Ысырапкорчулук үчүн айып пул салынат. МАРКУМДУ УЗАТУУДА МАЛ СОЮУ ТОКТОЙБУ?

Экономисттердин айтымында, кыргызстандыктар аш-тойго деп жылына 3 миллиард доллардан ашык акча коротушат. Бир жылда 500 миңден ашык үй-бүлө ар кандай аш-той өткөрөт. Жакында президент Садыр Жапаров ысырапкорчулукту ооздуктоо үчүн деп маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды. Учурда жарлык кантип аткарылат, ага баш ийбегендерге ким, кандай чара көрөт деп кызуу талкуу жүрүүдө. Ысырапкорчулукту мажбурлап чектөө аракети коомчулукта эки ача пикир жаратты. Кааданы күчкө салып эмес, элдин аң-сезимин өзгөртүү аркылуу токтотуу керек дегендер чыкты. Чектен ашкан ысырапкорчулукту мыйзам менен ооздуктоодон башка арга жок дегендер да басымдуу. Биздин макала ушул темага арналат.

Чолпонбек Абыкеев, президенттин кеңешчиси: “2-3төн ЖЫЛКЫ СОЮП, ОЧОРУЛУП ЭЛЕ КАЛДЫМ”

– Маркумду акыркы сапарга узатуу маселесинде оюм төмөндөгүдөй. Айрым бир колунда бар адамдар үчүн 5-6 жылкы же кара мал союу оорчулук деле жаратпайт. Ал эми орто, ортодон төмөн турмушта жашагандар үчүн кандай? “Баланча маркумду узатууда 5-6 жылкы сойгон, мен жок дегенде бир-экини соём”,- деп карыздап болсо да аракеттенет. Башканы эмес, өзүмдү мисал келтирейин. Буйрук экен, иним, агам, атам, апам ортодон бир-эки жыл аралык менен удаасынан акка моюн сунушту. Кантсе да атым чыгып, эл арасында көзгө илинген адам катары ар бирине 2-3төн жылкы союшка туура келди. Туура, өз оокатым өзүмө жетиштүү адаммын, ичкен-жегеним, баскан-турганым кенен дегендей. Бирок өрүштө малым жок. Ачыгын айтайын, он жылга жетпеген мезгилде анча-мынча жыйгандарымдан айрылып, очорулуп эле калдым. Катыштарым деле жакшы. Жарымын ошолор жаап жан калды. Болбосо карызга батып отуруп калмакмын. Эми менин ордумда меникинен жашоосу төмөн бирөө болсо эмне болмок? Президенттин жарлыгы боюнча жергиликтүү жетекчилер, айыл жеринде, жамааттарда кеңири талкууга алып, ийри отуруп, түз кеңешип, туура чечим чыгаруу керек. Маселени эл өзү чечет, элдин эрки барынан жогору турат.

Султан Раев, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург: “ҮНӨМДҮҮ ЖАШООНУН МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ КЕРЕК”

– Бул маселеде 3 нерсени эске алышыбыз шарт. Кыргыздын менталитетин, экономикасын жана азыркы реалийин. Кандай гана мыйзам болбосун элдин терең катмарына, аң-сезимине сиңиши керек. Бизде мыйзамдан өзүнүн жашоо эрежесинен бийик койгондор бар. Кыргыздын менталитетинде маркумду акыркы сапарга узатуунун өзүнүн зыйнаты, каадасы, алыс-жакындан келгендери, тирүүсүндө күткөн жоро-жолдоштору болот, маркумга урмат көрсөтүп куран окутуп келгендерге балдары жок дегенде бир союш союшат. Болбосо, “атасынан бир чычкак улак аяды, кан чыгарып койбоду” деген сөзгө калышы мүмкүн. Кыргыз кедей жашагандан намыстанбайт, тажыяга бир кой соё албаганына намыстанышы мүмкүн. Бул биздин каныбызга сиңип калган нерсе. Ага мыйзам “мал сойбо, кой сойбо” десе да, “бул менин каалоом, жакынымды акыркы сапарга узатууда ага көрсөткөн урматым, адамдык парзым” деши толук ыктымал. Эл бул нерсеге чектөө жолу менен эмес, аң-сезим жолу менен келиши керек. Экинчи маселе, экономикабыз биздин менталитет менен жуурулушкан. Мисалы, эксперттердин айтымында, Бишкек шаарында ар кандай жагдайда жумасына 50дөн ашык жылкы союлат экен. Мал союуга тыюу салынса, мал кармаган фермерлердин иши солгундайт. Ар бир чечимдин артында тагдырлар, сандар бар. Андыктан маселени эки тараптуу карасак дейт элем. Үнөмдүү жашоо – бул маданият. Үнөмдүү экономика гана туруктуу экономиканы жарата алат. Сарамжалдуу жашоонун бир гана душманы бар, ал – куру намыс. Ушул психологиядан арылганыбызда гана биздин салттуу ой жүгүртүүбүз өзгөрүшү мүмкүн.

Сүйүн Откеев, режиссёр: “БИР ЭМЕС, КЫРК ЖЫЛКЫ СОЙСОҢ ДА МАРКУМГА ПАЙДАСЫ ЖОК”

– Адамдар өлүм болгон жерге көңүл айтуу үчүн, моралдык жактан колдоо үчүн барат. “Кой союптурбу же жылкыбы, канчоону союптур, семиз бекен, арык бекен, дасторкону кандай экен?” деген сөздөр, ойлор андай жерде айтылбашы керек. Бир эмес, кырк жылкы сойсоң да маркумга пайдасы жок. Биз кээ бир баалуулуктарды, көз караштарды өзгөртпөсөк бизге сырткы душмандын деле кереги жок болуп калды. Курсак, кийим, куру намыстын пайдасы тийсе 30 жылда өнүгүп кетет элек го. Демек, кээ бир нерселерди бир кылчайып карап коюуга убакыт келди, атүгүл өтүп баратат.

Жыргалбек Касаболот, талдоочу: “БИЗДЕГИ ЭҢ ЧОҢ ЫСЫРАП – КОРРУПЦИЯ”

– Той-аштарды чектөө боюнча демилге – кыргыз элинин салт-санаасын жөнгө салуунун бери дегенде олдоксон аракети. Олдоксон дегеним, мунун себеби бир нече карама-каршылыкка барып такалат. Биринчиден, бул демилге салт менен диндин ортосундагы карама-каршылыкты күчөтөт. Эгерде чын эле бул демилгенин негизги максаты ысырапкорчулукту азайтуу болсо, анда ажылык сапарга, умрага, чет мамлекетке чыккан дааваттарга жалпы жонунан алда канча көп акча сарпталат. Курман айт, Орозо айт майрамдарында ысырап бир топ көп экенин көрүп жүрөбүз. Анда ушунун баарын кошо тыйыш керек. Анын баарын тыйбай туруп салтты тыюу – бул элдин кызыкчылыгына каршы жасалган мамиле деп түшүнөм. Ансыз деле сөөктөн кутулууга шашып, жадагансып бир күндө жерге берип жатышат. Бизде биринчи иретте тыя турган нерсе – бул коррупция. Албетте, ысырап деген зыян, аны түшүндүрүү иштери менен деле азайтса болот. Турмуш өзү эле тескеп коё турган нерселер бар. Ар ким колунан келишинче, пейилине жараша, кыргыздын салт-санаасын сактап өткөрө бериши керек деп ойлойм. Айрыкча тойлорго тыюу салуунун ниети жакшы эмес. Анткени тойлордун тилеги жакшы. Тойлорго болгон кесир, аларга каршы өнөктүк акыры түбү тойлорго зар болуп кала турган убакка алып келиши мүмкүн. Адам баласы жакшылыкты жактырбаса, жамандык келет. Ошону ойлой жүрсөк.

САЛТТАР МЫЙЗАМ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАБЫ?

2021-жылы парламентте үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүүнү караган мыйзам долбоору сунушталып, колдоо таппай калган. Ага ылайык, той-аштарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатында үчтөн ашпаган жеңил автоунаа колдонулат деген талаптар бар эле. Ал эми маркумду узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Бул эрежелерди бузган жеке тараптар 17500 сом, юридикалык тараптар 55 миң сом айыпка жыгылат деп айтылган. Жогорудагы демилгенин автору Улукбек Ормонов үстүбүздөгү жылдын 28-февралында өткөн парламенттик угууда: “Аталган мыйзам долбоорду даярдаганда айып пулдар эски, Бузуулар кодексине ылайык жазылып калган эле. Азыркы демилгечилер айып пулду 20 миң сом кылалы деп жатышат. Бирок биз 70 миң сом кылалы деп сунуштаганы жатабыз”,- деп билдирди.

Айта кетсек, учурда парламентте той-аштагы ысырапкорчулукту чектөөнү көздөгөн мыйзам долбоору кайрадан талкууланып жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан