Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан шаары
Туулган жылы: 1996-жыл, 10-декабрь
Жылдыз белгиси: жаачы
Бою: 180 сантиметр
Кесиби: ырчы, бийчи, актёр
Тартылган дорамасы: “Жаш полиция кызматкерлери”
МЕКТЕПТЕГИ БУЛЛИНГ
Турмуштун кыйынчылыктарын көтөрө албаган Даниэлдин ата-энеси ажырашып кетишкен. Алардын ажырашканы өспүрүм бала үчүн оор жүк эле. Үй-бүлөдөгү маселелерге кошумча мектепте толмоч, жоош баланын келбетин келекелеген окуучулар көп болуп, үйдөгү да, мектептеги да жашоосу кыйынчылыкка кабылган. Даниэлдин кыйналганын көргөн мугалими “бийик бол, тентек балдарга жооп бергенге аракет кылсаң, сен да алардын деңгээлине түшүп каласың. Андан көрө энергияңды спортко же искусствого корот” деп кеңеш берет. Мындан улам Даниэль бош убактысынын көбүн бийге арнай баштаган. Чимириле брэйк бийлеген баланын аброю өсүп, келбети артып, кыздардын жүрөгүнө чок салган жигитке айланган. Мектептен кийинки жашоосун “17 жашымда Пусандан Сеулга келдим. Окуу менен жумушту айкалыштырышым керек эле. Антпесе ачка, анан да көчөдө калмакмын. Аз акчага акыбалы начар батирде туруп калдым. Ысык суу жок болгондуктан, эптеп чыдап муздак сууга эле жуунуп алчумун. 1 жылга жетпей окуумду таштаганга туура келди. Апама каржылык жактан жардам беришим керек эле” деп эскерген ырчы мырза 2-3 жумушта катары менен иштеген. Күндүз азык-түлүк саткан дүкөндө иштесе, кечкисин кафеде официант, түнү идиш жуугучка айланчу. “Кафеде башкалар тамактанып жатканда кир идиштерди жыйначумун да, телевизордон болсо ырчылардын клиптери, алар катышкан ар кандай шоу-программалар көрсөтүлчү. Ырчыларды көрүп отургандарды карап “мен да ушинтип ырдап-бийлесем, мени да суктанып карашса” деп кыялданчумун”. Мына ушундай оор күндөрдү башынан өткөргөн Даниэлдин кыялы орундалды! Эми аны суктанып караган миллиондогон каректер бар.
“WANNA ONE”
Алдынан канчалык көп сыноо чыкса да Даниэль чыгармачылык чөйрөдө таанымал адам болом деген максатына акырындан жыла берген. 18 жашынан эле түрдүү агенттиктерге барды, бирок алардын ишмердүүлүгү жигиттин көңүлүнө толгон жок, баары сапатсыз эле. "Produce 101" шоусу Даниелге ийгиликтин “ачкычын” тартуулады. Жигитти колдоп, добуш берген көрөрмандардын саны 1,5 миллиондон ашып, ал абсолюттук чемпион аталган. Жыйынтыгында жаңы түзүлгөн “Wanna One” тобуна кошулган. 2017-жылдын августунда дебют жасаган топ көптөгөн ийгиликтерди багынтып, дүйнөлүк турнелерге да чыгып келди. 2018-жылдын аягында агенттик менен келишим соңуна чыгып, топ тарап кеткен. 2019-жылдан бери Кан жеке ырчы катары карьерасын ийгиликтүү улантып келе жатат. Эми аны толук кандуу актёр дей берсеңиз болот. Анткени Даниель “Жаш полиция кызматкерлери” дорамасында башкы каармандын ролунда экранга чыгып жатат. Жигиттин күйөрмандарынын кубанычында чек жок.
“ГИННЕССТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ” КИРГЕН
“Кан Даниэль күндөн күнгө популярдуулугу артып бара жаткан k-pop жылдызы” дешет бир ооздон музыка, кино, мода сынчылары. Интернеттеги популярдуу айдолдордун рейтингинде күйөрмандардын добушу менен Даниэль 9 ирет катары менен 1-орунду камсыздаган. Аны күйөрмандар канчалык сүйөрүн “Гиннесстин рекорддор китеби” далилдесе керек. 2019-жылы 1-январда Инстаграм аккаунтун ачкан ырчы сүрөт жүктөп, астына кыскача текст жазып калтырган. 2-январда, тагыраагы, аккаунт ачылгандан 11 саат 36 мүнөт өткөндөн кийин Даниэлдин баракчасына жазылган катталуучулардын саны 1 миллиондон ашкан. Мындан улам ырчы мырза “Эң кыска убакытта миллион катталуучу топтогон адам” катары рекордчу аталып, “Гиннесс” китебинен орун алган. Даниэлге чейин бул категорияда Рим Папасы алдыда болчу. Ал 12 саатта миллион катталуучу топтогон. Андан кийинки орунда белгилүү футболчу Дэвид Бекхэм 24 саат көрсөткүчү менен турат. Рим Папасы менен Бекхэмден ашкан мына ушундай кыйын жигит биздин бүгүнкү каарман. “Гиннесстен” сырткары ал “Forbes” журналынын тизмесинде “Кореянын таасирдүү адамдарынын” катарында.
“ЖАКШЫЛЫК ЖАКШЫЛЫКТЫ ЖАРАТАТ”
2019-жылы “lm entertainment” компаниясы ырчыга айтпай туруп аны башка агенттикке сатып жиберген. Буга каршы болгон Кан сотко кайрылып, жарым жылга жакын созулган сот иштеринен кийин жеңишке жетти. Эч кимге көз каранды болбойм деген ырчы “Кonnect entertainment” компаниясын негиздеп, жаңы – директор статусун алган. Анын "cafe de konnect" аталышындагы кафеси да бар.
Бирок бул жеңиш оңой менен келген жок. Сот процесси учурунда Даниелге чыгармачылык чөйрө эшигин жаап, анын карьерасы токтойт деген коркунуч жаралган. ЖМКларда түрдүү негативге толгон материалдар жарык көргөн. Ал соттошуп жаткан агенттик ырчыны жок кылыш үчүн бардык аракетин көргөн. Жеңишке жеткени менен Кан “паникалык атака” жана депрессияга кабылат. Врачтардын жана жакындарынын көзөмөлүндө жаткан ырчы жигитти өздөрүн “данити” атаган фан-клубу да колдоону чечкен. Даниэлдин туулган күнүндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн ооруканаларга, кан тапшыруу борборлоруна, жаныбаларды кармоочу жайларга, балдар үйүнө, төрөт үйлөрүнө, чиркөөлөргө, муктаж адамдарга #ДаниэлдинАтынан делип гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн. “Жакшылык жакшылыкты жаратат” деген принципти карманган Кан өзү да кайрымдуулук иштерин көп кылган адам катары белгилүү.
ДАНИЭЛЬ ТУУРАЛУУ...
Асыл Орозбекова