БУУнун "УКРАИНАГА КАРШЫ АГРЕССИЯ" РЕЗОЛЮЦИЯСЫ: КЫРГЫЗСТАН ДОБУШ БЕРҮҮДӨ КАРМАНДЫ

2-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинадагы аракетин айыптап жана Орусия армиясын тез арада Украинадан чыгарып кетүүнү талап кылып "Украинага каршы агрессия" резолюциясын кабыл алды. Резолюцияга 141 өлкө "макул", 5 өлкө "каршы" деп добуш берди. "Каршы" деп добуш бергендер: Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея. 35 мамлекет добуш берүүдөн карманды, алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Кытай, Индия, Ирак, Иран, Монголия жана башкалар бар. 11 өлкө добуш берген жок, алар: Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венесуэла жана башкалар. Башкы ассамблея Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тез арада саясий диалог, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан