МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН, АЙЫМДАР!

Турусбек Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЖАШООНУН БУЛАГЫ СИЛЕРСИҢЕР, АЙЫМДАР”

– Жалпы асылзат айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Айымдар, мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Жашообуздун ыйык коломтосу, ыйык булагы силерсиңер. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат. Сиздердин кажыбас кайратыңыздар бизди, мырзаларды, ар дайым бийик максаттарга, жоопкерчиликке багыттап турат.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “АЯЛ БАР – ААЛАМ БАР”

– Ардактуу айымдар, апалар, энелер, эжелер, карындаштар, кыздар! Баарыңыздарды 8-Март – Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктайм. Аялзаты бар – аалам бар, энелер бар – эл бар. Сиздер узак өмүр сүрүп, жаркын маанайда жашаңыздар. Энелердин бар болгону элге кубат, балдарга эм, аталарга дем. Ар бир аялзаты кылым аша жашап, барктуу өмүр сүрүшүнө тилектешмин.

Жаз келгенде жердин бети көрктөнгөн,

Бүт айлана шаңга толуп өзгөргөн,

Майрамыңар куттуу болсун, айымдар,

Жер шарына шаң тартуулап көрк берген.

"Баягылар" тобу: “ЖАШООНУН ЖАЗ ЖЫТТАНГАН МАҢЫЗЫ СИЛЕРСИҢЕР”

Жер жумшарып, гүлдөр чыгып, күн жылып,

Күн узарып убакытты жылдырып,

Апаларга сүйүнүчтү тартуулап

Бере турган белектерин сыр кылып.

Атам, агам, жездем, тайкем, инилер

Колдоруна кызыл-тазыл гүл алып

Айымдарды куттуктоого жөнөшөт,

Жүрөктөрдөн жакшылыкка бүр алып.

Силерсиңер, оо айымдар, жашоонун

Жаз жыттанган жакшынакай маңызы.

Жигиттердин маңдайына жаралып,

Жүрөктөрдүн жан эргиткен кагышы.

– Көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан “Баягылар” тобу аялзатын майрамы менен куттукташат! Жаз менен кошо келген жаркын майрамыңар кут болсун, дүйнөнү мээримге толтуруп турган мына силерсиңер. Жашоонун маңызы силерсиңер, ар дайым ден соолукта болгула, күлүп тургула, жылмайып тургула! А мырзаларыңар ар дайым силердин жылмайып турууңарды камсыздасын, коргосун, калкаласын! Бар болгула, айымдар!

Аскат Мусабеков, ырчы: “ЖАШООБУЗДУ ТҮРКҮН ТҮСКӨ БОЁП ЖҮРӨ БЕРГИЛЕ”

– Ардактуу апалар, кымбаттуу айымдар, эже-карындаштар, жаркырап кирип келген жаз майрамыңыздар менен куттуктайм. Аял – үйдүн куту, өмүрдүн көркү деген калетсиз сөз. Мырзалардын жашоосун ар түрдүү боёкко боёп, кооздогон да силерсиңер, бактылуу кылган да силерсиңер. Аял – бул жаз, жаз келип айлана кулпуруп, чымчыктар сайрап аалам өзгөрүлүп калат эмеспи. Аялдар да ошондой, жаздай жадырап дайыма күлүп туруңуздар. Көз жаш ага турган болсо бир гана бакыттын көз жашы болсун! Силерди урматтап, барктап, сыйлап ала турган адамдарыңар жаныңарда болсун. Мен силерди сүйөм, майрамыңыздар менен!

“МЕН АЯЛМЫН”

Жазга айкашып көктөм көөлгүп бергендей

Аял барда дүйнө кирсиз тазарат.

Жылмайганы жылуу мээрим төгүлтүп,

Аял менен өмүр көктөп жашарат.

Бардык дүйнө бир өзүңө байланат,

Аял-Эне – жашообуздун булагы.

Бакыт кушу бир өзүңө байланат,

Балага эне, эркекке жар, ынагы.

Аз жашоодо азабы көп болсо да,

Аял-Эне – сулуу назик гүлбурак.

Барктай алсаң жарашыгын төгүлтүп,

Бактысы артып, баскан изин гүл кылат.

Аруузатмын, дал ошондой аялмын,

Аткарууга кызматыңа даярмын!

Аялсың деп алсыз көрбө жан эркек,

Аның туура, акыйкатта аялмын.

Кылар кезде кызматымды аянбай,

Кыйындыкта үй тиккенге даярмын.

Мейли өзүңдү бийик сезгин бир баскыч,

Айтпай деле койгун анттуу сырыңды.

Канткен менен касиетим билип кой,

Кай бир кезде токтото алам чырыңды.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,

Ар бир ишке кылдат карап аярмын.

«Аялсың!»- деп алсыз сезсең сезе бер,

Алым жетет колдошушка ташыңа.

Аяп турам аял эмес, энедей,

Азап мүшкүл иш түшкөндө башыңа.

Жанып-күйүп, жан дилиңден сүйө алсаң

Жароокермин, кучагыңда таттуумун.

Жеңил көрүп уйпаласаң убайга

Жараланып жандан кечкен аккуумун.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,

Жаманың жууп, жакшылыгың жаярмын!

Алыс жүрсөң карааныңды утурлап

Караңгыда жарык берер чыракмын.

Кана жутуп, анан кайра булгасаң

Каргыш берип, агып кетер булакмын!

Өкүнүчсүз рахат берип сүйө алсаң,

Өмүр бою өзүң менен ынакмын.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,

Акыл менен ар бир ишке аярмын!

Гүлжамила Шакирова

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан