БАШАЛАМАН

Гезитибиздин өткөн санында ”Манас“ кинотеатрында “Башаламан” аттуу фильмдин башталганын жазган элек. Жаңы тасманын тушоосу кесилип, бет ачар жумалыгы ийгиликтүү аяктады. Бүгүн 22-июнь, акыркы күн жана билет баасы 50 гана сом экенин эскерте кетели. Ошондуктан, бүгүнкү 2 сеанстын бирөөсүнө жетишип, тасманы көрүп калганга шашылыңыз.
Баса, жигиттер! Бул тасмага сүйлөшкөн кызыңыз келбей койсо капаланбаңыз. Андан көрө эң жакын досторуңузду чакырыңыз. “Башаламан” чыныгы достор менен бирге келип көрө турган фильмдердин катарында.

Режиссёру – Кубат Шамшиев Оператору – Жаныбек Деркенбаев
Сценарийин жазган – “Үкү” тобу Ролдордо:
Аман – Рустам Батырбеков,
Айжан – Сымбат Жоодатбекова, Залкар – Элдияр Айылчиев, Кубан – Кубат Шамшиев,
Сапар – Сапар Сайназаров, Урмат – Адилет Акматов, Бекиш – Мыктыбек Акматов ж.б.

КЫСКА МАЗМУНУ

Фильмдин башкы каарманы Аман жөнөкөй айылдык бала. Кичинекейинде атасы кырсыктан каза таап, энеси болсо уулу Аманды кайненесине таштап, Россияга иштемекчи болуп кеткен боюнча дареги чыкпай калат. Амандын эс тарткандан баштап тилеген тилеги башка балдардан калбай, шаарга барып окуу болот. Жаштын тилегин берип, убагы келгенде сүрөтчүнүн кесибин тандап, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өтөт. Ошол шаарга келген күн­дөн тартып ал көптөгөн жагымдуу да, жагымсыз да окуяларга туш болот.
Жатаканада түнөгөн эртеси күнү эле бөлмөсүнө тааныбаган жигиттер келип, анын кечкиге чейин акча камдап коюусун буйрушат. Мындай мыйзамдарды түшүнбөгөн Аман албетте, алгач зөөкүр­лөрдөн таяк жейт. Алдыда өзүн көп кыйынчылыктар күтүп турганын түшүнөт. Бирок, шаарда ал жалгыз эмес. Бөл­мөдө чогуу жашаган досу Залкар аны жамандыкта жалгыз таштабайт.
Алдыда Аманды дагы бир жагымдуу кезигүү күтүп турган. Сүйүүсүнө шаардан жолугууну тагдыры жашыруун белек кылып камдаган экен. Айжан ага дароо эле жагып калат. Анын сүрөтүн тартып, жүрөгүн ээлөөгө жетишет. Бирок, Айжандын агасы Аман экөөнүн бирге болушуна караманча каршы чыгат.
Ошол эле учурда кинодо дагы бир окуя сүрөттөлөт: шаарда өскөн жигит кылмыш кылып, милиция колунда суракта отурат. Аны көпкө зериктирбей, чоң болуп иштеген атасы келип чыгарып кетет. Ал бала – жергиликтүү топтун башчысы. Иничектерден акча доолап, талап-тоноп, бүгүнкү күн менен жашаган жигит. Биздин Аман тез эле анын көзүнө илинет. “Ушундан бирдеме чыгат. Ага тийишпегиле, биздин топко кошулат”,- деп жигиттерине эскертет. Айткандай эле Аман жаңы “досторунун” катарына кошулуп калат. Демек, алардын мыйзамдары боюнча жашап баштайт: тоноо, ичкилик, кумар оюндары жана уурулук.
Топ студенттерден майда тыйын чогулткандан тажап, бир күнү үй тоноого жөнөшөт. Үйдүн ээси – акчалуу, Россияга барып соода кылган аял. Ошол аял качандыр бир өзүнөн ажыраган апасы экенин Аман кайдан билсин...

“ҮКҮ” ТОБУНУН ДАГЫ БИР ЖЕҢИШИ

Ар кимдин башынан өткөн күлкүгө жана кыйынчылыкка толгон студенттик күндөрдүн, элет менен шаардын асман менен жердей айырмасы, сүйүү жана достук, “дедовщина” жана коррупция, баңгичилик жана кылмыштуулук... Турмушта баарыбыз көрүп-билип турган ушул нерсенин баарын камтыган курч сюжеттүү тасма “Башаламан” деп аталбай анан...
Боевик, комедия, драма жанрлары аралаш тартылган тасманын идеясы “үкүчүлөрдүн” оюна эчак келген. Тээ “Кызыкчаны” тартып жүргөндө эле дээрлик бардык эпизоддору, сценарийи даяр болуп калган эле. Жигиттерибизди токтоткон бир гана нерсе каражаттын жетишсиздиги болчу. Өткөн жылдын жай мезгилинде техника табылып, өз күчүнө толук ишенип турган “Үкү” тобу ишти эртеңкиге калтырбай, тартуу процессин башташкан эле. 2 ай тартууга, 4 ай монтажга жумшалгандан кийин фильм дапдаяр болду.
Балким, окурмандарыбыздын ичинен бул фильмди көргөндөр анын абдан узун экендигин билишсе керек. 2 саат 20 мүнөткө созулган тасма адегенде сериал болуп чыкмак тура. “Үкү” тобунун мүчөлөрү кийин гана техникалык жана башка себептер менен аны толук метраждуу фильм катары көрсөтүүнү чечишкен.
Узунбу, кыскабы... кеп анда эмес. Кеп мазмунунда. Өз баштарынан өткөргөн окуяларды киноплёнкада көркөмдөп чагылдырган азаматтар жөн гана кино тартып коюшкан жок. Ошол кино аркылуу жаштарга жөнөкөй кайрылуу жасашты: азыркы замандын ысык-суугуна чыдап, жашоодо максат менен жашоо; турмуштун сынактарын татыктуу кабыл алып, туура жолду тандай билүү. Фильмди өз көзүңөр менен көрүүнү сунуштайбыз. Өкүнүчтө калбайсыздар.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан