Жан Сабыров, ырчы: «БИР КЫЗ ДУБАЛАП СҮЙДҮРҮП АЛГАН»

Бул ирет элге жаккан “Жөжөлөр”, “Самсышка” деген ырлардын аткаруучусу Жан Сабыров гезиттин башкы бетин кооздоду. Өзү тамашалуу ырларды ырдаган жигитке тамашалуу, ыңгайсыз суроолорду бердик. Жыйынтыгын өзүңүз байкап көрүңүз, окурманым.

– Жан, салам! Кесиби боюнча опера ырчысы болгон Жан эмне болуп “Самсышка”, “Жөжөлөр” деген жеңил ырларды ырдап калды эле?

– Салам. Туура, билимим боюнча опера ырчысымын. Элге позитив тартуулайын, хайп жаратайын деп ушундай тамашалуу ырларды ырдап чыктым. “Жөжөлөрдү” мага сунушташканда “ырдабайм, ушундай да ыр болобу? Элестеткиле, жакшынакай ырларды ырдап жүрүп, ушундай ыр ырдасам, эл деле жинди го дебейби” дегем. Бирок ырдап чыктым, азыр 6 миллион көрүү топтоду. Элдин баары жыргап бийлеп жатышат. Тамашалуу жакшы ыр жараттым десем болот. Жөжөлөрдөн кийин “Жубайым” деген ыр чыгардым. Бирок анчалык ийгиликке жеткен жок. Угармандарым “Жөжөлөр” сыяктуу ырды суранып жаза беришти. Анан дагы бир жолу ушундай ыр ырдасам эч нерсе болбойт, тескерисинче, өзгөчө болот деп ойлодум. Азыр заман ушундай, жөнөкөй бир нерсе менен элди таң калтыра албайсың. Алдыда дагы өзгөчө ырларды тартуулайбыз.

– Кийинки ыр “Мантышка” болобу?

– Быйыл классикалык, лирикалык ырларды чыгарайын деп жатам. Өзүм да бир аз токтолдум десем болот.

– Эмне болуп токтолуп калдың?

– Былтыр жакын адамыңды жоготуу деген эмне экенин билдим.

Мени чоңойтуп баккан энем өтүп кетти. Чыгармачылыгымды колдоп, батасын берген биринчи угарманым энем болчу. 1-2 ай өзүмө келе албай, элге аралашпай жүрдүм. Жоготуудан кийин “Самсышканы” чыгарып, өзүмө келип баштадым. Жүрө берсем дагы чөгүп кетмекмин.

– Жашыңды жашырат экенсиң. Уяласыңбы?

– Жо-ок. Жашыма байланыштуу көп сырлар бар.

– Сырлар демекчи, сенин жеке жашооңо байланыштуу бир топ сырыңды билем. Мисалы, бир кыз кара дуба окутуп башыңды айлантып алган экен.

– Ушундай болуптурбу, ээ? Ким айтты силерге (күлүп) ? Ооба, болгон. Ал кыз менен азыр мамилебиз жок.

– Дуба окутканын каяктан билдиң?

– Оорудум, 1-2 ай депрессия болдум, кусуп, жаман болгом. Өзүмдү таштап салдым. Туруп-туруп эле денең калчылдап титиреп баштайт экен. Ошол кызга тартыла берет экенсиң, ал кыз жөнүндө ойлоно берет экенсиң. Тааныштар “молдого барып көрсөң” деп калышты. Молдого кайрылып, дем салдырып жакшы болгом.

– Ал кыз менен кийин отуруп сүйлөштүңөрбү?

– Кайсынысын айтып жатасыңар, башым айланып калды (күлүп). Дуба окуткан кыз менен сүйлөшкөн эмеспиз. Унчукпай эле жашоомду уланттым.

– Кыска убакытка эс-тутумду жоготуп коймоюң бар экен...

– Жарым жыл мурун башымдагы бир оору менен ооруканага түшкөм. Ошондо врачтар “убагында дарыларды ичпесең эсиңди жоготуп коё бересиң” дешкен. Бир убакта ошондой болгон, азыр жакшы.

– Адамдарды унутуп калып жаттыңбы?

– Жок, адамдарды унуткан эмесмин.

– Анда айрым кыздарды ошентип алдаган экенсиң...

– Кереги жок нерселерди унутуп калам. Кыздарды алдасам, демек, алар мага керек эмес болчу. Демек, ал кыздар убактылуу болчу да.

– Алар эми муну окушса, сага өчөшүп калышпайбы?

– Өчөшчүлөр азыркыга чейин өчөшүп жүрүшөт. Дагы каякка өчөшүшөт?

– Апаң продюсериң болуп жүрөт. Эл арасында “Жандын апасы бай, номинацияларды сатып берип коёт” деген сөздөр айтылып келет. Бул суроону бергенимдин себеби – алгачкы жолу бир телеканал уюштурган сынакта “Жылдын мыкты дебюту” наамын алгансың. Сыйлык тапшырылганга чейин эле ошол наамды сени алат деген сөздөр тарап, жыйынтыгында так ошондой болгон.

– Ал наамды 2019-жылы алгам. Бирок мен анда наам алам деп ойлогон эмесмин. Финалда азыр шоу-бизнесте активдүү иштеп жаткан 2 мырза менен ат салышкам. Акыркы мүнөттөрдө ошолордун бири “экөөңөр кете бергиле, баары бир мен утам” деген болчу. Мен маанайым түшүп кийимдеримди жыйнап кетейин деп жатканда алпаруучулар “Жан Сабыров” деп сахнага чакырып калышты. Көз жашым менен сахнага чыккам. Анткени бул наам үчүн жарым жылдай чуркаганбыз. Апам Ысык-Көлдү кыдырып элден добуш чогулткан. Аягында адилетсиз иштер болуп кетип, “бизде адилеттик жок экен, Кудайдын буйругу, утсак уттук, утпасак жок” деп баргам. Чындык бар экен, добуштарды кол менен санап чыгышты, мен уттум.

– Ошондо силерди адилетсиз алды деген сөздөр болду. Ошону бетиңе келип айтканга бирөө-жарым батындыбы?

– Болгон. Бирок баарына көңүл бура берген болбойт. Алар командам кантип чуркап иштегенин, ата-энем кантип үгүт жасаганын билишпейт. Интернеттеги добуш берүүдө биринчи орунда келатып экинчиге түшүп калдым. Андан тышкары СМС добуш берүү бар болчу, ошолордун баары кол менен эсептелгенде меники көп болгон.

– Сени апасынын сөзүнөн чыкпаган, орусча айтканда, “маминкин сыночек” деп коюшат экен. Канчалык деңгээлде апаң жашооңо аралашат?

– Жумушта апамды апамдай эмес, продюсеримдей кабыл алам, экөөбүз уруша да кетебиз. Апасынын баласы дегенде, апасынын сөзүн уккан жакшы деп ойлойм. Апамды сыйлайм, мени жарык дүйнөгө алып келген, мен үчүн көп нерсе жасаган, Жанды Жан кылган, мен үчүн күйүп, чуркап жүргөн ошол адам.

– Ырларың өзүңө жагабы?

– Ооба, өзгөчө, ар кайсы жанрда болгону менен, сапаттуу болгону менен жагат.

– Кандай кыздар жагат?

– Мен үчүн мүнөзү маанилүү, жашына, улутуна, өтмүшүнө карабайм.

– Мүнөзү кандай болушу керек?

– Ийкемдүү, мага каршы сүйлөбөгөн кыз болсо, ошол жетет, калганын оңдоп алабыз.

– Кыздын өзүнүн пикири болушу керек да?

– Мен ага жамандык каалабайм. Мени укса баары жакшы болот.

– Өзүңдү акылдуумун, тажрыйбалуумун деп эсептейсиңби?

– Ооба. Жашоодон көптү көргөм деп ойлойм. Жашым 20нын тегерегинде болсо, ой жүгүртүүм андан эки эсе улуулардыкындай, 35-40 жаштардыкындай.

– Ольга Бузова сүйлөшкөн кызың болсо эмне кылмаксың?

– Тарбияламакмын, жүрүшүн, баскан-турганын, образын, үнүн, ырдаганын, баарын өзгөртүп, адам кылмакмын.

– Чыныгы сүйүүгө жолуктуң беле?

– Жашоомдо 2 чыныгы сүйүү болгон. Биринчи сүйүүм мектепте окуп жүргөндө, кийинкиси студент кезимде, азыр деле студентмин. Экинчи сүйлөшкөн кызымдын мүнөзү жакпай калган. Андай мүнөз менен келечегибиз жок деп ойлодум, сүйлөшпөй калдык.

– Бузованы тарбиялаганга кудуретиң жетсе, аны тарбиялай албай койдуңбу?

– Тарбияладым. Тарбиялагандан кийин мага жакпай калды (күлүп). Тамаша, башка себептер бар. Ал мени сатып кеткен. Кылба дегенимди кылып көңүл калтырды.

– Эл жок аралга бир кыз менен барышың керек десе жаныңа кимди алып алмаксың?

– Бузованы (каткырып). Алып барып тарбияламакмын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан