КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кээ бирибиз күндүн кантип өтүп жатканын сезбей деле калабыз. Бир карасаң кыш, бир карасаң эле жай болуп калат. Баарына жетишейин дейсиң, бирок жетише албайсың. Жайбаракаттык жок, качан болбосун кайдадыр шашмай. Эртең менен үйдөн жанталашып чыгып бала бакчага, анан жумушка шашмай. Кайра кечинде жумуштан жанталашып чыгып бала бакчага, анан үйгө шашмай. Карлыгачтын окшош күндөрү ушинтип билинбей сабалап өтүп жатты. Үйгө келип бут серперге алы келбей чарчаганына карабай тамак жасайт, жолдошу жумуштан келет, балдарынын да курсагы ачка. Чарчадым деп жатып алууга чарасы жок. Бүгүн дагы тамагын жасап, дасторконго алып келди. Кабагы салыңкы чыныны араң сунду. Аялынын кабагынын карышып турганын Марат алдына тамак келгиче эле байкады.

– Эмне маанайың суз? Ашыңды кабагыңды салып бербей, жаркылдап берсең боло. Алдыгындай абалда берилген тамак аш болобу?

– Болду эми, сөздү көбөйтпө. Маанайым жакшы эле турат. Берген ашты иче берчи.

– Сени билем да, маанайың жакшы-жаман экенин кантип сезбей калайын? Эмне биз менен отургуң келбей жатабы?- Марат дагы сөздү чоё берди.

– Марат, болдучу, болду,- Карлыгачтын көзүнө жаш айланып кетти.

– Эч нерсе боло электе эмне көзүңдү жашылдантып жатасың жумурткадай болуп?

– Сен жумурткадан кыр издеп жатасың... Мен болгону чарчадым. Башка эч кандай себеп жок. Сени менен урушканга да шайым жок.

Марат ушул жерден тык токтоду, сөзүн андан ары уланткан жок, унчукпай тамагын ичип отуруп калды. “Мен иштен келип тоону томкоргонсуп чарчадым деп жатып калам. Чынында, бул деле чарчайт да, иштен келди, анан балдарды бакчага алып барган-алып келген деле оңой эмес”,- өзүнчө ушуларды ойлонуп жубайын аяп кетти. Тамак ичилип, дасторкон жыйналып бүттү. Эки бала төркү бөлмөнүн бурчунда божурашып ойноп отурушат. Оозку бөлмөдө Карлыгач идиш жууп жаткан. Анын тынчтыгын Марат бузду.

– Мындан ары эртең мененкисин балдарды бакчага мен алып барайын. Сен түз эле жумушуңа бара бер,- деди Марат өзүн күнөөлүү сезе.

– Өзүм эле алып бара берем, балдар оорчулук деле жаратпайт,- деп Карлыгач күңк этип койду. Анткен менен күйөөсүнүн бул сөзүн угуп кубанды, бирок билгизген жок.

– Жумушка кечиктим деп эле жатасың. Убактың бир аз болсо дагы кенен болот да. Жумушуң менен бала бакча жакын болсо бир жөн.

xxx

Эртең менен Карлыгач балдарын тойгузуп, кийинтип берди. Мараттын бакчага алып барары балдарга дагы күтүүсүз болду.

– Ата, бизди сен алып барасыңбы?

– Ооба.

– Ура-а, бизди атам алып барат!- деп кичинекейи кубанды. Аларды бакчага жөнөтүп жиберип, Карлыгач жумушуна кетти. Жумушка шашпай бараткан болсо интернеттен ар кандай шыктандыруучу аудиолорду угуп калмайы бар. Бүгүн маршруттук таксиге отурары менен кулакчынын тагынып, бүтпөй калган аудиосун жандырды. Жумушка адаттагыдан эрте келди. Угуп жаткан аудиосуна таасирленди бейм, кире бериштеги күзгүгө карап бир саамга туруп чачтарын сылады. “Өзүңдү сүй, бүгүн же эртең эле эмес, ар күнү өзүңдү кара... Сүйүү – бул жан дүйнөнүн азыгы. Азыктанбаса жан дүйнө да, дене дагы алсырайт... Эгер өзүңдү сүйбөсөң сен башканы сүйө албайсың. Өзүн сүйгөн адам эгоист болуп калат деген туура эмес...” Карлыгачтын кулагында ушундай сөздөр жаңырып жаткан.

– Бүгүн эрте келгенсиз го,- артынан чыккан Байыштын үнүнөн Карлыгач ыңгайсыздана түштү. “Бул качан келе калды?” деп 18 жаштагы кыздан бетер кыялдана күзгү каранып турган өзүн эстеп уялып кетти.

– Кандайсыз?

– Жакшы, кандайсың?- шарт бурулуп кийим алмаштыруучу бөлмөгө кирип кетти. Байыш анын мындай жоругун түшүнбөгөндөй ийинин куушуруп койду.

xxx

Айсарага телефондун ары жагындагы мырзанын ким экендиги абдан кызык болуп жатты. Сүйлөшүп бүтүп Вотсап, Телеграмдагы профилин карай баштады. Бирок анын издеген, кызыгып жаткан сүрөтү чыккан жок. Биринде моюнун бийик созгон карышкырдын сүрөтү турса, биринде сүрөт жок экен.

– Мхм, сүрөтүн коюп койсо эмне болот эле?- деп шаабайы сууп отуруп калды. Жүзүн көргөн эмес же эч кандай маалыматы жок, өзүнчө эле табышмакка айланган бейтааныш киши оюнан кетпей турду.

– Керели-кечке күттүм. Жолугушууга чакырбасаң өзүңдөн көр, анда мен бүгүн дагы клубга...- Айсара Вотсаптагы курбуларынын тайпасына жазды. 3 кыз кечки саат 9да жолукмай болушту. Айсара гардеробун ачып кийимдерин четинен кийип көрө баштады. Кыпкызыл кыска көйнөктү кийди да, бетин болушунча боёп алып такси чакырды. Лифттен түшүп баратып күзгүдөн Айфонун көрсөтүп бир сүрөткө түштү да, “кайда жөнөдүм? Туура тапканга менден белек” деп Инстаграмдын тарыхчасына киргизип койду.

Тимурга Айсаранын ар бир киргизген постунан билдирүү келип турат. Анын азыркы киргизген сүрөтүн дароо көрдү. Анын телефонун көз кыйыгы менен көрүп калган жигит.

– Шеф, алдагы телефонду алып барып бергем. Бүгүн кыз чалдыбы?- деп сурады колдорун бири-бирине сыгыштыра отурган жигит.

– Чалды, чалбай анан, аның мени кызыл китепке киргизе турган мырзанын катарына кошту. Белегиң жагыптыр,- Тимур күлмүңдөй сүйлөдү.

– Шеф, азыр Айфон менен элдин баары “ооруп” жатышпайбы.

– Берик, тезинен бир жерди даярдат. Бүгүн муну жолугушууга чакырышым керек,- деди кыздын сүрөтүн көпкө карап турган Тимур. “Бүгүн башка бирин жактырып калбасын, башка бирөө ээлеп албасын” деген ой келип Тимур кызды кызганып кетти. Дароо телефон чалды.

– Сулуу кыз, эмне кылып жатасың?

– Бир жакка бара жатам.

– Бир жагың каяк?

– Клуб.

– Клубга дайыма эле барасың го, бүгүн планыңды өзгөртпөйлүбү?

– Мм, мен курбуларымды чакырып койгом да...

– Курбулар дечи... Курбуларга ишиң чыгып калганын айт. Кызыл китепке кире турган мырзаны көргүң келбей элеби? Кайсы жердесиң? Сага машина жөнөтөм, дарегиңди айт. Тимур кызды барам-барбайм деп сүйлөткүсү келген жок. Кыз дагы анын сөзүн эки кыла алган жок. Телефон өчөрү менен турган жеринин дарегин жөнөттү да, курбуларына иши чыгып калганын жазды. Көп узабай кыз турган жерге капкара Майбах келип токтоду. Жигит кызды бир көрүп тааныды.

– Айсара, сизби? Келиңиз, отуруңуз,- жигит түшүп унаанын арткы эшигин ачып берди. Унаа зуулдап бара жатты. Бир унаада келе жаткандарына бир нече мүнөт болсо дагы жигит ооз ачкан жок. Айсара алдыртан күзгүдөн жигитти карап коёт. “Машина жөнөтөм дебеди беле, балким, бул жардамчысыдыр, айдоочусудур, деги кимге жолукканы баратам?” өз ойлору менен алпурушуп өзүнчө толкунданып бара жатты. Аңгыча бир курбусунан чалуу келди. Алган жок. Булар эми кечке чала беришет деп телефонун такыр өчүрүп салды. Жигит кызды шаардын четиндеги мейманканага алып келди. Кыздан биринчи түшүп телефондо кимдир бирөө менен сүйлөштү да, кызды мейманкананы көздөй ээрчитип жөнөдү. Лифт менен көтөрүлүп бир бөлмөгө алып кирди. Бөлмө караңгы, терезе жакта жайгашкан столдо шам күйүп турат. Жигит эшикти акырын жаап чыгып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан