КЫРГЫЗДАР “АНАР” ДЕП КОЙЧУ ДАРТТЫ КАНТИП ДАРЫЛАШАТ?

Бетинде же колунда, айтор, кээ бир балдар денесинин бир жеринде анары бар болуп төрөлүшөт.Анар медицинада гемангиома деп аталат. Айрым учурда анар бала туулары менен билинсе, айрымдарда кийин билиниши ыктымал. Бул анардын бала менен кошо чоңоюп, анан көзгө билингени. Мына ушул дарт кайсы себептерден улам жаралат жана дарылоо ыкмалары кандай? Биротоло кетирүүгө мүмкүнбү? Анардын залалы канчалык? Бул суроолорго Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясынын бөлүм башчысы Таалайбек Байсакеев жооп берди.

“ГЕМАНГИОМА ДЕНЕНИН КААЛАГАН БӨЛҮГҮНДӨ ЖОЛУГАТ”

– Анар же гемангиома – бул кан тамырлардын тубаса залалсыз шишик дарты. Залалсыз шишик дарттарына чалдыккан балдардын тең жарымын ушул гемангиома дартына чалдыккандар түзөт.

Гемангиома кайсы жерде болуп калышы мүмкүн? Дененин каалаган мүчөсүндө. Мисалы, бетте, көздүн сурмасында, чекеде, тилде, эринде, баштын чачтуу бөлүгүндө, желкеде, кулактын айланасында, бутта, сөөктө, жатында, аялдардын жыныстык мүчөсүнүн чоң эрининде, ички органдарда, (көбүнчөсү боордо, уйку безинде, бөйрөктө) болот. Дарт жатында болсо кош бойлуу кезде аял абдан кыйналат. Кокус төрөт кезинде жатында гемангиома бар экени билинсе жатын алынып салынат. Дартка күндүн түз тийген нуру, күнгө кактануу терс таасир берип, гемангиоманын чоңоюп кетишин шартташы мүмкүн.

Залалы эмнеде? Гемангиома бала менен кошо чоңоюп, тегерегиндеги ткандарды, нервдерди кысып жана алардын иштөөсүн бузуп өсөт. Мисалы, көздүн тегерегиндегиси ткань жана нервдерди кыскандыктан көрүү бара-бара начарлайт. Кол-буттагысы ар нерсеге тийип, сүрүлө берип тытылып калуу, ошондой эле кесип алуу коркунучу бар. Тилдегиси тамак жегенге, сүйлөгөнгө, тыбыштарды туура айтууга жолтоо болот, даам билүү төмөндөйт. Гемангиома денеде болсо жуунганда жышыгыч менен сүргөндө тытылышы ыктымал.

Көздүн айланасында, мурунда, чач арасында, эринде, жатында, тилде жайгашканын дарылап айыктыруу кыйын. Негизи эле баласынын бетинде анары бар айрым ата-энелер баласынын өңүнүн жаман көрүнүшүнөн улам аны эртерээк алдырып салууну пландашат. Айрым ата-эне баласын врачка алып баруудан коркуп же дартка маани бербей коюп, бала кийин эр жеткенде өзү жасаткан учурлар да кездешет. Кандай болгон күндө дарылоо керек делсе эртерээк айыктырууга кам көрүү зарыл.

Эң коркунучтуусу эмнеде? Гемангиома катуу жаракатка кабылса канды токтотуу кыйын, өмүргө коркунуч келет.

Ички органдардагы гемангиоманын өлчөмү кичине болсо ээсине билине бербейт. Качан гана бала кайсы бир себептерден улам ооруп УЗИден ички органдарын текшерген кезде гана билинип чыга келет. Кокус өлчөмү чоң болсо жакын жайгашкан органдарды, кан тамырларды, нервдерди кысып ооруткандан улам билинет.

КЕЛИП ЧЫГУУСУН ШАРТТООЧУ ФАКТОРЛОР

Дарттын эмнелерден улам келип чыгары боюнча так маалымат жок. Бирок окумуштуулар анын жаралышын төмөнкү факторлор шарттайт дешет:

  • Аялдын кош бойлуулугунун алгачкы 3 айында баланын кан тамыр системи түзүлүп жаткан кезде жугуштуу оору менен ооруп калышы. Мисалы, сасык тумоо, кызамык, кызылча же жыныстык жактан жугуучу оору.

Аялдын ооруганда өз алдынча дары ичиши.

  • Түйүлдүккө кычкылтек калыптагыдай барбай, балада гипоксия (кычкылтек тартыштыгы) жаралгандан улам. Мисалы, баланын киндигинин моюнуна оролуп калышы, аялдын тамеки тартышы.
  • Түйүлдүктүн түшүп калуу коркунучу жаралып, балага зыян келгенде. Мисалы, бул баланын тонунун жатында өтө төмөн жайгашып калышынан болушу ыктымал.
  • Эненин кеч төрөтүнөн (38 жаштан кийин).
  • Экологиянын начардыгы, радиация, смог, тамак-аштагы зыяндуу кошулмалар, химиялык жер семирткичтер ашыкча колдонулуп өстүрүлгөн жашылчаларды жеш. Булар да кош бойлуу энеге залакасын тийгизет.
  • Баланын тубаса гормоналдык өзгөчөлүгү жана башка.

ГЕМАНГИОМАНЫН ТҮРЛӨРҮ

Кайсы кан тамырда жайгашканына жараша төмөнкүчө бөлүнөт:

  • Капиллярдык
  • Веналык
  • Көңдөйлүү (кавернозный)
  • Аралаш. Мында гемангиоманын 2-3 түрү аралашып жаралып калат.

ДИАГНОЗ

Диагноз үчүн кан тамырдын УЗИси, магниттик-резонанстык томография, ангиография жана башка керектелет.

ДАРЫЛОО

Айрым учурларда баланын гемангиомасы ал туулгандан 1,5-6 жыл ичинде өлчөмү кичирейип, анан жок болуп сорулуп кетиши мүмкүн. Кээ бирлериники бала менен кошо чоңоё берет.

Теринин бетинде жайгашып көзгө көрүнүп турган капиллярдык түрү көп кездешет деп айтылат. Веналык түрүндө гемангиома теринин бетинде же теринин алдында жайгашып калышы ыктымал. Көңдөйлүү түрүндө толук кандуу түзүлбөгөн капиллярдык кан тамырлар жарылып, ошол жерде көңдөйчө жаралып, ага кан уюп калган болот. Аралашкан түрүндө гемангиоманын 2-3 түрү аралашып жаралып калат.

Гемангиома менен туулган балдарды алар төрөлөр замат кан тамыр хирургдарынан текшерүүдөн өткөрүшөт. Улуттук гематология жана онкологиялык борбордун рак илдетин алдын алуу бөлүмүнө да текшерилүүгө, кеңеш алууга, каттоого турууга да жиберилет.

Анан баланы жашаган жериндеги эмкананын врачтары каттоого алып, убак-убагы менен текшерип, дартын көзөмөлдөп турушат. Мисалы, канчалык өлчөмдө чоңойду, андан бала канчалык жабыр тартып жатат деп.

ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

Эгер баладагы гемангиома кичине болуп, жаракатка кабылбоочу жерде жайгашса аны дарылоо керек же керек эместигин врач чечет. Дарылоо керек делген балдарга да, чоңдорго да дарылоо ыкмалары бирдей колдонула берет. Алар төмөнкүдөй:

1) Криотерапия. Мында суюк азот менен дарылап, өңү бозортулуп гана коюлат. Бирок жок кылынбайт. Бул ыкма көбүнчө өлчөмү кичине болсо колдонулат.

2) Склеротерапия. Гемангиома жайгашкан кан тамырдын ичине ийне менен атайын зат куюлат. Ал зат кандын жолун бууп, өткөрбөй коёт.

Кан тамырдын капталдары жабышып калат да, бир топ убакыттан кийин кан тамыр ичкерип, көрүнбөй, билинбей калат.

3) Гормоналдык дары-дармектер менен дарылоо

4) Электрокоагуляция. Дарт жайгашкан кан тамырга электр тогу менен таасир этип күйгүзүү.

5) Лазер менен дарылоо.

6) Пропранолол (анаприлин) дарысы менен дарылоо.

2008-жылы Франциянын Бордо шаарындагы балдар хирургиясынын кардиологдору пропранолол дарысын ичкен жана гемангиомасы бар балдардын анары кичирейип баратканын байкап калышкан. Бул жаңылыкты дүйнө окумуштуулары угуп, башка балдардагы ангиоманы дарылап көрүшкөн. Жыйынтыгы бир топ жакшы болгондон соң бул ыкма башка өлкөлөргө тарап баштаган. Бул дары Кыргызстанда да колдонулат. Дарыдан улам дарттын өңү бозорот, көлөмү кичирейет, акырындап жоголо баштайт.

7) Пластикалык операция. Бул көбүнчөсү теринин сыртында жайгашкан жана көлөмү анча чоң эмес гемангиомаларга жасалат.

8) Хирургиялык операция. Бул дарттын оор түрүндө колдонулат. Мисалы, биздин кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө, Улуттук гематология жана онкология борборунда бут, жатын, далы, бөйрөк, боор, уйку бези, сөөктүн жана башканын гемангиомасына операция жасалат. Айрым операциялар этап-этабы менен жасалат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда аталган дарт боюнча 2006-2012-жылдар аралыгында хирург жана пластикалык хирург маркум Бактыбек Өмүрзаков жетектеген топ атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча жасалган операциялардын тең жарымы аралаш гемангиома түрүнө жасалган. Аталган борбор балдардагы гемангиоманы дарылашат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан