биз бир үйдө жашаганыбыз менен, эки башка нерсени каалап жашадык. Биздин трагедиябыз ушул болду.
– Коркутпачы, ай, мени, капкайдагыларды айтып...- деп туруп Альфия ыйлап жиберди. Көкүрөгүндө бир коркунуч пайда болуп аптыгып кетти. Анвар кучактай калды. Эмнегедир анын да көздөрүнөн жашы ыргып кетти. Экөө кучакташып ыйлап жатышты. Жоготуп алган, төгүп алган, кайрылбай кеткен бакытка ыйлаштыбы, же жалгыз калган тагдырларына ыйлаштыбы, ким билсин? Бир топтон кийин экөө тең ыйлап жатканынан уялып кеткендей тез бошонушуп, эки жакка кетишти. Бул алардын акыркы көрүшүүсү экенин экөө тең билген жок...
(Уландысы кийинки санда)