БИШКЕККЕ АВТОБУС САТЫП АЛУУГА 25 МИЛЛИОН ЕВРО КАРЫЗ АЛЫНАТ

Парламент 2-мартта "Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын ортосунда 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкекте кол коюлган кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун карап, 1-окууда жактырды. Аталган банк Кыргыз тарапка 25 миллион евро жеңилдетилген насыя бергени жатат. Бул акча Бишкектин автобустук паркын оңдоп-түзөөгө жана жаңы автобустарды сатып алууга ("Бишкек автобустары" долбоору) жумшалмакчы.

Насыя 2 этап менен алынары, адегенде 16 миллиону алынып, келишим шарттары аткарылса, калган 9 миллион евросу алынары айтылды. Кредиттин үстөгү 1 пайызды түзөт. Төлөө мөөнөтү 12 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү 3 жыл. Муну менен катар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 8 миллион евро грант берүүнү пландоодо, долбоорго бөлүнүүчү жалпы сумма 33 миллион еврону түзөт. Каржы министрлигинин айтымында, долбоордун алкагында Бишкекке газ менен жүрүүчү 250 автобус сатып алынат. Учурда тендер жарыяланып, тийиштүү иштер жасалып жатканы маалымдалды. Тендерге жергиликтүү компаниялар катыша албайт, кандай автобустарды сатып алууну кредит берип жаткан тарап аныктайт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан