ТОКИО ЭМЕС, УРСУЛА КОРБЕРО

“Өрт кыз!” Испан актрисасы Урсула Корберо турган турпаты, кыймыл-аракети, келбети, сүйлөгөн сөзү, кийинүү стилинен бери күчтүү, эч нерседен тайманбаган аялзатынын элесин калтырат. Жашоодо чынында эле ошондой. Арстан жылдыз белгисинин алдында төрөлгөн актриса өзүн феминисттердин катарына кошот. “Кагаз үй” сериалынын чыгышы менен Урсула Корберо аты көмүскөдө калып, аны дүйнө эли Токио деп тааныды. Бүгүн анда Токионун сахна артындагы жашоосуна чогуу баш багалы.

Аты-жөнү: Урсула Корберо Дельгадо

Туулган жери: Испания, Барселона

Туулган жылы: 1989-жыл, 11-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 163 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Физика же химия”, “Кагаз үй”, «G.I. Joe: Кобранын жүрүшү. Снейк Айз»

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 24,8 миллион

БАЛАЛЫГЫ

Эстер Дельгадо тун кызы Мониканы төрөгөндө 17 жаштагы окуучу болчу. Мектеп окуучусунун боюнда болуп калышы айыл элинде резонанс жаратып, Эстерди окуудан чыгарып коюшкан. Жаш болсо да энелик инстинкти күчтүүлүк кылып, кызын бооруна кыскан ал балык жана башка деңиз азыктарын сатып оокат кыла баштаган. Көп өтпөй эне-кыздын жашоосунда Педро Корберо аттуу жигит пайда болду. Жөнөкөй, жыгач усталык менен алек болгон Педро Мониканы өз кызындай кабыл алып, Эстерге баш кошуу сунушун киргизген. Бир жылдан кийин жарык дүйнөгө Урсула ысымын алган кыз төрөлдү.

Урсула: “Балалыгымда өзгөчө сезимдер калды. Биз жашаган Сан-Пере-де-Виламайор кыштагы кичинекей болгону менен, аны курчаган жаратылыштын чеги жок эле. Достор менен бак-даракты аралап чуркап, сууда сүзүп чоңойдук. Азыр Мадридде жашап, асфальт курчаган көчөлөрдү карап, балалыгым айылда өткөнүнө кубанам”.

“ТЕЛЕВИЗОРГО КИРЕМ...”

Үй-бүлөнүн каражаты ашып-ташпаса да, ата-эне кыздары үчүн асмандан айды алып берүүгө даяр эле. Телевизордун алдынан кетпей түрдүү оюн-зоок берүүлөрдү, кинолорду кызыга караган Урсула “мен дагы телевизордун ичине кирем” деп апасын кыйнайт эле. Эстер менен Педро кызын вокал, бий ийримдерине беришти, бир аз чоңойгондо бул ийримдерге актёрдук чеберчилик да кошулду. 7-8 жашында биринчи жолу жарнамалык роликке тартылып, камера алдында дебют жасаган.

“6 жашымда сүрөтчү болом дедим, анан да ырдаган, бийлеген жакчу. Үйдөгүлөргө тасмалардан үзүндүлөрдү сахналаштырып туурап берчүмүн. Кичинемден эле келечектеги кесибим актрисалык деп аң-сезимиме сиңирип койсом керек”.

БИР КҮНДӨ КЕЛГЕН ДҮЙНӨЛҮК АТАКТУУЛУК

Катары менен 2-3 күндөп кезекке турган эл. Алардын баары кайсы бир тасманын же телеберүүнүн кастингине катышкысы, өзүн актёр катары тааныткысы келген адамдар эле. Алардын арасында Урсула менен Эстер да бар. Апасы кызынын көңүлүн кыйбай, кайсы жакта кастинг болсо чогуу бара турган. Акыры өжөрлүгү менен кастингден өткөн кыз 2002-жылы 13 жашында “Сынган күзгү” сериалында өспүрүм кыздын ролун алган. Актёрдук билимин тереңдетүү үчүн Мадрид шаарына көчүп келди. Бул жактан да бир-эки тасмада эпизоддук ролдорду аткарып жүрдү. 2008-жылы гана испан элине Урсула Корберонун аты кеңири тараган. Бул жылы экранга “Физика же химия” аталышындагы сериал чыккан эле. Сериал сезондорго бөлүнүп тартылып отуруп 3 жылга созулган.

2017-жыл. Испан телеканалында “Кагаз үй” сериалы көрсөтүлүп баштады. Анда Урсула Токио аттуу шок, кызуу кандуу ууру кыздын ролунда эле. Биринчи сериясында жакшы көрсөткүчкө жеткени менен, кийинкилери көрүү топтобой, сериал 1 сезон менен эле аяктайт деген чечим чыккан. Актёрдук курам бири-бири менен коштошуп, ар башка долбоорлорго иштегени тарап кетишкен. Бирок “Кагаз үйгө” Netflix кызыкты. Netflix платформасына чыккан күнү сериал дароо жогорку рейтингге жетип, андагы актёрлор дүйнөнүн ар тарабына белгилүү болуп ойгонушкан. “Кагаз үй” экранга чыккандан кийин Netflix’теги №1 сериал болуп келген. 2021-жылы аны корейлердин “Кальмар оюну” сериалы биринчиликтен сүрүп чыгарган. Бул эки сериал тууралуу тең кенен макала жазганбыз, эсиңиздеби, окурман? Социалдык тармактардагы сурамжылоо боюнча, Токио “Кагаз үйдөгү” актёрлордун арасынан эң көп добуш топтогон.

“Сериалды тартууга даярдык башталганда эле машыгуу залынан чыкпай калгам. Токионун ролу карьерамда өзгөчө орун аларын сезгем. Андыктан мен 100 пайыз даяр болушум керек эле. Бокс, күрөштүн түрлөрү боюнча машыгып курал-жарак колдонууну үйрөнүп жаттым. Болгон аракетибизди кылдык, тартылдык, тарап кеттик. “Кагаз үй” Netflix’ке чыкканы тууралуу кабарым жок эле. Тааныштарымдын кечесине барып калдым. Кирсем эле мен тааныбаган адамдар “оо, Токио!”, “сени менен сүрөткө түшүп алалы” деп курчап алышты. Күтүүсүз келген атактуулуктан чочуп да кеткем”.

“МЕНИ ЭМОЦИЯ БАШКАРАТ”

Дүйнөлүк атактуулук менен кошо Урсулага башка өлкөнүн кинематографисттеринен чакыруулар түшкөн. Актрисаны “Чоң олжо”, “Кандуу дарак”, “Паките Салас” жана башка тасмалардан көрсөңүз болот. Баса, былтыр чыккан Голливуддун «G.I. Joe: Кобранын жүрүшү. Снейк Айз» супер баатырларды чагылдырган фантастикалык тасмасын көрсөңүз, Урсуланы тасмадагы Баронесса аттуу терс каармандын ролунда экенин байкасаңыз керек. Корберо карьерасында 30дан ашык тасмада роль жаратты.

Тасмадан сырткары Урсула Корберо коомдо өз ою бар адам катары кадыр-баркка ээ. Ал коомдо, өлкөдө болуп жаткан маселелерге дайыма токтолуп, оюн ачык айтып турат. Андан сырткары кайрымдуулук иштеринде активдүү.

“Мен көбүнчө лидер, күчтүү аялдын ролун аткарам. Режиссёрлор мүнөзүмө карап ушундай ролдорду беришсе керек. Аялдарга, жаш балдарга карата туура эмес мамиле болсо дүйнөнү сапырып жибергим келет. Оюмду ичимде сактап, быкшып отура албайм. Мени дайыма эмоция башкарат”.

УРСУЛАГА АШЫК БОЛГОН МЫРЗАЛАР

Урсуладай “дерзкая” кызды коштогон мырзалар тууралуу айта кетпесек болбос. Актрисанын жүрөгүн багынтып, бирок убакыттын өтүшү менен “экс” статусун алгандардын катарында актёр Исраэль Родригес, теннисчи Фелисиано Лопес жана актёр, модель Андрес Веленкосонун ысымдары аталып жүрөт. 2016-жылы “Элчилик” сериалын тартуу учурунда актёр Чино Дарин менен таанышкан. Ошондон бери экөө жетелешип чогуу жүрүшөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан