АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Анварды эч нерсе токтото албайт эле. Бир күнү ал Эркиндин каршысында отурду. Тамак ичип отурган Эркин башын көтөрө берип Айсулуунун атасы так каршысында отурганын көрдү. Кача албайт болчу. Дирт этип кетти, кашыгы колунан түшүп отуруп калды. Анвар карап турду. Сынай гана тиктеп турду. Мынчалык көзү курч адам болорун билген эмес. Көз карашы ок болуп маңдайына кадалып калгандай болду.

– Мен баарын билем. Эрик түрмөдө отурганда мени чакырып айтып берди. Атаңдын аркасына жашынам деп ойлодуң беле?

– Жок, жашынам деген эмесмин.

– Башынан айтып бер мага...

Эркин башка чарасы жок беле, же өзүнүн да көкүрөгү жарылып кетчүдөй абалда жүргөн үчүнбү, бир аз тынымдан соң айтып баштады. Болгонун болгондой...

– Апам айтты мага... Атам бир жаш кызды сүйүп калып, башын жоготуп жатканын, баарына чыдап келгенин, бирок мындай нерсеге чыдай албаарын айтты. Балерина кыз экенин айтты. Атам ага каалаганын алып бере турганын, бизди таштап кете турганын айтты. Мен чыдай албадым. Эрик менен Санжарга айттым. Алар мурун бир курсташ кызыбызды коркутуп башка шаарга кетирип жиберишкен. “Коркутуп гана койгула” дедим. Чын, башка эч нерсе деген эмесмин.

Анвардын муштумдары түйүлүп бара жатты. Бирок сабыр менен тиктеп тура берди.

– Улант.

– Апам жаңылыштык менен бейкүнөө кызды күнөөлөп жатканын кийин гана билдим. Ишенип коюңуз, менин оюмда жаман нерсе жок болчу. Мүнөттүк алсыздыкка алдырып жибердим. Окуя болгондон кийин атам жаш кыз эмес, анын апасы менен мамилеси бар экенин билдим. Ал сиздин аялыңыз экен...

Анвар жүрөгү сезген. Шамал Аскар тараптан согуп жатканын билген. Барып атып салса... Ит аткандай атып салса... Ал түгүл кызыл-жаян болуп жаткан Аскарды көз алдына келтирип жиберди.

– Сен, иттин баласы, эмне кылганыңды билесиңби?!- деди ал жеп коё турган көзү менен.

Эркин көзүн ала кача башын ийкеди.

– Мени кара!

– Жигит аргасыз көзүн көтөрдү.

– Аскардын көпкөн баласы, сен менин кызымды тааныйсыңбы? Ал дүйнөдөгү таптаза кыз. Эй, сен анын бир тамчы көз жашына арзыбаган макулуксуң, уктуңбу?! Менин кызымдын көзүнөн миңдеген бакыттын учкуну жанып турчу. Сен ал бактылуу болгондогу көз карашын элестете аласыңбы?! Кызымдын көзүндөгү бакытты өчүрдүң. Азыр баарына коркуу менен карайт. Эшик катуу жабылса да, үн катуу чыкса да коркот. Эртеңи эмне болору белгисиз. Мен атаң экөөңө тең бирөөнүн тагдыры менен ойногон кандай экенин көрсөтөм. Мен сени түрмөнүн түбүнө чиритем. Атаңды дагы... Өзүң барып “мен күнөөлүүмүн” деп моюнуңа ал. Болбосо бүгүн айткандарыңдын баары телефонго жазылды, эртең керек кишинин столунда болот. Атаң дагы бир жолу сени куткара албайт. Айтып коёюн!

Анвар туруп кетти. Эркин каткан боюнча кала берди. Өңү купкуу болуп кирип келген баласын көрүп Аскардын аялы алайып кетти. Кийинки убактарда уулу маанайы пас жүргөнүн көрүп жаман болуп жүргөн. Аялынын күйпөлөктөгөнүн көрүп Аскар да Эркиндин бөлмөсүнө келди.

– Эмне болду?

– Ата, сөз бар.

Экөө бөлмөгө кирип сүйлөшүштү. Эркин болгонун болгондой айтып берди.

– Бүт айтып бердиңби?

– Ооба.

– Сен мээң иштейби, эй бала, “билбейм, көргөн эмесмин” деп айтпайт белең?!

– Ата, мен ушинтип эзилгенче жазамды тартайын деп чечтим. Мен кыйналып бүттүм.

– Көк мээ! Энесин тарткан десем арданасың, ай, сен качан алды-артыңды карайсың?! Мен жабык иш жабык боюнча калсын деп Эриктин атасына канча акча бердим?.. Ошонун баарын бекер жасадымбы? Сен Асандын же Алмаздын баласы болсоң төрт тарабың кыбыла, барып түрмөгө жата бер демекмин. Сен менин баламсың, эшек! Ушунча жыл мен аброюмду каным менен, жаным менен жасадым. Сендей бок мурун бир күндө кара көө жапсын деген эмесмин.

– Билгем мен ошону...- деди Эркин чарчаңкы.

– Эмнени?

– Мени жакшы көргөнүңдөн эмес, өзүңдүн аброюң үчүн баарын кылганыңды. Сен мен үчүн кылдым деген нерсе мен үчүн эмес. Өзүң үчүн!

Аскар уулун жаагын ысыта чапты. Бирок Эркин коркуп калбай, курч көз карашы менен карап турду.

– Баары бир эч нерсени оңдой албайсың. Мага бир күн берди, барбасам үнүмдү жаздырган аудиону тергөөчүгө берет. Ал муну кылат, ата, ишенип кой.

– Акмак, айбан, эшек!

Калчылдаган Аскар өзүн башкара албай калды. Бирок уулун дагы чаба албай эшикти карс жаап чыгып кетти. Бирөөлөр менен сүйлөшүүлөр, атасынын корсулдаганы, бирөөнүн ыйлаганы угулду. Карындашы окшойт же апасыбы? Эркинге эми баары бир болчу. Ушунчалык жан азабын жегиче барчу жерине барып күнөөсүн моюнуна алса ичиндеги өрт басылып калчудай сезилип жатты. Кулагына Анвардын үнү угулду. “Менин кызымдын көзүнөн миңдеген бакыттын учкуну жанып турчу. Сен ал бактылуу болгондогу көз карашын элестете аласыңбы? Кызымдын көзүндөгү бакытты өчүрдүң!”

– Баарына даярмын, ичимдеги күйүп жаткан от өчсө эле болду,- деди тиштене. Ал ичиндеги от дегени дагы көп жылдар бою куйкалаарын билген жок.

ххх

“Оозун жабышың керек!” деди Аскар. Эриктин атасынын кулагына ушулар жаңырды. Ансыз да бул Анвар дегениң чекеге чыккан чыйкан болуп бүттү. Анварды ошол түнү ооруканага чакырышкан. “Тезинен операция жасоо керек, сиздин жардамыңызсыз болбочудай” деген жардамчысы Таир. Кызынын бөлмөсүнө кирип анын мемиреп уктап жаткан жүзүнөн бир жыттап, үстүн кымтылап жаап коюп чыгып кетти. Машинесине отуруп жөнөп калды. Шашылды, анткени ал бирөөнүн өмүрүн сактап калуусу мүмкүн эле. Аркасынан капкара машине чыкты. Алгач байкаган эмес, бирок жолдун ортосуна келгенде ал өзүн аңдып турган машине экенин билди. Айсулууга телефон чалды. Бирок кызы алган жок. Катуу ылдамдыкта келе жаткан машина анын машинесин күч менен урду. Машине тең салмактуулугун жоготуп четте турган даракка чабыла берди. Анвардын көз алдына кызы келди. Бир нерсе дегиси келди. Үлгүрбөй калды. Кара туңгуюктун ичинде кала берди...

– Бүттү...- деди Эриктин атасы былчыйып калган машинени карап туруп. Мунун ичинде адам соо калбайт. Соо калса да ооз ачканга алы келбейт. Машинесин тез буруп көздөн кайым болду.

ххх

Атасы эртең менен туруп кофе кайнатчу. Түрк кофесин жактырып, атайын командировкага барганда алып келип койчу. Кичинесинен бери атасы үйдө болгондо кофе менен ойготчу. Айсулуу көзүн ача берип кофенин тааныш жытын күттү. Эмнегедир үй дабышсыз. Атасы өзү уктаганы кеткенде үйдө болчу, нөөмөткө түштөн кийин барарын айткан. Үйдө болом деген.

– Ата?- деди ал ашканага баш багып. Эч ким жок.

Бардык бөлмөлөрдү карап чыкты.

– Кызык, эч кайда кетпейм деп коёт,- деп таарынычтуу сүйлөнүп алды. Азыр телефон чалат да “кызым, жумушка чакырып калышты” дейт деп ойлоп койду. Атасына таарына алчу беле? Бул дүйнөдө бир адам ал дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ал да атасы! Кийинип, тамагын ичип университетке жөнөмөй болду. Босогону аттап бара жатканда телефонуна чалуу келди. Атасынын жардамчысы Таир экен.

– Айсулуу, ооруканага тез кел. Атаң... Атаңдын абалы катуу. Жол кырсыгына кабылыптыр.

Төрт сүйлөм мээсине жетип-жетпей турду. “Кандайча?” дей берди. Мээсине жеткенде гана жүрөгү шуу дей түштү. Аттап-буттап тепкич менен жөнөдү. Адатта лифт менен түшчү, коркуудан аны да унутуп калды окшойт...

ххх

– Үйдөн чыкчу болбо!- деди атасы зекип. Үнүнөн бир нерсе болгонун билди. “Билгенин кылсынчы” деп оор үшкүрүп алып өз бөлмөсүнө кирип кетти. Телефонун карап Анвардын жол кырсыгына кабылганын жаңылыктардан көрдү. “Ох, ата!” деди эси эңгиреп. Башы чыңалып чыкты, атасынын бөлмөсүнө атырыла кирди.

– Бул эмне, ия?- деди калтырап телефонун көрсөтө.

– Иттин баласы, бөлмөңдөн чыкпа дедимби сени!

– Сен кылдың! Сен аброюң үчүн адам өлтүрдүң! Сен кимсиң, ия?

– Иттин баласы, жогол дедим!

Ата-бала жашоодо эмне ачуу сөз болсо ошонун баарын бири-бирине айтып жатышты. Бирок эми анын эч кимге пайдасы жок болчу.

ххх

Айсулуу чуркап кирди. Атасынын араң эле жаны бар эле.

– Ата-а, эмне болду? Мен жаныңдамын, ата. Мен келдим. Угуп жатасыңбы?

– Укпай эле, комада...- деди кимдир бирөө. Кимдир бирөө күчтүү колдору менен аны ийинден ала кармап турду. Ушунусу жакшы болду, болбосо бутуна тура албачудай. Көздөрү атасында, бирок көзүнөн аккан жаштан улам атасын даана көрө албай жатты.

– Коё бергилечи, мен атама барам. Ата-а!- бакырып жатам деп ойлоду. Бирок сөз да, үн да чыкпай жатты. Уйку-соонун ортосунда тургандай сезиле берди. Апасы кучактап отургандай сезилди. Бирок анын кучагы мурункудай эмес, муздак эле. Акылы алдастап жатты. “Ата-а, ата мени таштаба, мени жалгыз таштаба” дей берди солуктап. Кимдир бирөө келип “кайрат кыл, атаң жакшы киши болчу” дегендей болду. Ушунун баары эле түшүндө болуп жаткандай сезилди. Анын атасы эч качан өлбөйт. Ал миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган мыкты врач. Ишенгиси келген жок. “Мунун баары түш, азыр ойгоном, атама айтып берем. Экөөбүз кофе ичебиз, анан каткырып менин түшүмдү эстеп күлөбүз” деп жатты ичинен...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан