АУТИЗМ – БАЛДАР ООРУСУ

Аутизм – балдар психиатриясындагы эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Аутисттер күндөн күнгө көбөйүп жатат. Буга себеп – диагностиканын өз убагында такталбашы, дифференциалдык диагностика кылынбагандыгы, адистештирилген жардам көрсөтүүнүн деталдуу системасынын жоктугу.

Аутизм диагнозун коюу үчүн негизги симптомдор:

1.Коомдук мамиледе өз ара аракеттенүүнүн жоктугу.

2.Өз ара байланыштын жоктугу.

3.Чектелген же өзгөчө жүрүм-турумдар.

Аутист балдардын баарлашуудагы сапаттык бузулушу:

а) көзгө карабайт

б) мимикасы жок

в) атын атаса, чакырса жооп бербейт

г) өз ара аракеттенүүсүн жаңсоо менен көрсөтө албайт

д) өзү теңдүүлөр менен мамиле түзө албайт же ойнобойт, стресске түшсө, бирөөдөн жардам күтпөйт, кубанычын көрсөтө албайт же бирөө менен бөлүшүүгө албайт. Сүйлөбөйт же аз гана сөз билет, жаңсоо аркылуу да түшүндүрбөйт. Стереотиптүү жана кайталануучу кыймылдар менен бир эле сөздү кайра-кайра кайталайт.

Көп кыймылдоо – гиперактивдүүлүк, угуунун гипо же гипер сезгичтиги, ашыкча сезгичтик, адаттан тыш тамактануу, тамак эмес заттарды жутуу, тиштөө, чайноо, өзүнө зыян келтирүү, оору сезгичтигинин төмөндүгү, агрессивдүү көрүнүштөр, маанайдын өзгөрүп турушу.

Аутизмдин түрлөрү:

Типтүү эмес аутизм. Бул түрүндө оору 3 жашында башталат. Акыл-эси артта калат, сүйлөөнүн бузулушу жана жогорудагы көрсөтүлгөн симптомдор байкала баштайт.

Ретт синдрому. Бала 1,8-2 жашка чейин нормалдуу чоңоёт. Бул түрү көбүнчө кыздарда кездешет. 1,8-2 жаштан кийин кыймылы монотондуу жана максаттуу эмес, сүйлөөсү кыйындайт, жооптор монотондуу, эхолалиялык болуп калат, кээде таптакыр сүйлөбөй калат. Баланын жүзү бара-бара кайгылуу, көз карашы башкача болуп калат же бир чекитке кадалып туруп калмай адаты пайда болот. Кээде катуу күлүшү мүмкүн, импульсивдүү кыймылдайт. Кээ бир балдарда талма пайда болот.

Дагы бир түрүндө
2 жашка чейин жакшы өсүп, андан кийин артка кетет. Бала кежир, гиперактивдүү, жүрүм-туруму өзгөрөт, сүйлөө жөндөмүн жоготот. Бала ичеги жана табарсыкты башкарууну жоготот.

Аспергер синдрому түрүндө белгилер көп билинбейт. Баланын аң-сезими жана сүйлөөсү нормалдуу болот. Бул балдар социалдык жактан адаптацияланган кээ бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат: башка балдар менен ойноп кете албайт, башка балдардын мимикасын түшүнө албайт, себеби башка адамдардын ойлорун түшүнүп кете алышпайт, тамашаларды, анекдотторду түшүнүүдө кыйналат. Кыйынчылык менен достошот. Көрүү, угуу, тактилдик, жыт сезүү сезими өтө жогору болуп, алардын көбү көрүнүктүү жазуучу, сүрөтчү, ырчы, музыкант болушу мүмкүн. Стереотиптик кыймыл-аракеттер кездешет. Кептин жана аң сезимдин өнүгүүсүндө олуттуу артта калуу жок. Бир жактуу монотондуу кылып сүйлөп жүрө беришет.

Клиникалык практикада диагноз 3 жаштан же андан жогору жашта коюлат. Азыр эң акыркы маалымат боюнча мультидисциплиналык ыкма уюштурулушу керек. Бул топко педиатр, психиатр, невролог, логопед кирет. Көп тармактуу адистердин тобу аутизмге шектелген бардык курактагы балдарды текшерүүгө, ооруну эрте аныктоого, дарылоону жана реабилитациялоону эрте жашынан баштоого мүмкүндүк берет. Канчалык дарылоо калыбына келтирүү чаралары эрте башталса айыгууга ошончолук мүмкүндүк түзүлөт.

Бишкек шаарындагы филиал:

МЗКР НГМУ №3995

Бишкек шаары, Жал-23 кичи району, 18/2 үй (Төмөнкү Жалдагы мектептин жаны)

Тел.: 0552 353737 (Whatsapp), 0704 353737

Инстаграм: reacentr.kg

Ош шаарындагы филиал:

“Нейролайф” медициналык борбору;

МЗКР НГМУ №2752

Ош шаары, Р.Абдыкадыров көчөсү, 752.

Тел.: 0552 105151 (Whatsapp), 0777 545151

Инстаграм: neirolife.osh

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан