Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “ТӨРАГА БОЛУУДАН УБАКТЫЛУУ ЧЕГИНҮҮГӨ ТУУРА КЕЛДИ”

Түз сүйлөп, элдин ишенимине таянып иш кылган депутат уттурбайт. Муну тарых көп жолу тастыктаган, бүгүн да тастыктап келе жатат. Парламент депутаты Нурлан Шакиев менен саясат, парламенттин ролу тууралуу кызыктуу кеп курдук.

– Нурлан мырза, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына канчалык деңгээлде макулсуз? Кемчилиги жана артыкчылыгы эмнеде болууда?

– Артыкчылыгы – азыркы бийлик чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жатат, кандай маселе болбосун тез, ыкчам чечим кабыл алууда. Мурунку бийлик адатта “ойлонолу”, “көрөлү”, “кесепети кандай болот?” деп отуруп көп убакытты өткөрүп жиберчү. Албетте, азыркы бийликтин бардык чечимдери туура болуп жатат дей албайм, көпчүлүгү туура. Мурдагы бийликтер парламенттик шайлоону ыплас өткөрүп, бурмалап элдин кыжырына тийип, ошонун айынан өлкөдө бийлик алмашып келген да. Бул бийлик ошол катаны кайталаган жок, шайлоо салыштырмалуу таза өттү. Утулгандардын деле көбү муну моюнга алышты да. Мурдагы бийликтегилерди “баары сонун, силер болбосоңор күн чыкмак эмес” деп мактап отуруп аягы эмне болду? Ошондуктан мен кайсы бийлик болбосун өзүмдүн көз карашымды ачык, так айтып жүрөм. Кемчиликтер жок эмес, көч бара-бара түзөлөт дегендей, акырындан жоюп келе жатат. Мисалы, кадр саясатындагы туура эмес дайындоолор, тез-тез алмаштыруулар...

– Парламенттик шайлоодо Аксы элине кандай убадаларды берип келдиңиз? Биринчи кезекте алардын кайсынысы ишке ашышы мүмкүн?

– Башкалардан айырмаланып, мен элге баарын ачык айттым. "Көпүрө, мектеп же спорт зал курбайм, жол оңдобойм, анткени бул депутаттын иши эмес" дедим. Адегенде баары “эч нерсе жасабаса, бул кандай депутат болот?” деп таң калды. Аягында "бул иштерди аткаруу бийлиги жасайт, а мен элдин турмушун оңдой турган мыйзамдарды жазам, Жогорку Кеңеште 90 депутат болсо, ошонун ичинде мыкты 9 депутаттын бири болуп бере алам" десем түшүнүп колдоп жатышты. "Парламентте эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган, фамилиясын 4 ката менен жазчулардан эмесмин, демек, мыйзам жаза алам" деп тамашалап жаттым. Билим, тажрыйба жетиштүү, элдин көйгөйүн ташка тамга баскандай айтып, аткаруу бийлигин камчылап иштетебиз.

– Жогорку Кеңешке төрага болот деп сиздин атыңыз аталды эле. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктабай калдыбы?

– Менде спикер болом деген амбиция болгон эмес. Бирок “сен төрагалыкка татыктуусуң, төрага болушуң керек” деген сунуштар түштү. Анан ошол учурду талдадык, кеңешүүлөр болду. Айрым жагдайлардан улам убактылуу артка чегинип, ынтымак болсун, парламенттин иши ызы-чуу менен башталбай шыр кетсин деп, бул маселени мезгилдин таразасына койдум. Учуру келип ошондой жагдай түзүлсө, балким, спикер болом, болбосо жок дегендей. Учуру келгенде көп сөз айтылат, азырынча эрте.

– Депутат катары сизди кайсы тармак, кайсы маселе көбүрөөк кызыктырууда?

– Биринчиси – элди жакырчылыктын сазына соруп бараткан кредиттер. Үй-бүлөлөрдүн алды бирден, арты үчтөн кредити бар, пайыздары олчойгон. Үстөккө-босток кредит ала берип жашоо оңолмок түгүл, ого бетер сазга батты. Банктар элге абдан чоң пайыз менен кредит бере албай турган кылалы, төлөө жолу жеңил болсун деп мыйзам даярдаганы жатабыз. Экинчиси – жөлөкпул маселеси. Азыр 1 саан уюң же 1 тракторуң болсо жөлөкпул берилбейт деген бир кызыктай критерийлер бар. Анан колунда барлар тамак-ашын алып бара коюшуп, өздөрүн жөлөкпул алуучулардын катарына коштуруп алгандар бар. Мындай болбойт, жөлөкпулду жардамга муктаж чыныгы жакыр үй-бүлөлөр алышы керек. Бул боюнча да демилге көтөрөбүз.

– Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинети тирешип жатабы? Баш мыйзамга ылайык, саясий орган катары Жогорку Кеңештин таасири азайды да?

– Мурункудан айырмасы – Жогорку Кеңеш өкмөттү түзбөй калды. Бирок байкасаңыз, 7-чакырылыш ишин абдан активдүү баштады. Анткени парламентте бир мандаттуу округда элдин элегинен өтүп келгендер да отурат. Мурда партиянын атынан ураалап кете беришчү. Мен Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлиги тирешпей, сый мамиледе болушун каалайт элем. Эки орган тең бири-бирин урматтап, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так аткарышы зарыл.

– УКМКнын жарандарды тыңшоого байланыштуу сунуштап жаткан мыйзам долбоорун колдойсузбу же каршысызбы?

– Атайын кызмат – эң байыркы кесиптердин бири. Мамлекеттүүлүк жаралганда кошо жаралган кызмат. Булардын бизге белгилүү да, белгисиз да мыйзамдуу укуктары бар. Мамлекеттин, улуттун коопсуздугу үчүн... Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда улуттун кызыкчылыгына каршы нормалар болсо, анда колдобойбуз деп ачык эле айттык. Мыйзам бир адам же бир саясий топ үчүн эмес, мамлекет үчүн жазылышы керек. Жетекчилер келет-кетет, ал эми мыйзам калат. Жарандардын эркиндигине тийиштүү талаштуу жагдайларды оңдош керек дедик. Мыйзам ушинтип ийленип, алымча-кошумчалар менен кабыл алынат деп ишенем.

– Өлкөдөгү сөз эркиндигинин учурдагы абалы сизди канааттандырабы?

– Биздегидей сөз эркиндиги дүйнөдө жок. Оюбузга келгендин баарын айтып, жазып жатабыз. Мурда “калем көтөргөндүн баары эле журналист болуп кетти” дейт элек. Азыр телефон көтөргөндүн баары репортёр болуп кетти. Эркиндик көп, жоопкерчилик аз. Маалыматтык коопсуздук деген бар, ички сырыбызды сыртка жайып салбашыбыз зарыл. “Баарын айтууга акым бар” дей бербей, ойлонолу.

– Бийликти сындаса "душман", мактаса кошоматчы... Акты ак, караны кара деп айтуу да кыйындап баратабы?

– Бардык нерсенин чеги бар. Бийликтин туура эмес ишин “туура” деп, кыйшайып баратса “түз баратасыз” деп кошомат кылуудан өткөн душмандык жок. Эгер бирөө бийликти орундуу сындап, каталарын көрсөтүп жатса, андай сынчыларга рахмат айтыш керек. Бийликтин жакшы ишин “жакшы” деп айтып коюу кошоматчылык эмес. Кээде жөнү жок мактап, жөнү жок сындап жиберебиз. Эң жаманы ушул. Менимче, бийликти сындаган адамдын жеке ийгилик тарыхы, жасаган иши болушу керек. Анан өзүң эч нерсе жасабай туруп сын айта берсең болбой калат.

– Азыркы президент менен мамилеңиз кандай? Жолугуп турасызбы?

– Азыркы президент менен 2005-жылдан бери таанышпыз. Жылуу мамиледе жүрөбүз. Көпчүлүк учурда өз көз карашымды так айтам. Мезгил-мезгили менен жолугушуулар болуп турат. Санаалашпыз, бир максатты көздөп саясатта чогуу жүргөнбүз. Ушундай элебиз, бири-бирибизден алыстап же абдан жакын деле болуп кетпедик. Ортодо сый мамиле бар.

– Акыркы жолу кимге, эмне себептен таарындыңыз?

– Эч кимге таарынбайм. Мен оптимист да, пессимист да эмесмин, реалистмин. Турмушка реалдуу көз караштагы адаммын. Жакшы болсо абдан сүйүнүп, жаман болсо өкүнбөйм. Баарын турмуштун мыйзам ченемдүүлүгү деп кабыл алам.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан