БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУЛАР 10 КҮН ЭС АЛЫШАТ...

  • 1-мартта парламент төрагасы Талант Мамытов менен Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэн кызматташтыктын абалын талкуулашты.
  • Жогорку Кеңешке кайра шайлоодо Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи Май районунан, Абдурахман Муртазалиев Свердлов районунан утуП чыкканы жарыяланды.
  • Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты катары мандат алды, ал Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.
  • “Ош электр” ишканасынын мурдагы директору Дыйканбай Даминов коррупцияга шектелип кармалды.
  • Жанар Акаев парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайланды.
  • Кыргызстанда адвокаттар күнү жыл сайын 1-мартта белгиленет, тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
  • Бишкекте автоунаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалганы айтылды.
  • Өлкөдө мектеп окуучулары 21-марттан 30-мартка чейин жазгы каникулга чыгышат.
  • Өлкөдө 5-мартта Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет.
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1-мартта БУУнун өкүлдөрү менен кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
  • Улуттук кардиология борборунун жетекчиси болуп Талантбек Сооронбаев дайындалды.
  • Бишкек мэриясы: Жылуулук берүүнү токтотууга азырынча эрте, абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болсо өчүрүү башталат.
  • 3-мартта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 30 жыл толду.
  • 2-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 130 миллион метр кубду түздү.
  • Министрлер кабинети Тоолордун экосистемин коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын бекитти.
  • Энергетика министрлиги: Көмөкчордондорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу маал-маалы менен жарык өчүрүлөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан