«СУПЕР ТВ» 2 ЖАШТА

Туулган күнүң менен!

Кыргызстандагы биринчи музыкалык маанайшат “Супер ТВ” телеканалы 2008-жылы, 7-декабрда түзүлгөн. Аталган телеканалда бүгүнкү күндө жалаң жаштар эмгектенишет. “Супер ТВнын” жамааты менен таанышып, эки жылда телеканалда кандай өзгөрүүлөр болгонуна баарыбыз назар салалы.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ...

  • “Супер ТВ” телеканалында баш-аягы 12 кызматкер эмгектенет. Алардын төртөө эфирдеги режиссёр, алтоо ви-джей (экөө жаңы эле иштей башташты), бир оператор, бир техник жана булардын баарын бир багытка салган директор.
  • Маанайшат телеканалда жалаң креативдүү жаштар иштешет. Алардын аксакалы 29 жашта, ал эми кичүүсү 17де.

ЖЫЛДЫЗДАР КОШТОГОН ТУУЛГАН КҮН
“Супер ТВ” телеканалын биз тамашалай инибиз деп коёбуз. Анткени анын да негиздөөчүсү кыргыз тилиндеги эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитинин кожоюну –
Кылычбек Султанов. 7-декабрь телеканал үчүн кош майрам болду. Себеби атасынын да, баласынын да туулган күнү эле. Тагыраак айтканда, каналдын негиздөөчүсү Кылычбек Султанов дал ушул күнү өзүнүн 35 жаш курагын белгиледи.
Телеканалды туулган күнү менен куттуктаганы популярдуу ырчылар келишти. 16:00дө башталган түз эфирдин тушоосун “2010-жылдын Супер ырчы мырзасы” деп табылган Ильяз Абдыразаков кесип берди.
Андан кийин “2010-жылдын Супер ырчы айымы” деп табылган Каныкей конокто болду. Телеканалды жылуу сөзү менен куттуктап, түз эфирде созолонто ырдап жатканда ви-джей Венера термелип, ыргакка түшө баштады. Бул учурда телекөрүүчү да Каныкейдин өзгөчө үнүнө кулак төшөп отуруп калса керек.
Андан кийин эфирге сууктан мурдун кызартып Нурлан Насип баш бакты. Нурлан кур келбей, аргымак жетелей келиптир. Аргымак десе, жылкы жетелеп келиптир деп түшүнүп албаңыздар, жок, сувенир аргымак. Ви-джей Роза Ибраимова тамашалап, “жандуусун жетелеп келбейт белең” дегенде ырчы “жандуусу жайлоодо” дей салды. “2010-жылдын дебюту” аталган Нурлан Насип аргымакты колуна кармап, “Супер ТВ, силердин ишиңердин жүрүшү аргымактай күлүк болсун, күчтүү болуп, баарын артта калтырып алдыга озуп чыккыла” деген жагымдуу сөздөрүн арнады.
Куттуктоочулардын катарында “Супер-Инфонун” президенти Шаиста Шатманова да болду. Ал гезитибиздин кызматкерлеринин атынан “Балакайыбызды, инибизди 2 жашка чыгышы менен куттуктайбыз” деген жазуусу бар торт алып келип, “эфириңер көрөрмандарыңар үчүн дайым ушул торттой даамдуу болсун” деген ширин каалоосун айтты.
Ошондой эле жакшы каалоо-тилектерин арнап келгендердин катарында “Супер сулуу-2010” деп табылган Бурул Бактыбек кызы болду. Эфирде ви-джейлер Алия Альжанова, Венера Кабакбек кызы, Чолпонай Кенжекулова жана Роза Ибраимова иштешти. Алия менен Чолпонай орус тилинде, ал эми Венера менен Роза кыргыз тилинде алпарышты. Акыркы конок – ажарлуу ырчылардын бири Кенже Дүйшеева болду. Өзүнүн сонун каалоо-тилектерин телеканалга арнап, кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, эфирдин көшөгөсүн жапты.
Экранда аталган төрт сулуу кыз кызмат кылса, экран артында телеканалдын директору Сүйүн Токсобаев, эфирдеги режиссёрлор Бакыт Абдырахманов, Алмазбек уулу Айбек, оператор Тимур Тентиев болушту. Эфир канчалык кызык болгонун бир гана көрөрмандар айта алышса керек, бирок көшөгө артындагы түрдүү окуяларга, шаңдуу, шайыр кызматкерлердин кылык-жоруктарына боор эзиле күлүп, күн кечирдик.

ТААНЫШЫП КОЮҢУЗДАР!

Сүйүн Токсобаев, каналдын директору. “Супер ТВнын” “сексуалдуу чоң атасы” дешет кесиптештери. Ак көңүл жетекчи, бирок жини келгенде каардуу да боло алат. 29 жашта. Кыздарга кошумча маалымат! Бул жигит бойдок, сүйлөшкөн кызы да жок, эми бар бирөө, аты “Honda Accord”. Жүрөгүнө чок сал­саңыз, калыңды көп берип үйлө­нөт. Анткени Таластын тың чыкма жигити.

Роза Ибраимова, 23 жашта. Канал ачылганда кастингден өтүп келген. Ысымы президентибиз менен адаш болгондуктан, кесиптештери Роза Исаковна деп кайрылышат. Буга чейин “СМС-чат” программасынын кыргызча чыгарылышын алпарчу. Программа убактылуу жабылганына байланыштуу, эми тасма таржымалы тууралуу баяндоо жүргүзөт. Каналда кыздардын улуусу жана сулуусу. Нарындын назданган периси.

Чолпонай Кенжекулова, 22 жашта. Бул ажарлуу кыз да “Супер ТВнын” ви-джейи. Шоу-бизнесте ырчы катары таанылган Чолпонайдын кесиби журналист болгондуктан, кесибин кошо алып кетүүнү самап, аталган телеканалда иштейт. “Жылдыздын үйүндө” аттуу телеберүүнү орус, кыргыз тилдеринде алпарат.

Венера Кабакбек кызы, 21 жашта. Венера “Супер ТВнын” “узуну”. “Анын боюна эч ким теңелбейт” дешет кесиптештери. Болгондо да 150 сантиметр. Ал аябай чыйрак, тырышчаак, акылдуу, анан да автомат экенин айтты. “Эмнеге автомат?” десек, “секундасына канча ок атат билбейм, бирок мен андан үч эсе көп сөз атам” деп күлөт. Ал WWW.SUPER.KG сайтындагы СуперХиттин телевизиондук бөлүгүн жана “Жылдыздар жөнүндө” программасын алып барат. Венера Чүйдүн чыйрак кызы.

Алия Альжанова, 20 жашта. Токмоктун токтоо эмес, тентек кызын сиз клиптерден көрсөңүз керек. Мисалы, Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат", Даниелдин "Көздөрүң карагат". Ошол кыз "Супер ТВда" ви-джей. Тентек дегенибиз, кесиптештери Алия тууралуу “шайыр, шок, дайым тийишкенди жакшы көргөн кыз” дешет. Буга чейин “СМС-чат” программасын алып барчу. Эми жаштардын эс алуусу тууралуу көңүл ачуучу программаны алып бара баштайт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Akjol
2010-12-10 18:24:08
Туулган кунун менен СУПЕР ТВ! Дагы ушундай жаштын кобун жашасын,элибизге талыкпай эмгектене берсин.
0
Inanna
2010-12-11 02:42:51
Bar bolgula, azamatsynar!
0
deva
2010-12-13 09:57:30
Сексуалдуу чон ата жакты!
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан