МЫРЗА, ДАСТОРКОН КООЗДОП, АЙЫМЫҢЫЗДЫ СҮЙҮНТҮҢҮЗ!

Бул ирет ашкана кеңештерин мырзаларга сунуштайбыз. Алдыда 8-Март, айымыңызды дасторкон жасап кубантыңыз! Сиздер үчүн жөнөкөй рецепттерди тандадык.

“ЖООГАЗЫН” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 10 даана

Көк пияз – 1 боо

Быштак – 150 грамм

Жумуртка – 2 даана

Сарымсак – 1 тишче

Майонез – 1 аш кашык

Туз – 1 чымчым

Майдаланган кара мурч – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Жаз майрамын жоогазын гүлүсүз элестетүүгө болобу? Анда дасторконго жоогазын даярдаңыз. Алгач помидорду жууп аласыз, анын “сливка” сортун алсаңыз жакшы, анткени сырткы көрүнүшү жагынан жоогазынга окшоп кетет. Быштактын ордуна сырдын катуу да, жумшак да сортун колдонсоңуз болот.

2. “Жоогазындын” толтурмасын даярдап аласыз. Ал үчүн жумуртканы сууга бышырып, аарчып, сүргүчтүн майда көзүнөн өткөрүп алыңыз. Ага быштакты же сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды, сарымсакты, туз, кара мурчту жана майонезди (же сметана) кошуңуз. Аралаштырасыз.

3. Курч бычакты алыңыз дагы, помидорлорду бир жак башынан крест кылып жарымына чейин тилиңиз. Чай кашык менен сыртына тийбей помидордун ичин алып саласыз.

4. Эми ар бир помидордун ичине даярдалган аралашманы этияттык менен толтуруңуз.

5. Эми жоогазындын сабактарын жасайбыз. Бул үчүн көк пияздын талчаларын алып, таза жууп, тарелкага сүрөттөгүдөй жайгаштырасыз.

6. Чоңураак, сүйрү тарелкага жасалгаласаңыз ыңгайлуу болот. Фантазияңызга жараша кооздоп алыңыз. Жоогазындарыңыз даяр!

МОХИТО

Керектелүүчү азыктар:

Спрайт же газдалган суу – ар бир кишиге 200-300 миллилитр

Лайм – 1-2 даана

Кумшекер – 1 чай кашыктан

Кыямдын ширеси, жалбыз – табитиңизге жараша

Муз – ар бир кишиге 2-3төн

Даярдоо ыкмасы:

1. Алдын ала тоңдургучка муз тоңдуруп коёсуз.

2. 3 аш кашык кайнак сууга кумшекерди салып сироп даярдайсыз.

3. Лаймды тегерек туурап, бокалга саласыз. Жалбызды, алча, малинанын же башка нерсенин кыямынын ширесин, сиропту бокалга куюп, музду саласыз.

4. Алардын үстүнө спрайтты же газдалган сууну куюңуз. Мохито даяр!

ДЕСЕРТ

Керектелүүчу азыктар:

Киви – 2 даана

Жүгөрү үлпүлдөгү – 50 грамм

Сыр (каймак менен) – 200 грамм

Каймак (сливки) – 50 миллилитр

Кант упасы – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Бардык азыктарды чогултуп даярдап алыңыз. Алгач кремин даярдайбыз. Сырды, каймакты жана кант упасын кошуп миксер менен көбүк чыккыча аралаштырыңыз.

2. Кивинин сыртын тазалап аарчыңыз. Аны тегерек жана жарым тегерек формасында кесиңиз. Тегерек кесилгендерин бокалдын түбүнө саласыз, жарым тегерек кесилгендерин бокалдын четине коёсуз.

3. Кремди салып, үстүнө жүгөрү үлпүлдөктөрүн себелеңиз.

4. Кивинин калганын майда туурап, үлпүлдөктүн үстүнө салыңыз.

5. Андан кийин дагы крем куюп, жүгөрү үлпүлдөгүн себелейсиз.

6. Десерт даяр, табитиңизге жараша кооздоп алсаңыз болот. Мисалы, камырдан жүрөкчө формасында токоч бышырып же базардан сатып алып кошуп койсоңуз болот. Буга кошумча жалбыздын жалбырагын, малинаны колдонсоңуз болот.

ТОРТИЛЬЯ

Керектелүүчү азыктар:

Тортиля лавашы – 5-6 даана

Майонез же барбекю кетчубу – 50 грамм

Фарш – 200 грамм

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Капуста (ак кочан) – кичинекейинен жарымы

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 даана

Помидор – 3-4 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Мурч, туз – татымына жараша

Соус үчүн:

Сметана – 50 грамм

Сарымсак – 1-2 тишче

Даярдоо ыкмасы:

1. Тортилья лавашын аласыз, ичине майонезди же кетчупту шыбайсыз.

2. Пиязды туурап, фаршка кошуп майга кууруп аласыз. Капустаны, помидорду, болгар калемпирин майда төрт бурчтук кылып туурайсыз. Сабизди жука туурап, өзүнчө кууруп коёсуз.

3. Аралашмага татымына жараша мурч, туз кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы лаваштын ичине саласыз. Үстүнө сабизди себелеп коюңуз. Табитиңизге жараша толтурмасын каалагандай кылсаңыз болот.

4. Эми соусун даярдайбыз. Сметанага сарымсакты майда туурап аралаштырып коёсуз.

5. Тарелкага тортильяңызды салып, жанына соусту кичине идишке куюп, кооздоп койсоңуз болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан