АТЫР АБДРАХМАТОВА АКЫЙКАТЧЫ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

2-мартта Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун башчысы болуп шайланды. Анын талапкерлигин колдоп 50 депутат добуш берди.

– Мен буга чейин да жарандардын укугу үчүн күрөшүп жүргөн адаммын. Бул тармак менин жашоо принцибим болуп калды. Акыйкатчы болуу элдин укугун коргоодо мага жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет,- деди Абдрахматова. Ал мурда 2 жолу аталган кызматка ат салышып, өтпөй калган. Көпчүлүк Атыр Абдрахматованы Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү катары жакшы тааныйт. Ал 2020-жылы БШКнын мүчөсү болуп туруп комиссиянын айрым чечимдерин “мыйзамсыз” деп ачык сындап чыкканы, өз каалоосу менен мүчөлүктөн кеткени менен да белгилүү. Акыйкатчы кызматына анын талапкерлигин парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман нуру” фракциялары көрсөткөн.

Акыйкатчы кызматына Турсунбек Акун, Мамат Момунов, Бакытбек Узенбаев да ат салышты. Акунга 2 добуш, Момуновго 9, Үсөнбаевге 13 добуш берилди.

Буга чейин акыйкатчы болуп иштеген Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышканы үчүн 2021-жылы 18-октябрда кызматын тапшырган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан