УКРАИНА КЫРГЫЗДАГЫ ЭЛЧИСИН ЧАКЫРТЫП АЛДЫ

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргыз өлкөсүндөгү Украина элчисин чакыртып алды. Бул тууралуу Украина президенти 1-мартта жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

– Биздин дипломаттар азыр эл аралык укуктан алыстап кеткен өлкөлөргө карата адилеттүү жана эң зарыл болгон чечимдерди ишке ашырууда. Биз Украинага каршы агрессияны актагандыгы үчүн Кыргыз өлкөсүнөн элчини кеңешүүгө тезинен чакыртып алабыз,- деди Зеленский.

Ошондой эле Украина өзүнүн Грузиядагы элчисин да чакыртып алары айтылды.

Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги элчисин кеңешүүгө чакырып алуу ар бир өлкөнүн жеке укугу экенин белгилеп, Кыргыз өлкөсү Орусия-Украина ортосундагы кырдаалдын сүйлөшүү жолу менен чечилишин колдой турганын билдирди. Украинанын Кыргызстандагы элчиси – Валерий Жовтенко.

Украинадагы Кыргыз жарандары эвакуацияланып жатат. 1-мартка карата 112 жаран Венгрияга жеткирилгенин Украинадагы Кыргыз элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Бүгүнкү күндө Украинада 1357 Кыргыз жараны бар, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат. Буга чейин алардын 300дөн ашыгы Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиришкен.

3-мартта Жогорку Кеңеште Украинадагы кырдаалдын Кыргыз экономикасына жана коопсуздугуна тийгизчү таасири талкууланды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан