Бактарбек Абдразаков, куудул: “ЧОҢОЙГОНДО МЕН ДЕЛЕ ҮЙ АЛАМ”

Бактарбек Абдразаков дегенде укмуш бийлеген, ырчы, куудул, алып баруучу, актёр көз алдыңызга келет. Чыгармачылыктан алыстап кеткен куудул менен болгон маегибиз, өзү айткандай, шатыра-шатман болду. Анда сиз үчүн "шабадах".

– Саламатсызбы, Бактарбек байке, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык. Эл аман, эл ичинде биз аман, элдин кызматында эле эрке бала болуп жүрөбүз.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

– 25 жылдай болуп калды. Өзүм Алайдан болом. Кичинемден эле илегендерди тескерисинен коюп барабан кылып алып “э-хооо” деп ырдай берчүмүн. Мектепте интермедияларды аткарчумун, Союз учурунда интернатта окучу элем, алар бизге багыттама беришчү. Ошентип Алматы шаарында Темирбек Жүргенов атындагы театралдык институтту бүтүрүп келгем. Казак тайпасында окудум. Актёр Аскат Сулайманов да ошол окуу жайды бүтүргөн.

– Анан театрга жумушка кирген жоксузбу?

– Театрда такыр иштеген жокмун, кинолордо роль жаратып жүрөм, мен Казакстандан келгенден кийин эле Манас Бердибековдун жанында жүрүп калдым. Ал киши кумирим эле. Издеп үйүнө барсам адегенде кабыл албай койгон. “Бар, эй, кыргызча сүйлөп келчи” деп салган, анткени казакча аралаштырып ийчүмүн. Кийин дагы бир жолу бардым, болбоду. Бир жолу концерттен кезигип калып “азаматсың, шакиртим бол” деп өзү чакырып, эки жыл бою анын үйүндө жашагам. Мага сахнага чыгууну, элдин маанайын байкоону, элди ойготууну, айтор, сахнанын көп сырларын үйрөткөн. Андан кийин көзү өтүп кетти. Мен негизи көп эле залкар кишилер менен иштештим. Жаштыгым гастроль менен өтүп кетти, азыр деле ошондой окшойм (күлүп).

2016-жылы “Азия Микстин” балдары чакырган, ал жакка барып келдим. “Тамашоунун” балдары менен да иштешип жүрдүм. Айтор, мен аралашпаган иш өзү аз эле (күлүп).

– Манас Бердибековго кыймыл-аракетиңиз да окшошуп кетет...

– Ооба, окшошсуң дешет. Ал кишинин жанында аз жүрүп калдым, бирок саз жүрдүм. Устатым сахнага чыкканда импровизация жасап ойноп кете берчү. Бир образды бир күнү башкача, экинчи күнү башкача ойноп салчу. Менде да даярданып чыкмай жок, сахнага чыгып эле ойноп кетем. Күн мурунтан даярданып алсам баары бир эсимден чыгып кетет. Анткени элдин маанайына карап сахнада иштейм. Сценарийди жаттап да роль ойнобойм. Бир эле окуйм, анан өзүнөн-өзү кете берет.

– Сахнада бийлегениңизди көрүп “байке канча жашта болду экен?” деп бир кыз кызыгып сурады эле...

– 29 жашта го деп ойлоптурбу (күлүп)? Мейли эми, эл деле ошентип ойлой берсин. Алматыда институтта окуп жүргөндө балет искусствосуна кызыгып бир жыл бийлегем. Калганы өзүмдүн эле пластикам. Майкл Жексондун бийлегенин баалайм. Кээ бир кыймылдарын алгам, анан ролдорума актёр Жим Керринин мимикаларын кошом. Учурда куурчактын стили менен көп нерсени түшүндүргөндү өздөштүрүп жатам. Бий даярдап жатканда көп учурда күзгү менен иштейм. Эл үчүн аракет кылыш керек да, алар берген акчасына ыраазы болуп кетишсе ырахат алам.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Үч балам бар, чоңоюп жатышат.

– Келинчегиңизчи?

– Эмне келинчегим?

– Ал тууралуу айтпайсызбы?

– Аял кишини жаман деп айтыш болбойт да. Күнөө менден эле кетет. Мен бир аз “мындайраакмын”. Жок, акылым жайында эле, жеңил окшойм.

– Көп таарынтат окшойсуз, ээ?

– Ойлонуп көрсөм, дагы деле өткөөл курактан чыга элек окшойм. Шатыра-шатман жүрө берем. Ролум, стилим ойноок болгону менен, андай деле эмесмин. Чыгармачылыктагы инилер “Бактар байке, сизде кантип кыз жок болсун” дей беришет. Кыздарга деле жакын эмесмин.

– Биринчи эле аялыңызбы?

– Жаш кезде чын эле ойноок болсом керек, жашырганда эмне, биринчи жубайым казак кызы. Андан бир уулум бар. Менин мекениме кетким келди, ал бул жакка көнбөй койду. Ошентип эки жолго түшкөнбүз. Ошо, мен күлүп жыргап жүрө берсем эле менде баары сонундай сезилет. Кээде менин да ичимде чагылган чартылдап, күн күркүрөп, кар жаап турат.

– 25 жыл чыгармачылыкта жүрдүм дедиңиз, эмне таптыңыз?

– Элдин сүйүүсүн таптым, дос таптым. Башка эч нерсе тапкан жокмун. Бир интермедиямда айткандай, “ата, биз деле үй албайлыбы?” десе, мен “алар бир үй алып өлөр-өлгүчө ошол жерде тыгылып жашашат, а биз кааласак Көк-Жарда, кааласак Жалда, кааласак башка жерде жашайбыз, сонун да” дегем. Ошондой эле кеп... Чоңойгондо үй алам, буюрса.

– Ырдап жатып же сүйлөп баратып деле “шабадах” деп коёсуз го. Эмне деген сөз?

– “Шабадах” деген сөз “шадыраңдап, шатыра-шатман болгула, кайгыны унуткула” дегендин кыскарган варианты. “Келгиле, андан көрө шабадах” деп коём. Өзүм эле ойлоп таап алгам. Негизи эле “эскокомбри, аха, эхе” дегендей сөздөрдү кошуп сүйлөй берем. Импровизация кылганым.

– Көп жыл чыгармачылыктан алыстай түшкөндөй болдуңуз...

– Балдар төрөлүп, батирден батирге көчүп кыйналып жүрдүм окшойт. Сөзгө алданып алдымдагы машинени тарттырып жибердим. Куду кинодогудай Лексус машинем бар болчу (күлүп). Ошону алдырып ийдим. Чыгармачылык баңгидей эле өзүнө тартып турат да, бир жылдан бери активдүү болуп концерттерге чыгып калдым. Андан мурун деле той-топурда эле жүрчүмүн.

– Социалдык тармактарда жок экенсиз...

– Кечээ бирөө “братан, кыш бүттү. Сүрөтүңүздү алмаштырып алыңызчы Вотсаптагы” деди эле, “каалаганыңды коюп койчу” дедим. Мен ушу нерсени такыр өздөштүрө албай койдум.

– Эң жакын досуңуз барбы?

– Бар, мен досум деп эле жүрөм, бирок ал мени досум дейби же дебейби билбейм. Чыгармачылыкта жакшы санаалаш достор көп эле.

– Өкүнгөн нерсеңиз барбы?

– Өкүнгөнүм көзү тирүү кезинде ата-энемди жакшы сыйлай албай калыптырмын. Керт башыма тийиштүү өкүнүч жок. Кандай болсо да болду эми, бул менин маңдайыма жазылган да. Калганы баары “шабадах”.

– “Талантым бар эле, убагында колдоно албай калдым” деген өкүнүчүңүз жокпу?

– Жок, өкүнбөйм. Бир жолу “Маданияттын мыкты кызматкери наамын алып берейин” деп бирөө тыйын сураган. Ошондо жиним келген, андай наамдын мага эмне кереги бар? Андан көрө элге кызмат кылып, элдин эсинде калыш керек, ошол сый. Өлгөндөн кийин баары бир наам берсе керек, “азамат болчу” деген. Дайым эле өлгөндөн кийин беришет го. Өзүм үчүн жакшы эле жылдызмын.

– Маегиңизге рахмат, ар дайым “шабадах” болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан