«БАРКЫҢДЫ БИЛБЕЙ…»

Жан дүйнө жаңырыгы

– Мен өзгөрдүм, аябай өзгөрдүм. Сен билген, эч бир мыйзамга баш ийбеген, бой көтөрмө, кырс адам эмесмин. Сен жактырган алоолонгон өрт жигит азыр таптакыр башкача абалда. Эсиңдеби, сени таарынтып, катуу айтып ыйлаткан күндөрүм? Өз күчүмдү ошентип билгизгим келчү. Катуу сүйөрүңдү билсем да, мындан да ашык, мындан да берилип сүйүшүңдү каалагам. Ошондо ыйлап жатканыңды сезсем да, обочодон карап туруп басып кетчүмүн. Анткени аркамдан келериңди, кайра эле жарк эте күлүп бетимден өөп, кечирим сураарыңды билчү элем. Сен дайыма келчүсүң. Бирок бир күнү келбей, аркамдан ээрчибей койдуң. Көрсө, бапестеп көздүн карегиндей сактабаса, сүйүү да өчөт экен. Сенин сүйүүңдү өчүрүп алганымды туйбай калдым.
Алгач “мейли, кетсе кете берсин. Кыз деген толтура” дегем. Артыңдан чуркап, түшүндүрүп айтуудан негедир намыстангам. Ичим күйүп, кызганычтан өрттөнүп турсам да ошенткем. Мендеги тозок күндөр сен кеткенден кийин башталды. Мурун эле кыз жандуу жаным кыздан кызды тандап жүрдүм, күлдүм. Канча кыздар колумдан, коюнумдан өттү. Бирок бири да сага окшобойт эле. Өзүм да байкабай сеникиндей келбетти, сеникиндей мүнөздү издедим. Бири да сага окшободу. Көрсө, сен таптакыр башкача экенсиң. Сендей адам бирөө гана экен. Аны сезгенде ого бетер өрттөнүп кеттим. Ичип, мушташып, ата-энемди, бир туугандарымды кыйнадым. Алар кайдан түшүнсүн. Молдо-кожолорго сүйрөп жүрүштү. Аларды кыйнай бербейин деп аракты токтоттум. Бирок жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү боштук ээледи.
Кызык, сен бактылуу болдуң бекен? Мен кандай жакшы адам болуп өзгөргөнүмдү азыр билсең, не дээр элең? Сенден мээримдүү болууну, токтоо болууну, чыдамдуулукту үйрөндүм. Эң башкысы, бирөөгө чын дилден берилгенди үйрөндүм. Эх, баары бир жолукпайбыз. Эрте жолугуп калган экенбиз, эми ойлосом. Өзүмдү ааламдын кожоюну сезип жүргөндө кезиктиң да, баркыңды билбей ажырап калдым.
Сага гана сыр кылып айтайынбы? Мен сени сагындым! Абдан сагындым! Бирок сагынганга акым жок. Анткени сен бир адамдын жубайы, бактылуу балдардын апасысың. Сенин жашооңо киришүүгө акым да жок...

Асылбек

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
operaledi
2010-12-04 22:04:39
Тушумо дайым киресин,коргум келет, жок дегенде алыстан.Алгачкы суйуум элен. Бирок мен да куноолумун.Кечире алсан кечир мени.
0
anz
2010-12-05 20:41:52
бир кем дуйно дейт баары жакшы болот
0
kansuluu
2010-12-06 14:14:12
Жашоо ушундай татаал таржымалдан турат экен, баш ийбеске айла жок....баардык нерсенин кадырына оз убагында жете билуу керек!!!
0
Nazulya
2010-12-06 15:23:37
Менин жигитим дагы ушинтип окунот бекен кийин?Мындан кийин бир дагы балага ишенбейм бутту!
0
Lexus
2010-12-06 22:58:18
Бул жерде бут эле кидала болгон кыздар го,ошон учун козунорду чооон ачып алданып калбай жургуло кыздар.Жакшы болсонор балдар таштап кетпейт эле силерди.
0
Mametov
2010-12-07 00:54:44
Чын эле окунучтуу экен.Байкуш кыз шончолук кыйналыптыр,дагы кичине чыдап аракет кылганда балким бактылуу болушар беле.Бирок ошенткен сайын дагы да курсун которот эле да.
0
ayse
2010-12-07 10:15:28
Балдар ушинтеп курсун котором деп жатып аягында куру жалак калаарын сезишсе. Кимди канчалык кордосон, озун андан эки эсе кор болосун. Ушуну бил!
0
Joldoweva
2010-12-09 11:38:55
mmmm da eto istoriya pro menya((((((((((((
0
mahabaha
2010-12-09 20:09:02
тандаган тазка жолугат, много хочешь мало получешь.
0
Nazic
2010-12-10 12:18:58
meninda kadyrymy sezdi beken? kanchalyk azap tartkanymdy.....?
0
nazgul
2010-12-15 00:09:17
Менин тагдырыма окшош экен.
0
jasminka
2012-07-09 00:14:05
менин да кадырыма жеткен эмес! убакыт кутпойт экен! кечиргин келет бирок ото кеч!!!
0
sunaika
2013-02-11 12:53:35
а менин кадырыма жетип,кечирим сураган,кечиргем....бирок баары кеч болчу,мен аны суйбойм!!!
0
nazmar
2013-11-23 16:19:24
((бечаара
0
kuzya90
2014-01-02 11:16:30
Men ke4 tuwundum erkekti katuu suibow kerek eken azyr menda jaman abaldamyn.
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан