НАРИСТЕ

Түн. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен бир аял уйкуда жаткан шаарды тиктеп турду. Уйкусу качкан аял креслого отуруп телефонунан жаңылыктарды окуп баштады. Мына, жаңылыктардын биринде Украинада согуш болуп жаткан учурда бомбадан качып метродо баш калкалаган адамдардын арасынан бир наристе жарык дүйнөгө келгени жазылыптыр. Көз алдына дарыгерсиз, дарысыз, ыңгайсыз жерде чабалактап төрөй албай жаткан эне тартылды. Наристенин жарык дүйнөгө келиши канчалык кыйын. “Эгерде адам жарык дүйнөгө ушунчалык кыйын жол менен келерин эркектер сезгенде эч качан согуш башташмак эмес” деп ошол жаңылыктын алдына бирөө жазыптыр. Өзүн эстеди. Автобуста чабалактап төрөй албай жаткан көчөт кыз...

ххх

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, сен ушинтет белең? Мен эми эмне кылам, ия?

Кыздын бетинен чымчып, саксайган чачтарын жулуп бакырып жаткан аялды өз энеси эмес, башка бирөөдөй жатыркай тиктеди Азиза.

– Өзүңдө да бар, жакшылап карабайт белең кызыңды...- деп өчүп бараткан отко май таштап койгонсуп өгөй атасы апасын шыкактап отурду. Азиза алайган көздөрү менен аны жек көрө тиктеп калды эле, тиги көзүн ала кача эмне кыларын билбей кайпактай түштү.

– Мен талааны көздөй кеттим. Иштерим көп.

– Эмне кылам эми?- көздөрүн чакчайткан апасы эки алаканын шак урду.

Азиза эки жашында каза болуп калган атасын эстеди. Эбак өлгөн, көз алдында сүрөтүнөн башка эч нерсеси жок атасын караан кылды ушу тапта. Апасы өгөй атасы өл десе өлөт, тирил десе тирилет, “өз кызыңды алып барып ыргытып ий” десе ыргытып ийет. Ойлонуп отуруп апасы чечим чыгарды.

– Алдырабыз!

“Каалаганыңды кыл” дегенсип Азиза мелтейип койду. Райондун борборуна дегдеңдете жетелеп барса боюндагысына алты айдан ашып кетиптир, врачтар алдырганга макул болбоду. Класс жетекчиси жаш практикант, Бишкектен келген Нурай деген эжей эле. Азизанын акылын, тырышчаактыгын аябай баалачу. Апасынын жетегинде кетип бараткан кызды көчөдөн токтотуп калды.

– Азиза, болгон окуяны уктум, чынбы?- деди ал кызга.

– Сен калдың эле, ары турчу мурдуңду тыкпай,- деди апасы мурдун чүйрүп.

– Эже, сиз...

– Керек болсо силер карашыңар керек болчу, сотко берем силерди да,- ажылдап коё берген апасынан кыз уялып кетти. Эжейин жалооруй карады.

– Кечинде мени күт,- деп шыбыраган эжейи тиги аялга теңелбей басып кетти.

ххх

– Азиза, ким кылды муну?

– ...

– Мен сени жакшы билем, сен өз эркиң менен мындай кылбайт болчусуң, ким баланын атасы?

– Эч ким.

– Коркпо, мен сага жардам берем. Практикам бүтүп Бишкекке кеткени жатам бүгүн. Мага телефон чал, атам менен апам тууралуу айтып бергем сага, аябай боорукер адамдар. Биз сага жардам беребиз. Мына дарек, телефондорум. Жакшылап катып ал.

– Рахмат, эже, бирок мен жашабайм. Мен өлөм! Апамдар мени Мамбет деген 50 жаштагы адамга экинчи аял кылып киргизип беребиз деп жатышат. Ага барганча өлгөнүм артык,- буркурап ыйлап жиберди. Дирилдеген кызды бооруна кысып турду Нурай. Эжейи менен коштошуп үйгө акырын кирген Азиза апасы менен өгөй атасы сүйлөшүп жатканын укту.

– Акмак, мен сен экениңди билбейт дейсиңби,- деп апасынын ый аралаш шыбырап жатканын укту.

– Иттик менден кетти. Алтыным, эми айылга абийирибиз ачылгыча жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын. Азизадан башка өз балдарыбыз бар, алар кантип жашайт элге билинсе?..

– Эшек, кызың менен тең болчу ал,- деп ыйлап жатты апасы.

– Мамбет макул. Кемпири деле “төрөп берсе багып алабыз” деп турат. Никелеп кийирип берели, анан дагы көрөбүз,- шыбырады жанталашкан өгөй ата.

Азизанын бүткөн бою калтырап кетти.

ххх

Бир айдан кийин Азизаны күйөөгө бермекке даярданып жатышты. Китеп салган рюкзагына болгон документин салган Азиза түн кирери менен жолго чыкмак. Нурай эжейи аны күтүп алмак. Эптеп качып кечки автобуска түшкөндө “өх” деди. Нарын–Бишкек жолу. Өңгүл-дөңгүл жолдо автобус секирген сайын көзүнө от чагылып келе жатты кыздын. Бакырып ийбейин деп эрдин каната тиштейт. Бирок болбоду! Жаны көзүнө көрүнүп бакырып жиберди.

– Аа-аа...

Дүрбөлөң түшүп калышты жүргүнчүлөр. Эң арткы отургучта көздөрүн алайткан көчөт кыз... Көздөрүндө салаа-салаа жаш, жалдырай карады жүргүнчүлөргө. Жанына жетип барган аял күбүрөй берди.

– Толготуп келе жаткан тура, бечара...

– Канча калды Бишкекке?

– Бир саат.

– Жок, бир саатка чыдабайт,- деди курсагын кармалай калган аял чечкиндүү сүйлөп. – Автобусту токтоткула. Баарыңар түшкүлө, аялдардан кимдин медициналык билими бар болсо жанымда калгыла!

– Мен акушермин.

Азиза эсин жоготуп бара жатты.

– Кызым, азыр күчүңдү топто, бизге жардам бер. Наристеңе жардам бер. Оо Кудай, өзүң сакта бизди!

Таңга маал улуу тоолорду жаңырта бакырган бала жарык дүйнөгө келди.

– Төрөдү, бечара,- деди бири боору ачый.

ххх

Бишкек шаарындагы төрөткананын биринде жатты Азиза. Баланын да, өзүнүн да дени сак дешти.

– Эмне кыласың, кызыңды таштайсыңбы? Балдар үйүнө өткөрүп бересиңби?-деди төрөткананын башкы врачы.

– Жок, таштабайм.

– Кыйналасың да.

– Кыйналсам да таштабайм!- деди кыз көзүнүн жашын аарчый.

– Азаматсың, коркпо, чоңойтуп аласың, Бишкекте жакын тууганың барбы?

– Эжейим... бар.

ххх

Кызык, ушунун баары анын башынан өтпөгөндөй. Нурай эжейи Азизаны ымыркайы менен үйүнө кабыл алып, жардам берди. Алгач тигүү цехинде иштеген Азиза кийин дизайнер-модельер болду. Азыр ар бир кыргыз тааный турган бизнесвумен, мода дүйнөсүндө аты чыккан айым! 15 жашында наристе болуп туруп наристесин таштабаган эне! “Баары бир караны ак дайым жеңет. Куду капкара түндү сөгүп агарып келе жаткан бүгүнкү таң сыяктуу...” деди ал күбүрөп.

Айлин. Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан