ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-МАРТТАН 13-МАРТКА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Буга чейин көп күч жумшалып, бирок натыйжа болбой жаткан ишиңиз оңунан чыгат. Сиз үчүн бакыт эшиги ачылып реалдуу эместей көрүнгөн идеяларды ишке ашыра аласыз. Аптада буга чейин жасай албаган, ал тургай корккон нерсеңизди жасаганга аракет кылып көрүңүз. Жалгыз бой айымдар сүйүүдө жолдуу болуп романтикалык жолугушууга сунуш түшүшү мүмкүн. Карыз алуу, берүү сунуштарын бул апта ишке ашырбай турганыңыз оң.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сиз үчүн бул апта мистикалык жума, кандайдыр бир сыр менен байланыш болушу мүмкүн. Аптада кыялыңыздагы идеалыңызга жолугуп да, жоготуп да коюшуңуз ыктымал. Жума ортосунда маанилүү телефондук сүйлөшүү болуп, чет өлкөгө иштөөгө чакыруу аласыз. Үй-бүлөлүүлөр түгөйүнөн мурда билбеген жаңы таланттарын көрө алышат. Мыйзамсыз аракеттерге баруу коркунучтуу, андыктан айып пулуңуз болсо убагында төлөп койгонуңуз туура.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада чоң чыгашалар күтүлөт, капчыгыңызды күтүүсүз чыгашалардан коргошуңуз керек. Шаан-шөкөт, той-аштарга чакыруулар болсо баш тартканыңыз туура. Адамдар менен мамилеңиз жакшырып сүйлөшүү жүргүзүү, керектүү байланыштарды калыпка салуу дараметиңиз өсүп, дипломатиялык талантыңыз ачылат. Романтикалык жолугушууларга өзгөчө ыңгайлуу жума. Эс алуу күндөрүн үйүңүздө сыналгыдан кызыктуу тасма көрүп өткөрсөңүз туура болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кубанычтуу окуялардан улам эмоцияга бай апта болот, бирок буркан-шаркан болуп кетпей, абалды токтоолук менен кабыл алганыңыз туура. Энергия жетишсиздиги орун алат, жумуштагы тапшырмаларды аткарганга жетишпей, ишке көңүл чаппай, чарчаңкы абалда болосуз. Бош жүргөндөр жумушка орношуп, жаңы иш орундуу болушат. Арыктоону максат кылып салмак таштагысы келген бөйөндөр ушул жума аракетин баштаса жакшы жыйынтык берет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Энергияңыз ашып-ташып, руханий эс алуунун, эргүү, илхомдун туу чокусуна жетесиз. Жеке жашоодо, бизнесте да ийгилик коштойт. Жумушта топтолгон көйгөйлөрдү аралыктан чечүүгө аракет кылбаңыз, мисалы, кол алдыңызда иштеген жумушчуну иш бөлмөңүзгө чакырып алып аны жумуштан кетирүү чечимин кабыл алганыңызды жай түшүндүрүп бергениңиз туура. Үйүндө оңдоп-түзөө иштерин баштайм деген арстандар ушул жума аракетти баштаса өз убактысында бүтөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өткөрүп жиберген мүмкүнчүлүктөргө жабышпаңыз. Убактысы өтүп кеткен нерсени жасоого аракет кылып, эч нерсеге жетишпей энергияңызды текке кетиресиз. Жумушта жалкоолуктун торуна түшкөндөн абайлаңыз, ал үчүн дүйшөмбүдөн баштап өзүңүздү позитивдүү багытка тарбиялашыңыз керек болот. Үй-бүлөлүүлөр түгөйүңүз менен таарынычтар болсо көпкө созбой чечишип, келишип алганыңыз туура. Ортодогу муздак мамиледен улам сүйүктүүңүз көңүлүн башка адамга буруп кетүүсү мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өнөктөштүк, келечекке пландарды түзүү, адамдар менен баарлашуу, каржы тармагында ийгилик жаратууга ыңгайлуу апта. Жакындарыңыздын колдоосу менен маанилүү маселеңизди чечесиз. Каржылык абалыңызды жакшыртуу жолдору ачылат. Жаңы бизнес баштап же маянасы көп жумушка орношосуз. Аптада билбестиктен чоң жаңылыштык кетирүүдөн сак болуңуз, эгер мындай учурга кабылсаңыз, дароо тиешелүү органдарга кайрылганыңыз туура.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада кубанычтуу, сүйүнүчтүү окуяларды күтпөңүз. Келечекке койгон пландарыңыз айкын болуп баштайт, күндөлүк дептериңизге койгон максаттарыңызды тизмектеп жазып алыңыз. Жалгыз бой чаяндардын жашоосунда жаңы таанышуулар орун алып, ал адамга болгон симпатия күн сайын өсүп жаңы сезимдердин жаралуусуна себеп болот. Балалуу чаяндар баласы кетирген катага ачууланып жаза колдонуудан алыс болуусу керек. Эс алуу күндөрү чарба жумуштары менен алек болсоңуз болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жашооңуздун бардык тармагын өнүктүрүүнү кааласаңыз, сизге тоскоолдук кылган, эскирген адат-жоруктардан баш тартышыңыз керек. Балким, кандайдыр бир курмандыкка барасыз, ал кадамыңыз мыкты жыйынтык берет. Баш кошууну пландап жаткан сүйүшкөндөр үлпөт тоюн белгилеп, чакырылчу коноктордун тизмесин түзө берсе болот. Чет өлкөгө сапар тартканы турсаңыз, документ иштерине так болгонуңуз туура.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жашооңузда көп өзгөрүүлөрдүн башаты болгон окуялар орун алат. Көз ирмемде кантип ийгилик жаратуунун жолун билесиз, сизде алысты көрө билген стратег жана тактиктин таланты ачылат. Юридикалык иштерге байланыштуу көйгөй жаралып, мыйзамсыз иштердин бутасында калышыңыз мүмкүн. Бирок абалдан амалкөйлүк менен чыгасыз. Сүйүүдө туруктуу текечерлерди бул жума жылдыздар кызганыч менен сынайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жеке жашооңузга чоң өзгөртүүлөрдү киргизесиз. Сүйүктүүңүз сиз менен келечегин кандай элестетерин айтпаса, план койбосо анын мындай кадамы шек жаратышы мүмкүн. Бул сизге “андан кол үзүүгө убакыт келди, келечеги жок мамиледен үмүт кылба” деген белги болот. Жумушта кесиптештер менен келишпестик жаралышы мүмкүн, маселени эмоцияга алдырбай, позитивдүү маанайда чечкениңиз туура.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кызыгууңуз барган сайын романтика, сезимдер чөйрөсүнөн алыстап, материалдык чөйрөгө тартыла баштайт. Адамдар менен баарлашуу, мамиле түзүү, жолугушуу, байланышуу сизге пайда алып келбесе, алардан баш тартышыңыз мүмкүн. Аптада каржы маселесине байланыштуу иштериңизди бүтүрүү менен алек болосуз. Чыгармачылык дараметин сынагысы келгендерге бул багыттагы ой-максаттарды ишке ашыруу үчүн көп деле энергия талап кылынбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан