ПЕКИН-2022. КЫШКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН СЕНСАЦИЯСЫ – НОРВЕГИЯ

Көпчүлүк эксперттер Кышкы Олимпиада оюндарында ийгилик жаратуу үчүн өлкө экономикалык жактан гана күчтүү болбостон, климаттык шарты да спортчуларга ыңгайлуу болуш керек дешет. Кышкы спорттун кымбаттыгынан айрым кедей өлкөлөрдө бул тармакты өнүктүрүп кетүү кыйын. Бул жолку кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын Пекин шаарында өттү. Талашсыз Норвегия сенсация жаратты.

НОРВЕГИЯ, ГЕРМАНИЯ, КЫТАЙ – АЛДЫҢКЫ ҮЧТҮКТӨ

16 күнгө созулган Кышкы Олимпиада оюндарына жалпы 109 медалдар топтому ойнотулду. Спорт оюндарына 91 өлкөдөн 2871 спортчу катышып күч сынашты. Медалдардын саны боюнча Норвегия курамасы рекорддук көрсөткүч менен биринчи орунду камсыздады. Норвегиялыктар Олимпиадада жалпы 16 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль жеңди. 2-орунда Германия 12 алтын, 10 күмүш, 5 коло, ал эми 3-орунду Кытай өлкөсү 9 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалы менен камсыздады. Кытай тарыхында биринчи жолу Кышкы Олимпиада оюндарында 3-орунга чыкты. Белгилей кетсек, кытайлыктар Канада менен АКШдан 30га жакын чет өлкөлүк спортчуну курамасына чакырган. Алардын бири лыжачы Эйлин Гу (апасы кытай, атасы АКШлык) улуттук курамага 2 алтын, 1 күмүш байге алып берди. Аталган Олимпиада оюндарында АКШ 4-орунду, Орусия 9-орунду ээледи. Белгилей кетсек, байге алгандардын көбү Европа өлкөлөрүнөн. Бул оюндардан эң ийгиликсиз жыйынтык көрсөткөнү Канада болду. Алар Пхёнчханда, Сочиде өткөн Олимпиадада жалпы эсепте 3-орунду алышса, Пекинде 11-орун менен кайтышты. Мурунку Союз өлкөлөрүнөн Беларусь 2 күмүш, Украина 1 күмүш, Латвия менен Эстония бирден коло медаль утушту. Ал эми Борбор Азиядан эч ким байгелүү орунга илинген жок. Казакстандык спортчулардын бири да медаль албай кайтканына коңшулар нааразы болуп “Олимпиада комитети спортчуларды Пекинге даярдап жиберүүгө 600 миллион тенге коротушту. Мунун баары каякка короду? Спортчулардын баары байгесиз кайтты, элди массалык спортко үндөбөгөнү үчүн Олимпиада комитетин жоопко тартыш керек” деп күнөөлөштү. Ал эми Кыргызстандан Олимпиадага слалом спорт түрү боюнча катышкан Максим Гордеев 81-катар сан менен жарышка түшүп, тилекке каршы, башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта албай калды. Эске салсак, Норвегия 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 1-орунду алган.

ОЛИМПИАДА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Алгач 2013-жылы Кышкы Олимпиада оюндарын өз өлкөсүндө өткөрүү сунушун Эл аралык Олимпиада комитетине Казакстан жөнөткөн. Кийинчерээк Кытай жиберген. Добуш берүүдө Пекин 44, Алматы 40 добуш алып Олимпиада Пекинде өтө турган болгон.

Олимпиаданын тумары бул жолу Бин Дунь Дунь пандасы болду.

Кышкы Олимпиада оюндарынын бюджетине жалпысынан 3,9 миллиард доллар сарпталган.

Гаити менен Сауд Арабия өлкөсү биринчи жолу Кышкы Олимпиада оюндарына катышты.

Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2026-жылдын февраль айында Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.

Жаңы зеландиялык сноубордчу Зои Садовски-Синнотт өлкө тарыхында кышкы Олимпиада оюндарында биринчи жолу алтын байге алып тарых жаратты.

29 жаштагы австриялык спортчу Штрольц Йоханнес лыжа спорту боюнча алтын алды. 34 жыл мурун, Йоханнес жарыкка келе электе анын атасы ушул спорт түрүнөн Олимпиада чемпиону болгон. Штрольц жеңиштен Пекиндеги оюндарга катышуу үчүн лыжасын ижарага алганын билдирген.

Пекиндеги Олимпиада оюндарында кар жетишсиздигинен улам жасалма кар колдонулду. Жасалма карды өндүрүүгө Кытай 185 миллион литр суу керектелгенин маалымдады.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан