Майя Осмонова, айдоочу: «ЖОЛДО «НАГЛЫЙ» АЙДООЧУЛАР ЖИНГЕ ТИЙИШЕТ»

60 жаштагы Майя Осмонова Бишкек-Ысык-Көл багытында маршруттук такси айдап жүргүнчү ташыйт. Ысык-суукта кабак-кашым дебей жүздөгөн чакырым жолдо ары-бери каттаган каарманыбыздын унаасы да жаркырайт, чаң жугузбай карай турганына күбө болдук. Каарманыбыз бул кесипти кантип аркалап калганын, ишинин күнгөй-тескейин баяндап берди.

“ҮЙДӨ 9 КЫЗ БОЛГОНДУКТАН МЕН ЭРКЕКТЕЙ ЧОҢОЙДУМ”

– Туулуп-өскөн жерим Нарындын Жумгал районунун Кызарт (азыркы Жаңы-Арык) айылы. Учурда Бишкектин Ынтымак конушунда жашайм.

Атам согуш ардагери эле, оң колу ийининен жок болчу. 46 жыл мектепте мугалим болуп иштеди. Үйдө 9 бир тууган болсок, баарыбыз кыздарбыз. Атамдын бир колу, анан да жардамдашар эркек уулу жок болгондуктан, ал эмне иш кылса мен кошо жанында каралашып жүрүп эркек балдардай чоңойдум.

Мектепте окуп жүргөндө малга чөп чаап, чогултуп, тракторлорго жүктөшчүмүн. Отун араалап, жарып, ат, эшек минип мал кайтарган күндөрүм көп болду. Теңтуш балдар менен ат чаап жарышчумун. Бош убактым боло калганда түндө атамдын жанына отура калып, окуучулардын дептерлерин текшеришип, сабагына көрсөтмө куралдарды жасашып берчү элем. Ошондуктан алгач атамдын кесибин улантып мугалим болгум келчү. 10-класста мектеп программасына машинист-тракторист деген сабак киргизилип, биз машина, трактор айдоону үйрөндүк. Ошентип мектепти бүттүк, машина-трактор айдаганга айдоочулук күбөлүк да алдык. Жогорку окуу жайга сынак тапшырчу кез келгенге чейин деп колхоздогулар менен кошо мен да чөп чабыкка чыга баштадым. Чиркегичи бар каз таман айдаган айылдаш бала бар эле. Анын тракторун талашып айдай баштадым. Ал мага тракторду айдатып коюп, өзү башкалар менен прицепке чөп жүктөйт. Анан мен ал чөптү тоодогу малчыларга жеткирем.

Ошентип жогорку окуу жайга тапшырчу кез келип жетти. Ордо калаага келип, кыз-келиндер институтуна тапшырдым. Бирок өтпөй калып, фабрикада иштеп жүрдүм. Ошондо троллейбус айдоону абдан самадым. Бирок атам “дайыма эле шаарда жашамак белең, турмушка чыксаң айылда эле жашайсың да” деп, мени айылга алып кетип калды. Троллейбус айдоо кыялым ишке ашпай калды. Автоунаа айдасам деген көксөөм өчпөдү.

“АЛГАЧ АУДИ САТЫП АЛДЫК”

– Нарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырып, аны бүткөн соң балдар бакчасында иштеп жүрдүм. Турмушка чыгып, 3 кыз, 1 уулдуу болдум. Союз тараган учурда Бишкекке үй-бүлөбүз менен көчүп келдик. “Ош базарында” 25 жыл газдалган суу (аппаратта) сатып иштедим. Анан Ауди унаасын сатып алдык. Аны жолдошум экөөбүз тең айдап жүрдүк. 2005-жылы жолдошум Бишкек – Чолпон-Ата – Ананьево багытында маршруттук такси айдай баштады. 2011-жылы 18 орундуу Мерседес унаасын сатып алдык. Жолдошум ооруп калып, врачтар ага унаа айдаганга болбойт дешиптир. Ошентип анын ордуна мен айдоочу болуп катталып, жаныма “сменщик” баланы алып, Бишкек – Чолпон-Ата – Ананьево каттамына чыга баштадым. Шеригим Ысык-Көлгө бара жатканда айдаса, келе жатканда мен айдайм дегендей. Ошентип 5 жыл иштедик. 2 жылдан бери жалгыз айдап жатам.

“ҮЙДӨ АЯЛДАРГА ТИЙИШТҮҮ ИШТЕРДИ ЖАСАП ОТУРА АЛБАЙМ”

– Жумушта график, кезегибиз менен иштейбиз. Мен эртең мененки саат 7 менен кечки 6нын ортосунда иштейм. Анткени караңгыда жүргөндөн качам. Анын үстүнө кышында жол тайгак болуп, түндө унаа айдоо машакаттуу иш. Жанымды кыйнагым келбей Ананьевого баргандан кийин конок үйгө түнөп, эс алып эртеси кайтам. Аба ырайы ар түрдүү болуп калат. Мисалы, баратканда күн ачык, кайтканда жамгыр же кар жаап же туман болуп калат. Андайда шашпай айдайм. Негизи рулда отурганда өзүңө ишенишиң керек. Жолдо күтүүсүз жерден мал чыга калып, сүзүп кеткен учур болот. Андайда машинаңдын сүзүлгөн жерин оңдотушуң керек. Кокус жолдо дөңгөлөгү жарылса өзүм алмаштырганга жарайм.

Үйдө аялдарга тийиштүү иштерди кылып отура албайм. Үйгө батпай, талыкшып, эч нерсе кылгым келбей калат. Убагында мал, тоок да багып көрдүм. Бирок унаа айдап жүрсөң аларды жакшы карай албай калат экенсиң. Мага унаа айдаган жагат. Унаа башкарганда көңүлүм ачылып, дитимдин баары жолдо болуп калат.

Айрымдар “унааңызды ижарага берип, үйдө эле отурбайсызбы” деп калышат. Ага болбойм. Жолдо саатына 90-100 чакырымдан ашырбай айдаганга аракет кылам.

Бирок берилип кетип андан ашырып жиберип, айып пул төлөгөн учурларым да болуп калат. Унаамды убак-убагы менен унаа оңдоочу жайга киргизип каратып, оңдотуш керек болсо оңдотуп турам. Майын да убагында алмаштырам. Салондун ичин ар бир каттамга чыгар алдында тазалап жууйм. Ичи кир болгондо унаамды аяп, боорум ооруп кетет. Сыртын болсо 250 сомго жуудуртуп алам. Айдоочунун кийими таза болушу керек деп автобекетте кийимдерибизге чейин текшерип турушат.

Каттамга чыгар алдында унаанын бузук эмес экендиги, патентибиз, жол баракчабыз (путевый лист), аптечкабыз жана башкалар текшерилет. Наркологдун текшерүүсүнөн да өтөбүз. Түрмөдөн качкандар болуп калса жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор токтотуп текшеришет. Унаама мастарды салбаганга аракет кылам. Анткени алар менен башка жүргүнчүлөр ортосунда чыр чыгышы ыктымал.

Мен Бишкек-Чолпон-Ата-Ананьево багытында маршруттук такси айдаган жалгыз айыммын. Калган айдоочулар мени сыйлап турушат.

“РУЛДА АЛАКСЫБАШЫҢ КЕРЕК”

– Жайында сууга түшүү маалында, күздө аш-тойдун учурунда көбүрөөк акча табабыз. Калган учурда азыраак.

Барып-келгенге деп 70 литр солярка куям. Азыр күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнгө орточо эсеп менен 4300 сом майга кетет. Муну бараткандагы жүргүнчүлөрдүн билет баасы жапса өзүмө келе жаткандагы жүргүнчүлөрдүн жол киреси калат. 1 айга патентке 1500 сом төлөйм.

Ишим өтө жоопкерчиликтүү, анткени унааңа түшкөн жүргүнчүлөрдүн өмүрү сенин колуңда. Жолдо кокус көзүң илинип уктап кетсең, же бир нерсени байкабай же алаксып кетсең жол кырсыгына учурашың мүмкүн. Жолдон көз албай, алдыңда, артыңдагы унааны да байкап айдашың керек. “Наглый” айдоочулар кездешет, жолдун ортосуна түшүп алып, трассаны толук ээлеп алышат. Айрымдары жол эрежесин бузуп, бурулуштан чукул чыга калат. Кээде унааны айдоону эптеп үйрөнүп алып өзүнүн да, башкалардын да өмүрүн тобокелге салып эрежени сактабай айдагандар бар. Айтор, түйшүк көп, барып-келгиче нерв да кетет. Баары жол эрежесин сактап айдаса дейсиң.

Кээде жүргүнчүлөрдүн арасында “бул унааны чындап эле сиз айдап жүргөнсүзбү?” деп ишенбей, кызыгып же шектенип сурагандар болот. “Ооба” деп күлүп коюп кете берем. “Кантип айдайсыз?” дешсе “азыр көрөсүз” деп коём. Кээде жолдон менин айдап бара жатканымды көргөн эркектер кол булгап, жол чыракта токтоп калсам “азаматсыз!” деп мактап өткөндөрү болот.

Унаа өзүңдүкү болгон соң той-ашка же бир жакка эс алууга барарда жакындарыңды салып алып кете бересиң. Өмүрүм жолго байланган, ушул иштен нанымды таап келе жатам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА