АТАМБАЕВ, ТЕКЕБАЕВ ЖАНА БАБАНОВ Мурунку каталар эми кайталанбас...

Мезгил үнү

КСДПга берилген мөөнөттүн бүтөрүнө үч күн калганда парламенттик көпчүлүк кайсы партиялардан куралары айкын болду. Башында эле коалиция дал ушул үч фракциядан: КСДП, “Ата Мекен” жана “Республикадан” түзүлөрү айтылган. Бирок биригүү эмне себептен ушул күнгө чейин созулду? Үч фракциянын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып калуусуна түрткү болгон эмне?

АТ АЙЛАНЫП КАЗЫГЫН ТАБАТ
Өткөн аптада коалиция түзүү боюнча көшөгө артында түркүн оюндар жүрүп, бирок парламенттик көпчүлүктүн курамы белгисиз болчу. Ошентсе да серепчилер идеясы жакын санаалаштар: КСДП, “Республика” жана “Ата Мекендин” бириге тургандыгын айтып келишти. Анткен менен аталган партиялар өз ара келише албай, буга “Республиканын” тоскоол болуп жатканы тар чөйрөгө белгилүү болчу. Ушул аптада республикабызда биринин артынан бири коштолгон кооптуу окуялар таасир бердиби, атайын создуктуруп жатышкандай болгон коалицияны куруу процесси жыйынтыкталды.
Ошентип, 30-ноябрь күнү КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары коалициялык макулдашууга кол коюшту. Аталган документ “Ырыс алды ынтымак” деп аталган. Алгач Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаев коалициялык макулдашуунун долбоорун жактырып, аны Өмүрбек Текебаевге өткөрүп беришти. Коалициялык макулдашууга келечектеги өкмөттүн курамы жана программасы камтылган. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми Өмүрбек Бабанов вице-премьер-министрлик кызматка талапкер болуп чыкмакчы. Баса белгилөөчү жагдай, ар бир фракция коалиция түзүлгөн соң анын курамынан бир жылга чейин чыгып кетүүгө укугу жок. Эгерде коалиция өз ара ажырап кетсе, анда бул келишимдин арты менен кызматка келген аткаминерлер жана ЖКнын төрагасы да кызматынан кетет.

“АТА ЖУРТ” МЕНЕН “АР-НАМЫС” ОППОЗИЦИЯГА КЕТЕБИ?
Ошентип, парламенттик шайлоодо ээлеген орду боюнча биринчи жана үчүнчү болгон “Ата Журт” менен “Ар-намыс” партиялары коалицияга кошулбай калды. “Ар-намыс” КСДПнын коалицияга кошулуу сунушунан баш тарткан. Анткени “Ар-намыс” өкмөттү башкарууну колго алса гана коалицияга кошулууну, эгер Феликс Куловго премьерлик тийбесе, жакшысы, оппозициялык азчылыкта калууну туура көрдү.
КСДП менен “Ата Журттун” ортосунда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган болчу. Бирок сүйлөшүүнүн жыйынтыгы айтылбады. Демек, эки партия тил табышпаган. Кантсе да жогорудагы эки партия оппозиция катары чоң күч боло алат. Буга чейинки ЖКнын чакырылышында бийликчил “Ак жол” партиясы 71 депутаттан турса, оппозициялык маанайдагы КСДПнын курамы 11 гана эл өкүлүнөн турган. Ага салыштырмалуу “Ар-намыс” менен “Ата Журт” биргеликте 53 депутаттан турат.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ – ӨКМӨТ БАШЧЫ
КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев коалициядагы лидерлердин ичинен эң улуусу, тактап айтканда, 54 жашта. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү, 6 баланын атасы. Кесиби боюнча инженер-экономист. 1983-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунан анын саясий тажрыйбасы башталган. Ал эми Советтер Союзу ыдырап кеткенден кийин ишкердик менен алектенген. “Кыргызавтомаш” акционердик коомунун баш директору болуп, өлкөдөгү өнөр жай ишканаларында эмгектенип келди.
2000-жылы президенттик шайлоого катышкан. 2005-жылы ошол кездин оппозициясына кошулуп, Аскар Акаевдин бийлик режимин кулатышкан. Март ыңкылабынан соң Курманбек Бакиевдин командасы менен бийликке келип, кайра оппозицияга өткөн. Эки жыл ичинде массалык митингдерди уюштуруп жүрүп кайрадан бийликке келип, өкмөт башчылык кызматка дайындалган. Анда сегиз айча иштеген соң ажо Ак үйдөн "жылуу-жумшак узатып" койгон. Акыркы жылдары Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы күрөшүп жүрүп, эми бир кездеги кызматы – премьер-министрликке кайтмай болду.

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ – ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ
“Ата Мекендин” башчысы Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 52 жашка толот. Үй-бүлөдө беш бир тууган, эки кыз менен эки уулдун атасы. Кесиби боюнча мугалим, кийин юристтик жогорку билимге ээ болгон. Иш тажрыйбасын айылдагы мектепте физика мугалими болуп баштап, 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп дайындалган. Акыркы 19 жылда элге “түбөлүктүү оппозициячы” деген лакап ат менен таанымал болду. Анткени бир дагы жолу бийликтин камчысын чаап, аткаминердин креслосунда чалкалап отурган эмес.
Айтмакчы, эки ирет: 1995-жылы жана 2000-жылы президенттик шайлоого катышкан. 24-март окуясынан кийин ЖКнын төрагасы болуп дайындалып, бир жылдай парламентти башкарган. Бирок экс-президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясаты менен келише албай, ал дагы көнүмүш адаты боюнча көчөнү тандап, Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып кеткен.
Өмүрбек мырза кайра төрагалык орунга келгени жатат.

ӨМҮРБЕК БАБАНОВ – 1-ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР
Парламенттик көпчүлүккө кирген лидерлердин арасынан эң жашы болгон Өмүрбек мырза кырктын кырында. Алты эже-карындаштын ичинде жалгыз эркек, өзүнүн үч баласы бар. Саясатка караганда ишкердиги менен таанылган атактуу “республикачы” 1993-жылы Айыл чарба академиясын аяктаган. Алгач бензин сатуу менен баштаган иши акырындык менен өнүгүп, Бабановду саясат айдыңына алып келген. 2005-жылы депутат болуп шайланып, кийин “Ала-Тоо” аянтындагы митингдерди уюштургандардын бири. Анын сары футболкачан элеси дале көпчүлүктүн көз алдынан кете элек.
Анан кайдан-жайдан эле Курманбек Бакиевдин командасына кошулуп, 1-вице-премьер-министрликке келген. Бирок өкмөт башчы Данияр Үсөнов министрлердин кабинетин башкарууга келгенде, ал кызматтан кетет. Тагдырдын тамашасыбы, коалициядагы эки санаалашы сымал кайрадан эле 1-вице-премьер-министр кызматына келем деп турат.

ЭМИ ИШТӨӨ КАЛДЫ...
Жаңыдан түзүлгөн “үчилтик” канчалык бекем жана кайсы убакытка дейре бирге болорун мезгил өзү көрсөтөт. Бирок эң маанилүүсү, “Ар-намыстын” башчысы Феликс Кулов айткандай, коалициянын курамы логикага ылайык түзүлдү. Кантсе да анын ичинен экөө революциянын уюштуруучулары жана анын жоопкерчилиги азырынча КСДП менен “Ата Мекендин” моюнунда. Ушул убакытка чейин үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөшүп келгендердин колуна минтип башкаруу чылбыры тийгенде, буга чейинкилердин катасын кайталабаса экен демекчибиз. Буга чейин өздөрү бийликке карата айтып келген сындарды эске алып, ынтымактуу, жоопкерчиликтүү иш алып барышар деген тилегибизди билдирели.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ПАРЛАМЕНТКЕ ӨТКӨН ПАРТИЯЛАРДЫН ЫНТЫМАКТУУ
ИШ АЛЫП БАРАРЫНА КӨЗҮҢҮЗ ЖЕТЕБИ?

Алина Жетигенова,
46 жашта, ырчы:
– Кийинки күндөрү саясатты такыр түшүнө албай калдым. Азыр Султан Ибраимов сыяктуу эл үчүн кан-жанын аябаган патриот жок. Акча деген неме баарынын башын айлантып салды окшойт. Бул депутаттардын ынтымакта чогуу иш алып кетерине көзүм жетпейт.

Замир Дүйшөкеев,
49 жашта, пенсионер:
– Азыркы депутаттардын бир пикирге келе албай жатканы барып эле папке талашка такалат. Мындай көрүнүш жок дегенде дагы 2-3 айга созулат. Аңгыча карызга батабыз, чек ара жабылат, анан айла жок ишке киришишет.

Медер Темиркул уулу,
20 жашта, кароолчу:
– Иштеп кетерине көзүм жетпейт. Иштешсе эчак керектүү ишканаларды куруп, элди жумуш менен камсыз кылышмак да. Жаштардын көбү сай-сайлап чет өлкөдө жүрүшөт. Мен жакында эле Казакстандан келдим. Бирөөнүн элинде кул болгуча, өз жеримде иштегим келди.

Алмаз Айдарбаев,
23 жашта, жеке ишкер:
– Бүгүнкүдөй бир пикирге келе албай кайым айтыша беришсе, бири-бирине тиш кайрап калышат. Анан кантип ынтымакта иштешсин?! Көбү атын чыгаруу үчүн элге эптеп кызмат кылымыш этет да, кайра өз жандарын ойлошот.

Эдил Бообеков,
47 жашта, инженер:
– Текебаев спикер, Атамбаев премьер, Бабанов вице-премьер болобуз деп орун бөлүштүрүп алышты. Бирок бири-бирине баш ийгиси келбейт. Башында эле ыркы келишпегенден кийин бул депутаттардын келечеги барбы, жокпу, айта албайм.

Айгүл Илебаева,
35 жашта, мугалим:
– Ичтеринен бири-бирин жаман көрүшкөнү менен, сыртынан айласы жок иштешет да. Ынтымактуу болуп кетишпесе да, чогуу иштешкенден башка буларда жол жок. Бирок эл үчүн жакшы нерсе кылышарынан үмүтүм жок.

Динара Молдошева,
31 жашта, экс-депутат:
– Мамлекеттин стабилдүүлүгү азыркы депутаттардын иш-аракетинен, ынтымагынан көз каранды. Конституцияда фракция арасындагы тартип жазылган эмес. Эми бир аз чыдап турсак, ынтымакка келишер.

Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
gendirector
2010-12-04 10:33:00
Айланайын атка минерлер жесенер жегиле дагы элди да ойлоп койгула Силерден умутубуз чон
0
Varvara
2010-12-04 16:15:41
анан оз балдарыныздардын неберелериниздердин келечегин оилоп иш кылсаныздар .Кыргызстан мамлекетебиз дуйно жузунон жоголуп кетпесин каалабаит элек коз арткандар коп бизге. эн негизгиси оилонуп иш кылыныздар силерге чон ишенич
0
bapa
2010-12-04 17:35:48
козум жетпейт, орун алмашканда сумма озгорбойт,бул азыркы парламент ААА да Бакста да иштеп келген, ичип жеп конгондор, талашканы бийлик ошол эле, 1 айдан бери иштеше элек, бирок айлык алышат.... Элиди ойлошпойт... Чыдайлы... Умут узбойлу туугандар.
0
PeRa
2010-12-05 21:41:51
Chet olkogo baryp jashajly desek ajkta jatpys, osubuzdun olkodo zarplatByz ech nersege jetpejt, ushundaj kyjnoolordon bizdi aryltpaj, bajagy ele sajasatchylardyn '' min Bit tunu'' butpojt.


0
cosmopolit
2010-12-06 22:53:57
надежда умирает последней... дегендей будем надеется на хорошее...
0
Kenje
2010-12-09 22:11:11
биздин азыркы чондорго ишенич жок,баары окшош жегичтер билбейм бирок кудай алдында ант беришкен элден коркпосо да кудайдан коркушаар
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан