КӨК БӨРҮ. КОМАНДАЛАР КАНЧАЛЫК КҮЧТӨНДҮ?

Көк бөрү дүйнөсүндө былтыр күздөн тартып трансфердик терезе ачылган. Андан бери көк бөрү күйөрмандарында “ким кайда ойнойт, кайсы команда күчтүү курам түзө алат?” деген суроо жаралып келген. Жыл жаңырары менен улакчылардын биринин артынан бири команда алмаштыруусу күйөрмандардын ого бетер кызыгуусун арттырды. “Нооруз” турнирине саналуу күндөр калды. Байылкы сезонго карата көк бөрү командаларынын курамы менен тааныштыралы дедик.

“ЫНТЫМАК” КОМАНДАСЫ

Жогорку Лигадагы командалардан адаттагыдай эле алгачкылардан болуп “Ынтымак” командасы быйылкы сезонго карата курамын жарыялады. Быйылкы трансфердик алмашууда “Ынтымак” командасынын курамы анчейин өзгөрүүгө учураган жок. Курамдын көпчүлүк бөлүгүн мурунку оюнчулар түздү. Былтыркы курамдагы Аудасбек Мырзабек уулу, Эламан Нурболот уулу ден соолугуна байланыштуу азырынча ойнобойт. Ал эми көк бөрүгө эмгеги сиңген оюнчу, команданын капитаны болуп келген Жолдошбек Орозбаев жаракатынан улам оюн талаасына чыкпайт. Бирок быйыл ал “Ынтымак” командасынын машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул оюнчулардын орду Майрамбек Рысбек уулу, Эржан Төлөбеков, Нурлан Узеев менен толукталды.

Майрамбек Рысбек уулу: “ЫНТЫМАКТА” ОЙНОП ЭЛ-ЖЕРГЕ КЫЗМАТ КЫЛАЙЫН ДЕДИМ”

– “Достук” менен келишим былтыр күздө бүткөн. “Достук” командасында 4 жыл ойнодум. Башында мен “Ынтымактын” курамына алынбай калгам. Кийинки жылдан тартып эле мени “Ынтымакка” чакырып келишкен, бирок ал учурда “Достукта” ойночумун. Быйыл дагы “Ынтымактын” курамына чакырышты. Анан эл-жерге кызмат кылайын дедим. Кышы менен Таласта өткөрүлгөн райондор аралык өтмө кубокто ойнодук. Учурда Бишкекке келип сбор өтүп жатабыз. Буюрса, даярдык жакшы.

“САРЫ-ӨЗӨН” КОМАНДАСЫ

“Сары-Өзөн” командасы былтыр президенттин кубогуна арналган турнирде көп жылдан берки эль-класиконун тирешин бузуп, финалда “Ынтымак” менен кез келип 2-орунду ээлеген. Курамына Нурбек Юсупов, Белек Мукаев, Султан Русланов өңдүү тажрыйбалуу көк бөрүчүлөрдү чогултуу менен “Сары-Өзөн” дагы да күчтөндү десек болот. Бул курам “Сары-Өзөнгө” ийгилик жылмайта алабы? Алдыдагы оюндарда бирге байкайбыз.

Эмирлан Жеңишбек уулу: “ЧҮЙ ОБЛУСУНУН НАМЫСЫН КОРГОЙЛУ ДЕП “САРЫ-ӨЗӨНГӨ” КЕЛДИК”

– “Достуктун” жетекчилиги “быйыл дагы бизде кал” дешти. Бирок кетүүгө туура келди. Былтыр октябрда Өлкө чемпиондугунан кийин “ушул бойдон калалы, Чүйдүн намысын коргойлу” деп сүйлөшкөнбүз. Ошон үчүн Чүйдүн улакчылары “Сары-Өзөнгө” чогулдук. Быйылкы сезондо жакшы оюн көрсөтсөк деген тилектебиз. Команда 11-февралдан баштап сбор өтүп жатабыз.

“АЛА-ТОО” КОМАНДАСЫ

Бул сезондо “Ала-Тоо” командасынын курамы дээрлик жаңыланган. Былтыркы курамдан болгону 4 оюнчу калган. “Ала-Тоо” быйылкы сезонго Бауш Султанбеков, Жаныш Конушбаев, Нурдин Болотбеков, Бактияр Жабагиев өңдүү ар команданын мыктыларын чогултту.

Жаныш Конушбаев: “ДОСТУКТАН” ДАГЫ СУНУШ ТҮШКӨН...”

– Мен 2016-жылдан бери Ысык-Көлдүн командаларында оюн көрсөтүп келгем. Быйыл мага “Достуктан” дагы сунуш түшкөн. Бирок “Ала-Тоо” менен сүйлөшүүбүз келишип, келишим түздүм. Баасы коомчулукка айтылбайт. Буюрса, Нуркашка аргымагы менен жекеме-жекеде оюн көрсөтөм.

“ДОСТУК” КОМАНДАСЫ

“Чү” дегенде эле “Достукта” 4 жылдан бери ойноп келген Майрамбек Рысбек уулунун “Ынтымакка” өтүшү күйөрмандар үчүн күтүүсүз болду. Мурунку курамдагы Нурбек Юсупов, Султан Русланов, Эмирлан Жеңишбек уулу “Сары-Өзөнгө” өтсө, чабуулдун чебери Талас Дүйшалиев Москвада эмгектенүүдө. Булардын орду тажрыйбалуу оюнчулар Темир Молдокулов, Бактияр Таалайбек уулу, Жоодар Жолчу уулу, Арген Абдыллаев, Адилет Адисбек уулу менен толукталды. Көп жылдар бою алдыңкы орун үчүн ат салышып келген “Достук” былтыркы сезонду 4-орунду алуу менен жыйынтыктаган. Быйыл кайрадан күчтөнүп мурунку деңгээлге кайтабы? Быйыл эзелки эль-класико тирешине күбө боло алабызбы, же былтыркы оюн менен эль-класиконун доору бүттүбү деген суроо ачык бойдон калат.

Жогорку Лигада жалпы 6 команда оюн көрсөтөт. Таластын “Кара-Буура” командасы курамы толук болбогону үчүн Биринчи Лигага түшүрүлүп, анын ордуна Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы Жогорку Лигага кошулду. Азырынча “Мурас” менен Бишкек шаарынын “Көк-Жал” командасы курамын жарыялай элек.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан