Нуршад Рыскулова, 42 жашта: “ЖАМБАШЫМ ООРУП, ЭКИ БУТУМ БАСПАЙ КАЛДЫ”

“6 АЙДАН БЕРИ БАСА АЛБАЙ ҮЙДӨ ЖАТАМ”

– Аты-жөнүм Нуршад Рыскулова. Аксы районунун Итагар айылынан болом. 42 жаштамын. 1999-жылы катуу жыгылган элем, ошондо жамбаш сөөктөрүмө жарака кетиптир. Мурун отуруп-турганда жамбашым кичинеден оорутчу. Кийин кыйнала баштадым. Акыркы 2 жылдан бери жамбаш сөөктөрүм чыдатпай оорутат. 6 ай мурун Бишкекке келип текшерилсем “жамбаш сөөктөрүңүздүн майы жок калыптыр, сөөктөр бири-бирине тийишип кежилип кетиптир, протез салыш керек” дешти. Эки жамбаш сөөккө протез койгонго 5 миң доллар кетет экен. Ошондон бери эле акча чогулта албай жүрөбүз. Дары ичсем оору басылып калат, бирок ал деле убактылуу басат. 6 айдан бери басалбай үйдө жатам, үй тиричилигин мектепте окуган кыздарым жасашат. Өзүм 2-топтогу майыпмын, жатын моюнчам рак болуп, аны операция жолу менен алдырткам. Түнү менен уктай албай кыйналам, оң жагымды, сол жагымды карап жатсам да бат эле жамбашым талып кетет, көмкөрөмдөн жатсам операция болгон ичим ооруйт. Көбүнчө чалкамдан жатам.

“ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮН 10 БАЛАБЫЗ БАР”

– Көбү “операцияңа аз эле акча кетет экен, жакындарыңар менен чогулта калбайсыңарбы” дешет. Чынында ар ким өз турмушу менен. Эшикте кымбатчылык өкүм сүрүп жатканда жакындардын абалын көрүп жардам сурай албайт экенсиң. Алар азыркыга чейин моралдык колдоо көрсөтүп келишет. Жолдошумдун мурунку никесинен 7 баласы бар, менин 3 балам бар. Менин эки баламды мурунку күйөөм алып калган. Бир кызым менен азыркы жолдошума турмушка чыгып, анын 7 баласын карап калдым. Балдарыбыз көп болгонго да акчабыз чогулбай жатат. Айылда иштейин десең кыйраткан деле жумуш жок. Жолдошум күнүмдүк кем-карчыга жете турган жумуштарга иштеп келет, мен кыздарымдын көзүн карап үйдөмүн. Ошого эли-журтум жардам кылса операция жасатып басып кетсем деген тилегим бар. Өзүм азыркы күйөөмө турмушка чыкканга чейин 12 жыл ооруканада чарба медайымы (сестра хозяйка) болуп иштедим. Чогуу жашаганыбызга 7 жыл болду, улуу 2 кызыбызды турмушка бердик. Калганы баары мектепте окушат. Менин айыгып, сакайып басып кетишимди тилеп отурушат.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 9417179943971945

Элсом: 0706 092 179

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан