ЭНУРЕЗ – УКТАП ЖАТЫП ТӨШӨККӨ “ЖАЙЛАП” КОЮУ

Көбүнчө балдарда кездешчү жижиңдик дарты тууралуу невропатолог Кенжегүл Алыбаева маалымат берди. Статистикага таянсак, учурда бул оору менен ооругандардын 94 пайызын балдар түзөт.

БАЛАНЫН СИЙИП КОЮУСУ ЭРКИНЕН ТЫШ ЖҮРӨТ

– Энурез (enureo) – грек тилинен которгондо «сийип коюу» дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, жижиңдик, сийгелектөө. Бала заара кылуу процессин көзөмөлдөй албайт, заара ушатуу эркинен тышкары жүрөт. Негизинен дарт күндүзгү жана кечки (кээ бир балдар күндүзү уктап жатканда, айрымдар түнкү уйку учурунда сийип коюшат) деп бөлүнөт.

Балдарда заара кылууну көзөмөлдөө учуру бул процесске баш мээ катышып, шарттуу рефлекс жаралганда башталат. Норма боюнча табарсыкта толгон заара табарсыктын капталдарын (керегелерин) кысып, андагы рецепторлорду дүүлүктүрөт, ушундан улам мээге заара ушатуу керектиги тууралуу сигнал барат. Бала ойгонот да дааратканага же “горшогуна” жөнөйт. Бирок кайсы бир факторлордон улам аталган процесс бузулуп, энурез жаралышы ыктымал. Кээ бир күндөрү эле төшөгү кургак калбаса, көбүнчө суу болуп, үшүгөнүнөн ойгонот. Шарттуу рефлекс жарала элек алгачкы айларда ымыркай баланын аң-сезими заара кылуу процессин башкара албагандыктан шымына же төшөккө заара ушатып коёт. 1 жашка жакындаганда баланын табарсыгынын жетилүүсү бир топ жакшырып, баланын заара кылганы сейректей баштайт. Бул убакта энеси баланын заара кылганына көңүл буруп байкоо жүргүзгөнү оң. Эгерде 1 жашка жакындаган баланын заара кылганы ымыркай кезиндегиден айырмаланбаса, эне дарыгерге кайрылышы керек.

3 жашка жакындаган баланын табарсыгынын жана анын функциясынын жетилүү процесси актайт. Бирок бул куракта да бала күндүз 7-8 жолудан заара кылып же түнкүсүн төшөгүнө заара кылып койгон учурлар сейректебесе, энурез оорусунан шектенүү керек.

Айрымдар энурез дарты менен төрөлгөндөн баштап, кээ бирлери кандайдыр бир себептерден улам чоңойгондо деле оорушат. Аталган дарт айрыкча мектепке чейинки жана башталгыч класстын балдарында көп аныкталат. Айрым учурларда оорунун бар же жок экени бала 4-5 жаш куракка жеткен соң так аныкталат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Күндүз же түндө уктап жатканда сийип коюу;

Эмоциясынын улам өзгөрүп турушу, башкаларга кошулбай түнт тартышы. Мектепте окуусунун начарлашы, уктаганда тишин кычыратуусу, уйкусунун тынч болбошу жана башка.

БАЛДАРДЫН ЭНУРЕЗИНИН СЕБЕПТЕРИ:

Мээнин заара кылууну башкарган бөлүгүнүн кеч жетилиши. Нормада 2-4 жаштарда аталган бөлүк биротоло калыптагыдай жетилип, иштеп калат. Бирок айрым балдарда ал кечигип жетилет да, энурез келип чыгат.

Заара чыгаруу системинин оорулары. Мисалы, заара чыгаруучу каналдын тубаса ичке болушу, инфекциялык оорулардын бар экендиги, мисалы, вульвовагинит, баланопостит, пиелонефрит, цистит жана башка.

Ички бездердин оорулары. Гормоналдык бузулууларды коштогон оорулар, мисалы, кант диабети, гипотиреоз, гипертиреоз жана башкалар энурездин жаралышын шартташы ыктымал.

Стресстер. Баланын психологиялык запкы жешинен да жижиңдик жаралат дешет окумуштуулар. Үйдөгү чыр-чатактар, жакын адамынын кайтыш болушу, ата-энесинин ажырашып кетиши да балага чоң стресс жаратат. Стресстен улам заара кылуу процесси бузулат.

Тукум куучулук. Эгер ата-энеси экөө тең энурез менен ооруган болсо, баланын бул дартка кабылуу мүмкүндүгү 80-90 пайыз. Ал эми атасы же энеси эле ооруган болсо, дарттын балага өтүүсү 30-40 пайызды түзөт.

Баланын апасы кош бойлуу учурунда кайсы бир илдеттен, мисалы, инфекциялык оорудан жабыркаган болсо да балада энурез жаралат.

ДИАГНОЗ

Диагноз коюу жана дарылоодо врач-невролог, уролог, гинеколог (кыздарга), психотерапевттин көмөгү зарыл. Диагноз үчүн:

Урологиялык же гинекологиялык текшерүү. Врач заара чыгаруу системинде патология бар же жок экенин аныктайт. Бөйрөктүн жана табарсыктын УЗИси, цистография, урография, урофлоуметрия, лабораториялык анализдер (кандын жана зааранын) да зарыл.

Неврологиялык текшерүү. Невролог нейросонография. ЭЭГ, МРТ, жүлүндүн рентгенографиясынан өтүүнү сунуштайт.

Психологиялык диагностика. Бала ата-энеси менен психологго же психотерапевтке барат.

АТА-ЭНЕ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮСҮ КАЖЕТ?

Суюктукту жатарга 2-3 саат калганда бербөө керек. Мисалы, газдалган суусундуктарды, айран, сүт, жер-жемиштерди бербөө оң.

Түнкүсүн ар дайым бир убакта баланы ойготуп, заара кылдырып, баладагы «туруу керек» деген рефлексти жаратуу зарыл.

Баланын төшөнчү-орончусун жууп-тазалап, бөлмөсүн желдетип туруу – милдет. Досторун бөлмөсүнө киргизгенде корунбай тургандай болушу кажет.

Бала башкаларга шылдың, келеке болбошу үчүн үй-бүлө мүчөлөрү анын жижиң экендигин эч кимге айтпашы керек. Башкаларга билинип калган учурда да бул жөн гана дарт экенин, мындай оору менен жабыркагандардын саны көп экенин, балада күнөө жоктугун түшүндүрүү зарыл.

Баладагы жоопкерчилик сезимин ойготуу үчүн телефондун “будильнигин” белгилүү убакытка коюп, ал чырылдаганда өзүң туруп заара кылышың керек деп үйрөтсө болот.

Бала уктаарга 2-3 саат калганда телевизор көрсөтпөй, анын ордуна кызыктуу окуя, жомок айтып берүү зарыл.

Оорулуу баланы урушуп, кагып-силкип, опузалап коркутууга болбойт. Урушуп, опузалаганда бала эс тарткан сайын уялып, өзүн күнөөлүү сезип, чүнчүп баштайт. Айрымдар өз өмүрүнө кол салууну да ойлошу ыктымал.

Дарылоого узак убакыт менен сабырдуулук керек экенин эстен чыгарбоо зарыл. Баланын толук айыгып кетишине кеминде 1-2 жыл керек болот.

ДАРЫЛОО

Оорунун келип чыгышына карап дарылоо жүргүзүлөт.

Дары-дармектер.

Эгер мээнин заара ушатууну башкарган бөлүгү жетилбесе, анда ноотроптук дары-дармектер сунушталат. Аталган дарыны узак мөөнөткө ичүү керектелет. Алгачкы жыйынтыктар 1-2 айдан кийин гана билине башташы ыктымал.

Инфекциялардан улам жаралса антибиотиктер жазылып берилет. Анын түрүн жана дозасын врач сунуштайт.

Эгер организмде вазопрессин гормонунун аз бөлүнүп чыгышынан улам энурез жаралган болсо, анда аталган гормондун аналогу десмопрессинди ичүү керек болот.

Уйкусу улам бузулса, бала эч нерсени жактырбай көп ачууланчу, депрессияга түшчү болсо транквилизаторлор (мээни тынчтандыруучу), седативдик дарылар (нервдик чыңалууну басып, уктатуучу) ичилет.

Кокус дарт табарсыктын иштөөсүнүн бузулушунан жаралса врач (табарсыктын булчуңунун жыйрып-тартылышы) ошого жараша дарыны, миорелаксанттарды жазып берет жана башка.

Физиотерапия. Буга рефлексотерапия, магниттик терапия, электрофорез сыяктуулар кирет.

Психотерапия. Бала менен кошо ата-эне да психотерапевтке барса баланын айыгуусу ылдамыраак жүрөт. Психолог жана психотерапевттер кыймыл-аракеттери өтө активдүү, бирок бир нерселерге көңүл буруусу төмөн болгон балдарды өзгөчө бөлүп көрсөтүшөт. Бир караганда мындай балдардын борбордук нерв системинде мандемдүү көрүнүштөр байкалбайт. Бирок психолог менен баарлашканда баланын бир жерге тынч алып отура албаганы, кайсы бир окуяга катуу таасирленип толкунданганда бир нерселерге кунт коё албай кайсалактаганы айгине болот. Баланын ушундай өтө активдүү абалы ал уйкуга баткан соң да бир нече саат бою сакталып кала берет. Ошон үчүн анын табарсыгы да активдүү бойдон калып, андай бала түндүн биринчи жарымында төшөккө сийип коёт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
webprog
2022-05-19 12:47:00
asa
0
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан