Акжибек Калдарбекова, Гүлназ Чыныбек кызынын эжеси: “ГҮЛНАЗ ЖИГИТ БОЛОМ ДЕП КЕЛГЕН МЫРЗАЛАРДЫ ДОС КЫЛЫП АЛАТ”

Сиздер сүйүп уккан "Жолуксак кандай жакшы", "Жакшы адамдар", "Алма сунсам колуңа" жана башка ырлардын аткаруучусу Гүлназ Чыныбек кызынын бир тууган эжеси Акжибек Калдарбекова менен маектештик. “Гүлназ күлүп жүрө берет, бир орунда тура албайт” деген эжеси ырчынын күлкүлүү кылыктарын айтып берди.

“ЖУМУШ ЖАСАБАЙ КҮЛҮП, СҮЙЛӨП ОТУРА БЕРИП ТАЯК ЖЕЧҮ”

– Биз 6 бир тууганбыз, мен улуусумун. Гүлназ төртүнчүбүз. Арабыздан күлүп, күлдүрүп шайыр жүргөнүбүз Гүлназ. Кичине кезинде жумуш жасабай күлүп, сүйлөп отура берип таяк жечү. Ыраматылык чоң энем айткандай, Гүлназ күлүп туруш керек, же ыйлап, же ырдап турушу керек болчу, үч эле вариант бар эле. Жазында чогулуп алып огороддо жумуш жасачубуз. Бир жолу иштеп жатсак азан чакырылып калды. Биз түшкү тамак болуп калды деп үйгө келсек, Гүлназ картонду ороп алып, ошону менен кыйкырып азан айтып жатыптыр (күлүп).

Жөн отурбай дайым ар кандай оюндарды ойлоп таап, бир нерселерди кылып бизди күлдүрө берчү. Бир жолу Динара Акулова айылга концерт коюп барып калды. Анын гитаристи гитараны аябай эмоционалдуу ойнойт экен. Гүлназ аны туурап берчү. Туураар алдында бизге “Гүлбарчындын оозун карасаңар” деп койчу. Гүлбарчын Гүлназдан улуу сиңдим. Анын Гүлназ туурап жатканда оозу кыймылдап кетчү. Биз Гүлназды эмес, ошону карап алып күлчүбүз.

“КЫЗДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЖУМУШТАРДЫ КЫЛЧУ ЭМЕС”

Бир жолу бизди күлдүрүп бийлеп жаткан. “Болду, көчөдөн өткөндөр шылдыңдайт” десек болбой күлдүрүп бийлейт. Дарбаза ачык болчу. Бир маалда атам келип калды, Гүлназ аны байкаган жок. Биз анын атамдын келгенин байкабай жинди болуп жатканына күлүп жатсак, ал мага күлүп жатат деп ойлоп ого бетер жинди болду. Бир маалда атам күлкүсүн тыя албай кыпкызыл болуп кетип “жарылды”. Гүлназ шарт бурулуп атамды көрүп арданып ыйлап жиберген. Атамдан уялчу да. Үйдөн кыздарга тиешелүү жумушту жасачу эмес, кар күрөп, мал карап, отун жарып, эркекке тиешелүү жумуштарды жасачу, тарсылдап өзүнө жараша иш кылчу. Көп жумуш кылбаганы менен, көңүлү келсе ашыгы менен жасайт. Бир жолу байкесинин “Гүлназды мактап койсоң жакшы жумуш кылат” деп жатканын угуп калыптыр. "Мен чын жүрөктөн кылып жатсам байкем ушинтет" деп аябай капа болгон. Биздин арабыздан бийлей албаганыбыз Гүлназ болчу, аны “столба” дечүбүз. Элестетсеңер, шыпырса да шыпыргынын учунан кармап, ийилбей шыпырчу да. Калгандарыбыз атам баш болуп аябай бийлечүбүз.

“КАПА БОЛГОНДО ШРЕКТИН МЫШЫГЫНДАЙ БОЛУП КАЛАТ”

– Мигрант болуп Екатеринбургга барып калдык. Гүлназ экөөбүз азык-түлүк саткан кичинекей күркөдө алмак-салмак иштеп жаттык. Алгач “ушул жерде иштеймби, эч ким жокпу, зеригем го” деп капа болду. Кызыгы иштегенден кийин башталды. Күркө аябай тар болчу, терезеден соода кылчубуз. Гүлназ ал жерге батпайт, радиону бакыртып коюп алып бийлейт, ырдайт. Дүкөндөгү азык-түлүктү реклама кылып видеого тартып келип бизге көрсөтчү, күлчүбүз, анткени күлкүлүү кылып, сагыздарды, суусундуктарды бири-бири менен "сүйлөштүрүп" койчу.

Бир жолу ырдап бүтсө бир кардар “ырдап бүттүңбү?” деп келиптир. Көрсө, ал киши Гүлназ ырдап бүткөнгө чейин күтүп тура бериптир да. Караңгыда күркөнүн ичинен сырт көрүнчү эмес. Анан бир куту тамеки, шоколад алыптыр да, шоколадды Гүлназга берип, “бул сага, жакшы ырдайт экенсиң” деп комплимент айтыптыр. Ырдап эле отура берчү.

Дайыма эле жыргап жүрбөйт да, анын да капа болгон учуру болот. Кайгырганда, жини келгенде адамдар катуу сүйлөйт го, бул антпейт, адамдар ага боору ооруй тургандай болуп калат, Шректин мышыгындай болуп. Жини келгенде башкалар өзүн коргош үчүн башканы күнөөлөп баштайт го, Гүлназды бирөө капа кылса “буга чейин Кудайга жакпаган иш кылган окшойм" деп күнөөнү өзүнөн издейт.

“ЫРЧЫ ЖИГИТ СӨЗ АЙТЫП ЖҮРДҮ”

– Мен Ошто жашайм. Гүлназ 1-2 айлап Бишкекте жүрүп Ошко келбей калса “энергиям түгөндү" деп чалам. Ал “жакында барам, ушак терапиясын кылабыз” дейт. Келгенде ар нерсени сүйлөп көңүлдү көтөрүп, энергиямды толтуруп берип кетет.

Ошко тойго, концертке келгенде жетишпей жатса кийимдерин ташып жардам берем, дагы бир эжеси буюртма алуу жагынан жардам берет. Бир сиңдим Инстаграмга чыгарган пост, тарыхчаларын карап, пикирин айтып, сындап турат. Гүлназ жөнөкөй го, үйгө барганда көлөч менен деле видео, сүрөт тартып киргизе берет. Сиңдим “башка нерсе кийип алсаңыз болбойт беле” деп айтып турат. Мага Гүлназ эмне чыгарса деле сонун көрүнө берет.

Турмушка чык деп башка туугандар да, биз да айтып калабыз. Жезделери да “дагы бир бажа кошпойлубу” деп калышат. Андайда күлүп кутулат. Олуттуу сүйлөшүп калганда “1-2 жыл иштеп алайын” деп айтат. Турмушка чыксам ырдабай калам деп коркот. Талапкерлер чыккан, чыгып деле жатат, айрымдарын жактырган жок. Гүлназ кылыктанып отурбайт, башка кыздар кылыктанып дос боло турган мырзаны жигит кылып алышат го, бул жигит болом деп келгендерди да дос кылып алат, достору көп. Ким экенин айтпай эле коёюн, ырчы жигиттердин бири көпкө сөз айтып жүрдү. Жакшы жигит деп жакшы жактарын айтсам да “болбойт” деп көнбөй койду.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан